Нарын шаардык билим берүү бөлүмү

Бала бакчаларга онлайн кезекке туруу Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн официалдуу сайтында жүргүзүлүүдө, адреси: www.naryn.edu.kg

Нарын шаардык билим беруу болуму боюнча жалып маалымат

 

Билим берүү тармагы боюнча: 

Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу  8 мектеп, 7 балдар бакчасы келечек муундарга билим, тарбия берип келүүдө. Шаардык билим берүү бөлүмү  билим берүү мекемелеринде билим сапатын көтөрүүгө өзгөчө көӊүл буруп, негизги максаттары болуп мамлекеттик стандарттардын деӊгээлинде окутуу-тарбия иштерине жаӊы инновациялык ыкмаларды колдонуу, компьютерлештирүүгө өтүү, окуу китептери менен камсыздоо, материалдык-техникалык базаны чыӊдоо, педагогикалык кадрлардын сапаттык курамын жакшыртуу, чыгармачылыгын арттыруу маселелерине  басым жасап өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.

Окуучуларга билим  тарбия берүүдө мектептерде 541(517  2018-2019-окуу жылындагы көрсөткүчтөр)  мугалим, балдар бакчаларында 115 тарбиячы-педагог эмгектенет, 480 сааттык мектепке даярдоо “Наристе” программасы  боюнча 21орус класс, 5 кыргыз класс баардыгы 26 класс комплектиси ачылды.  Нарын шаарындагы орто мектептерде 2018-2019-окуу жылында 0 класстарды кошкондо 8609  окуучу,ал эми 0 классты эсептебегенде 7883  окуучу окуу жылын    аякташкан.

Ал эми 2019-2020-окуу жылында бардыгы 0 классты кошкондо 8609  окуучу ал эми 0 классты кошпогондо 8187 (7883)  окуучу менен   окуу жылы башталды.  Бүгүнкү күндө  жеке менчик балдар бакчаларын кошкондо   балдар бакчаларына жалпы  2742 бала  ( 2018-ж -2598)  бала   билим тарбия алышууда.2019- 2020-окуу жылынын жылдын 1-жарым жылдыгында Нарын шаардык  билим берүү бөлүмү тарабынан мектептердин  окуучуларынын билим сапатын аныктоо максатында мониторинг жүргүзүлүп,жыйынтыгында билим сапаты  жалпы 55% болду:

Мектептердин аталышы2018-2019-окуу жылы2019-2020-окуу жылынын 1 жарым жылдыгы 1Токтогул атындагы №1 орто мектеп49%53%2В.П.Чкалов атындагы №2

мектеп-гимназия

58%58%3Э.Ибраев атындагы №4 орто мектеп54%52%4К.Жакыпов атындагы №5 орто мектеп51%55%5М.Сыдыков атындагы №7 орто мектеп59%58%6 №8 орто мектеп56%58%7 №9 орто мектеп50%51%8Ж.Чолпонбаев атындагы №10 мектеп54%57% Баардыгы: 54,3%55%

  2018- жылы Жалпы Республикалык Тестирлөөнүн  жыйынтыгы боюнча билим сапаты  63,2%ти түзсө,2019-жылы 66.2% болуп 3% өсүш  берди:

№1 Токтогул о/м37511172201056В.П.Чкалов м/г720527201091093№4 Э.Ибраев о/м204353410065№5 К.Жакыпов о/м2537152100060№7 М.Сыдыков о/м689142510801166№8 А.Буйлаш уулу о/м6710122314620067№9 А.Садыков  о/м183573110056№10 Ж.Чолпонбаев о/м33381210500067Баардыгы:34040531346036133166,2Мектептин аталышы2019-ж ЖРТ окуучу саны90 балл90-110 баллга чейин110 баллдан 130 балл130 балл 150 балл150 балл

170 балл

170 балл 190 балл190 балл

200 балл

200 баллБилим сапаты

2019-2020-окуу жылында шаардык олимпиадага   314 окуучу катышып,облустук олимпиадага  36 окуучу катышууга жолдомо алышты.

