MSDSP KG КООМДУК БИРИКМЕСИНИН КОЛДООСУ МЕНЕН ИШКЕ АШКАН ДОЛБООРЛОРДУН ПРЕЗЕНТАЦИЯСЫ ӨТТҮ

Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында Канада Ѳкмөтүнүн өкүлдөрүнө Нарын шаарында 2014-2017-жж. ишке ашкан долбоорлор боюнча кыскача презентация сунушталды. Жалпы ишке ашкан долбоорлор боюнча MSDSP KG коомдук бирикмесинин өкүлү Ч.Сапарова билдирүү жасады.

Анда ал 12 адамдан турган Координациялык Кеңештин курамы 21 адамга чейин көбөйгөндүгүн жана ага жарандык коомдун өкүлдөрүнөн көбүрөөк жаран тартылганын маалымдады. Ошондой эле Кеңеш атайын Жобого жана Регламентке ылайык иш алып барып, элдин кызыкчылыгын эске алуу менен сунуш берүү мүнөздө, долбоорлорду ишке ашырууга, мониторинг жүргүзүүгө көмөк көрсөтүп, Координациялык Кеңеш-бийлик өкүлдөрү, мекеме, ишкана жетекчилери жана коомчулуктун чогулуп, шаардын көйгөйлөрүн жана анын чечүү жолдорун талкуулаган аянтча болгондугун белгиледи.

MSDSP KG коомдук бирикмесинин жарандык коомдун мүчөлөрүнүн, бейөкмөт уюмдардын демилгелерин колдоо боюнча чакан гранттарга сынак жарыялап, ал программа аркылуу 3 мини проект жактырылганын айтып, аларга кеңири токтоло кетти.

Алардын бири “НАОП” коомдук бирикмесинин “Вместе мы сделаем город лучше”  долбоору, MSDSP KG коомдук фондунун  530 миң сомдук грантына ээ болду. Долбоор аркылуу калкты шаарды таза кармоого, тазалыкты сактоого үндөгөн видеороликтер даярдалып, жаштар арасында сынактар өтүп, “Тазалык өзүбүздөн башталат” деген аталышта 250 журнал иштелип чыгып, шаардагы орто жана жогорку окуу жайларга таратылган. Ушул эле долбоордун алкагында Европадан 3 газоанализатор алынып келип, бүгүнкү жолугушуунун жүрүшүндө,  Нарын шаардык суу канал ишканасынын жумушчуларына, кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу жана коопсуздугун сактоо максатында тапшырылды.

Ал эми “Нарын-Ларк-1” коомдук фондунун “Нарын шаардык суу канал ишканасынын кызматкерлеринин калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүдө коопсуздугун камсыз кылуу боюнча” 296 миң сомдук долбоору аркылуу, ишкананын жумушчулары заманбап атайы кийимдер жана коргонуучу жабдыктар менен камсыз болушкан. Мындан сырткары коопсуздук техникаларын сактоо жана коргонуучу жабдыктарды пайдалануу боюнча окутуу модульдары эксперттердин жардамы менен иштелип, суу канал ишканасынын жумушчуларына окутуулар уюштурулду. Таза ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдалануу жана канализациянын түтүктөрүн туура пайдалануу боюнча видеороликтер даярдалган.

“Калыс” ТСЖсы Таза-Нарын ишканасынын эффективдүү ишмердүүлүгү үчүн шарттарды түзүү долбоорун MSDSP KG коомдук бирикмеси 377 миңге ишке ашырып, ал аркылуу ишкананын 14 техникасына GPS мониторингдери орнотулду, 35 таштанды төгүлүүчү жайларга бетондон жолдор жаткырылды. Шаар тургундары менен элдин экоаңсезимин көтөрүү жана айланасындагы тазалыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштер жүргүзүлүп, жыйындар өткөрүлгөн.

Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов жыйындын жүрүшүндө, шаардын көйгөйлөрүн чечүүгө активдүү катышып, сунуш-пикирлерин билдирип, салымын кошуп мэрия менен кызматташып жаткан Координациялык Кеңештин мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, коомдук уюмдардын шаардын өнүгүүсүнө жакындан катышуусу калкты туура жакка үндөөгө, мобилизациялоого таасир берет деген оюн билдирди.

Добавить комментарий