9-МАЙ УЛУУ ЖЕҢИШТИН 72 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА УЮШТУРУЛГАН КИЧИ ФУТБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Бүгүн, 9-майда Жеңиш күнүнүн урматына өткөрүлүп жаткан спорттун кичи футбол түрү боюнча мелдеш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Нарын шаардык мэриясы жана шаардык дене-тарбия, спорт жана жаштар бөлүмү тарабынан уюштурулган мелдешке Нарын шаарынын 5 аймагынан жана Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунун оюнчулары катышышты.

Эки күнгө созулган мелдештин жыйынтыгында биринчи орунга Нарын шаарынын Москва аймагынын футбол командасы чыгып 30 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болушса, экинчи орунду Борбордук аймактын оюнчулары утуп 20 миң сом, ал эми үчүнчү орунга Ак-Коргон-Төш-Булак аймагынын оюнчулары чыгып 10 миң сом сыйлыкка ээ болушту.

Мындан сырткары, мелдешке катышып бирок байгелүү орун албай калган командаларга жана командалардын мыкты деп табылган оюнчуларына да акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ботоканов, Өкмөттүн облустагы өкүлдүн орун басары Ж.Ибраева, «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын директору Бектурганов Жолдошбек, спорт ышкыбоздору, шаар тургундары жана башка меймандар катышышты.

Белгилей кетсек, спорттук мелдештин башкы демөөрчүсү болгон «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын байге фонду 100 миң сомду түздү.

Добавить комментарий