2018-2019-окуу жылында Нарын шаарынын мектеп окууучуларынын  олимпиадасында 1-

орун А.Буйлаш уулу атындагы №8 орто мектеп, 2-орун В.П.Чкалов мектеп-гимназиясы, 3-орун М.Сыдыков атындагы №7 орто мектеп алса,ал эми 2019-2020-окуу жылында1-орунга  №10 Ж.Чолпонбаев орто мектеби, 2-орун №7 М.Сыдыков орто мектеби,3-орун  №5 К.Жакыпов орто мектептери ээ болушту.

   2018-2019-окуу жылында республикалык олимпиадага 5 окуучу катышып,байгелүү орунга жетишкен жок.     

2019-2020-окуу жылында шаардык олимпиаданын жыйынтыгы

Мектептин аталышы1-орун2-орун3-орунОрун алган окуучулардын саныЭэлеген орду1№1Токтогул о.м1012VII2№2 Чкаловмектеп гимна0314VI3№4 Э.Ибраев о.м0112VIII4№5 К.Жакыпов о.м1214III5№7 М.Сыдыков о.м3126II6№8 А.Буйлаш о.м1326IV7№9 А.Садыков о.м1012V8№10 Ж.Чолпонбаев о.м32510IБаардыгы:10111436 

         Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүү уюмдарынын программаларын артыкчылык менен өздөштүргөн  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык жалпы орто билими тууралуу артыкчылык менен “Алтын тамга” аттестатын алууга 2017-2018-окуу жылы  311 окуучудан 24 окуучу талапкерлер болуп катышып, М.Сыдыков атындагы №7 орто мектебинин 2 окуучу артыкчылык аттестатын алышкан.  

Ал эми 2018-2019-окуу жылында жалпы бүтүрүүчү 340 окуучудан  “Алтын тамга” артыкчылык аттестатын алууга 27 окуучу талапкер болуп, 1 окуучу М.Сыдыков атындагы №7 орто мектебинин 11 классынын окуучусу Мирбекова Айдай Мирбековна”Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болду.   

    Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргызстандын “Эл аралык билим берүү боюнча америкалык кеӊеш” өкүлчүлүгүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ““FLEX”” аталыштагы жогорку класстардын окуучуларынын эл аралык алмашуу программасынын алкагында 2019-2020-окуу жылына карата өткөрүлгөн конкурста жеӊип чыккан  М.Сыдыков атындагы №7 орто мектебинин 11-классынын окуучусу Садыркулов Азимбек Канатович “FLEX” программасы боюнча Америка Кошмо Штатындагы мектепте окуп жатат.

Китеп менен камсыз болуу: Окутуу  кыргыз  тилинде жүргүзүлгөн  мектептерде  окуу китептери менен камсыз болуусу  91,19%(2018-ж 81,8%) түзсө,окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде китеп менен камсыз болуу 83,7%ти(2018-ж- 84%) азайышынын себеби 3 жылда бир жолу жараксыз окуу китептери списаниеге чыгарылган.

Мектептин аталышы 2018-2019-жыл2019-2020 жыл кыргыз классорус класстакыргыз классорус класста1№1Токтогул о.м65,55%49,480,4753,32№2 Чкалов м/г091,3%092,6%3№4 Э.Ибраев о.м77,6%50,4%90,4483,26%4.№5 К.Жакыпов о.м80,3%59,7%96,1476,07%5№7 М.Сыдыков о.м93,5%58,0%95,1284,72%6.№8 А.Буйлаш о.м96,4%55,5%85,097,00%7№9 А.Сыдыков о.м73,1%49,8%95,3973,17%8№10 Ж.Чолпонбаев80,8%51,5%95,8073,17%Жалпы:81,8%84%91,1983,7%

2018-жылы 214 мугалим билимин өркүндөтүүгө катышса ,2019-жылы 264  мугалим ар кандай курстарда билимин өркүндөтүүгө катышты:

 

Кайсы тараптан өттү2018-2019   окуу жылы2019-2020 окуу жылы1НМУнун алдындагы мугалимдердин билимин жогорулатуу борбору83 мугалим жана тарбиячылар92 мугалим жана тарбиячылар2Бишкек шаардык билимин жогорулатуу борборлорунан70 мугалим54 мугалим3Эл аралык тренингдер20 семинар-тренинг68 семинар -тренинг4Жаны китептерди аппробациядан өткөрүү15 мугалим катышкан2 мугалим Адам жана коом сабагы боюнча катышууда5Ага-Хан үзгүлтүксүз билим берүү мектебинен26 мугалимМатематика мугалимдеринен 22

Англис тили мугалимдери 26  билимин жогорулатышты.

