9-январда Нарын шаарындагы Т. Токтосунов атындагы жабык муз аянтында хоккей боюнча эл аралык турнир башталды.

Турнирдин салтанаттуу ачылыш аземинде Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов  Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесинин алкагында  «Ташболот Токтосуновдун» кубогуна арналып ɵткɵрүлүп жаткан  эл аралык мелдешке Россиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын аймактарынан келип катышып   жаткан хоккейчилерге, ошондой эле жергебизге заманбап муз аянтын куруп берген жана мелдештин демилгечиси болгон Ташболот атабызга, анын уулдарына Нарын шаарынын элинин жана шаардык мэриянын атынан тереӊ ыраазылык билдирди. Муну менен катар мындай иш чаралар биздин жаш спортчуларыбыз үчүн стимул болуп, Теӊир Тоонун коюнунан Кыргызстандын желегин бийик желбиреткен хоккейчилер чыгаарынан үмүтү чоӊ экенин, ɵлкɵбүздүн жаш хоккейчилеринин жаӊы жыл алдындагы Америкадагы, Малайзиядагы жеӊиши келечекке зор ишеним арттыраарын белгилеп, бул мелдеш эл аралык ынтымактын, достуктун жарчысы болуусуна тилектештигин жолдоду.

Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Депутаттардын Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Жыргал Ботоканов, турнирдин уюштуруучусу жана демилгечиси, жеке ишкер, «Ала Тоо-Нарын» спорт клубунун жана «Нарынские ястребы»  хоккей клубунун Президенти Нурбек Токтосунов да   турнирдин ийгиликтүү ɵтүүсүнɵ жакшы тилектерин билдиришти.

Турнирдин ачылышында Россия Федерациясынын «Челябинск»  командасынын капитаны, Челябинск шаардык Кеӊешинин тɵрагасы, Россия шаарлар Союзунун Президенти Станислав Мошаров Челябинск шаарынын эли хоккейди сүйгɵн, хоккей менен жашаган жана жакшы түшүнгɵн эл экенин, алардын легендарлуу хоккей клубунун түзүлгɵнүнɵ 70 жыл болгонун айтты. Ошондой эле турнирге чакыруу алганына чын жүрɵктɵн ыраазы экенин, ушул жердегидей түзүлгɵн шартта Нарын шаарынан хоккей боюнча дүйнɵнүн чемпиондору чыгаарына ишенээрин белгилеп, Нарын шаарынын мэри, кесиптеши Эмилбек Алымкуловго белегин жолдоду. Ушундай эле каалоо-тилегин Казакстандын командасын жетектеп келген Сагадат Абдыкапаров да билдирди.

Турнирдин биринчи оюнунда Россия Федерациясынын «Челябинск» командасы менен Казакстандын Алма-Ата шаарынан келген «Энбек» командасы беттешип, 8-2 эсебинде «Челябинск» командасы алгачкы жеӊишти камсыздады. Учурда оюндун кийинки беттешүүлɵрү кызуу уланууда.

Турнирдин уюштуруучусу Нурбек Ташболот уулунун айтымында, жеӊүүчүлɵрдү ɵтмɵ кубок, медалдар жана 500, 300, 200 доллар ɵлчɵмүндɵгү акчалай сыйлыктар күтүүдɵ.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Назгүл Мүсүралиева, Нарын шаардык мэриясынын пресс катчысы.

Добавить комментарий