 Жалпы: 214 мугалим 264 мугалим

         

         

      

Мектептердин компьютер менен камсыз болуусу боюнча:

       

Нарын шаары2017-20182018-20191№1 Токтогул о/м23262№2 Чкалов м/г25333№4 Э.Ибраев о/м15174№5 К.Жакыпов о/м665№7 М.Сыдыков о/м20306№8 орто мектеп14157№9 орто мектеп16168№10 Ж.Чолпонбаев о/м1216 Баары:131159

2018-жылы 131 компьютер болсо, 2019- жылы 159 компьютерге  жетти. Бирок бул көрсөткүч дагы эле өтө төмөн.

№1 Токтогул о/м 26/23, №2 Чкалов-33/25, №4 Э.Ибраев-15/17, №5 К.Жакыпов 6/6, №7 М.Сыдыков- 30/20, №8 А.Буйлаш уулу 15/14, №9 А.Садыков -16/16, №10 Ж.Чолпонбаев-16/12 жалпы 159 компьютер, ал эми иштегени 99 компьютер Видео көзөмөл: 

Мектептерде зордук зомбулукка байланыштуу маселелерди алдын- алуу максатында 8 мектепке 79 ,ал эми  7 бала бакчага 64 видео көзөмөл коюлду.   Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Нарын шаарындагы №1 Токтогул  орто мектебинин жана №2 В.Чкалов мектеп-гимназиясынын базасында “2019-жыл-Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүүнүн орду” атуу облустук семинар өткөрүлүп ”Электрондук китепкана” долбоорун мектептерге киргизүү боюнча практикалык сабактар көрсөтүлдү.

2018-2019-окуу жылында  шаардагы №1,№2,№7,№8 мектептерге интернет оптика-була  кабель,ал эми калган мектептерге  АДСЛ кабель аркылуу киргизилди. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүндө сайт ачылып, мектептерде окуу-тарбия иштеринде жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар, ар кандай спорттук мелдештер, окуу-тарбия иштериндеги жетишкендиктер жарыяланып жатат.

Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү мекемелерине балдарды кабыл алуу электрондук кезек менен онлайн түрүндө жүргүзүлүүдө.2019-жылы  күндө сайт аркылуу электрондук кезекке 1150 бала катталып,306 бала бакчага кабыл алынды.

Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн бардык кызматкерлери иш кагаздарын электрондоштуруу боюнча “Микротик” орнотулуп, E-кызмат системасына киргизилди. Ошондой эле 2020-жылы мектептерге “Электрондук китепкана”,”Электрондук күндөлүк” жана “Электрондук журнал” киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.           

Инвестициянын тартылышы боюнча: 2018-2019-окуу жылынын 1-сентябрына карата мектептер  4590,0 миӊ сом,ал эми бала бакчалар 1309,0 миӊ сом инвестиция тартышкан.

Алсак,№5 Кычан мектебине Мерсико тарабынан ички  ажааткана ,бүтүрүүчүлөр тарабынан сквер курулган,№7 М.Сыдыков мектебине 10дон ашык класстын эшиктери ,мектептин дарбазасы  жаӊыртылып,2 класстык бөлмө жана актовый зал  ремонттон өткөрүлүп,Россия Федерациясынын Кыргызстандагы өкүлү аркылуу 480,0 миӊ сомдун китептери алынды.№2 В.Чкалов мектеп-гимназиясы Евросоюздун “Коопсуз мектеп” долбоорунун алкагында 760,0 миӊ сомго(10,0 миӊ евро) мектептин ички жарыктанышы толук жаӊыртылып,видео көзөмөлдөр коюлуп,ноутбук,интерактивдик доска, проекторлор алынып,пожарный звонок  орнотулду.,№9 А.Садыков мектебине Мерсико тарабынан ашканасы толук ремонттон өткөрүлүп,ашкана жабдыктары алынып берилди.

Ал эми  бала бакчаларга   эӊ керектүү болгон шкаф,стул,стол,доска,кроваттар сатылып алынып, видеокамералар орнотулду.

Ошондой эле Ага Хан уюму менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, долбоорго катышкан    №1 Токтогул орто мектебинин  актовый залына  2,0 миӊ долларга  театралдык стулдар,№2 Чкалов,№5 Кычан,№7 М.Сыдыков жана №8 А.Буйлаш уулу  орто мектептеринин ар бирине   бирден  класс комплект 2,0 миӊ долларга чейин парта,стул,стол жана шкафтар сатылып берилди.

Мекеменин аталышы

 

2017-2018-окуу жылынын 1-сентябрына карата2018-2019-окуу жылынын 1-сентябрына карата1№1 Токтогул 1740002№2 Чкалов м/г 9649763№4 Э.Ибраев2800002175004№5 Кычан28000011200005№7 М.С ыдыков28000012565106№8 А.Буйлаш уулу2800001304007№9 А.Садыков 5364148№10 Ч.Чолпонбаев 190770 Баары:11200004 590 570    9№2”Чебурашка”б.б.66200011950010№”4 Наристе-Нур”б.б.1044003000011№14”Алтын балалык б.б.249800011985012№15”Бактылуу балалык”б.б.128200070000013№16”Ыйман”б.б.28000061000014№17”Ынтымак”б.б.6910011900015№18”Ак-Дил”б.б.31260080000 Баары:13212001 309 350

 

 Ремонт иштери:

         Бала бакчалардын кезектеги ремонт иштерине жергиликтүү бюджеттен 640,0 миӊ сом бөлүнүп,  тендер менен 576,934 миӊ сомго керектүү каражаттар алынып бакчалардын ички ремонт иштери толук бүткөрүлдү.

 Мектептерге жалпы кезектеги ремонт иштери үчүн  республикалык бюджеттен 719,06 миӊ сом  бөлүнүп, тендер менен 648,07 миӊ сомго ремонт иштери үчүн каражаттар алынып, мектептердин ички ремонт иштери жасалды. Бирок №1,,№5,№7,№8 мектептердин спорт залдарынын ремонтуна каражат жетишсиз болуп,жергиликтүү бюджеттен 60,0 миӊ сом бөлүнүп берилип ремонт иштери жасалды.

   Нарын шаарындагы бардык 8 мектептерде 1-4-класстардын окуучуларына  ысык тамак берилет.

2018-2019-окуу жылында башталгыч класстардын  3569 окуучуларына  ысык тамак үчүн  мамлекеттик бюджеттен 4949,0 миӊ сом бөлүнүп берилген. 

№1 Токтогул орто мектеби БУУнун азык түлүк программасынын,ал эми №2,№9,№10 мектептер Мерсиконун программасы аркылуу балдардын санына жараша ун,күрүч,буурчак жана өсүмдүк майы берилип жуманын 5 күнү теӊ ысык тамак берилип жатат.№4,№5,№7 жана№8 мектептерде ата-энелердин жардамы менен (120 сом 1 айга),жуманын  5 күнү ысык тамак уюштурулуп берилүүдө.

Ал эми бала бакчаларда 2529 балага жергиликтүү бюджеттен 4924,0 миӊ сом бөлүнүп,1 күнгө 43-45 сомдун тамагы берилүүдө.  Базардагы азык-тулүктөрдүн баалары өсүп жаткандыгына байланыштуу  талапка ылайык көрсөтүлгөн суммалар балдарды нормага ылайык  тамактандыруу үчүн өтө эле аздык кылат.  Балдар толук кандуу тамактаныш үчүн норма боюнча бүгүнкү күнү 65-70 сом болуш керек.

Ошондуктан  шаардагы   бала бакчаларга барган балдардын күнүмдүк тамак-аш рационун жогорулатуу үчүн 2020-жылдын январь айынан баштап жергиликтүү бюджеттин эсебинен ар бир балага кошумча  2 сомдон  кошуп берүү ( 2529 балага 1 күнгө 4952 сом *195 күнгө  965,64 миӊ сом)  жана  ата-энелердин тамак үчүн бере турган взносун 2020 жылдын

январынан баштап 100 сом кошуп 700 сомго көтөрүп берүү жагын өтүнүп, Нарын шаардык мэриясы шаардык Кеӊешке   сунуш жиберди.

 Жайкы эс алуу:Мектеп окуучулары үчүн жайкы каникулду уюштуруу боюнча тапшырмалар берилип Нарын шаарындагы 7 бала бакчанын астында 350 балага эсептелинген балдардын жайкы эс алуу борборлору уюштурулду. 

Шаардагы  “Билимканада” балдардын жайкы эс алуу лагери уюштурулуп, 2019-жылдын 3-июнунан 1-июлга чейин 2 смена менен 57 бала эс алышты(баасы: тамак ашы менен  

3,0 миӊ сом). Жайкы лагерде балдар эс алуу менен бирге, сабактардын  расписаниеси түзүлүп окуу иштери дагы жүргүзүлдү.

Нарын шаарындагы жетим ,  аз камсыз  болгон   үй-бүлөөлөрдөн 14 бала   Ысык-Көл  районунун  Кара-Ой айлындагы “Акун” пансионатында,8 бала “Улан” балдардын  ден соолугун  чыӊдоо борборунда  эс алышты.

  Нарын шаардык мэриясынын демилгеси менен  жергиликтүү бюджеттен 100,0 миӊ сом  акча каражаты бөлүнүп, шаардагы жетим,жарты жетим жана социалдык колдоого муктаж үй-бүлөөлөрдөн 34  бала  Ысык-Көл  районунун Кара-Ой айлында  жайгашкан «Илим» балдардын  ден соолугун  чыӊдоо борборунда    эс алып келишти. Нарын шаары боюнча 2019-жылы  жалпы 120 бала Ысык-Көлдөгү  жайкы  лагерлерде эс алышты.

2019-жылы   жергиликтүү  бюджеттен  Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө  ар кандай иш —чараларды  өткөрүү үчүн  380,0 миӊ сом акча  каражат бөлүнүп , анын эсебинен мыкты окуган окуучуларга  мэрдин стипендиялары, шаардык жана облустук олимпиадалардын жеӊүүчүлөрүнө  , “Жылдын жаш мугалими” “Жылдын мыкты тарбиячысы”  конкурстардын

,ар кандай кароо сынактардын жеӊүүчүлөрүнө  сыйлыктар берилип, мугалимдердин жайкы эс алуусун уюштурууга  жумшалды.Мэрдин стипендиясы 67 окуучуга жана 5 мугалимге  1,0 миӊ сомдон,жалпы 72,0 миӊ сом берилди.

2019-жылы бир катар жемиштүү аракеттер болгону менен ,айрым маселелер боюнча күткөн натыйжаларга жетишилген жок.

Алсак,Бала бакчалардын жетишсиздиги өтө эле көйгөйлүү бойдон калууда.Бүгүнкү күндө бала бакчага тартылган балдардын саны 2742 же 43,3 %ти түздү.

Жаӊы жана эски муундагы компьютерлер менен шаардын мектептери болгону 35 % камсыз болгон.

Ошондой эле талантуу окуучулар менен багыттуу иш жүргүзүлбөгөндүктөн 2019-жылы  шаардын мектеп окуучуларынын облустук жана республикалык олимпиадалардагы көрсөткүчү төмөн бойдон калууда.Алсак облустук олимпиадада  5 окуучу 1-2орундарды ээлешсе,  республикалык олимпиадада бир дагы окуучу  байгелүү орунга жеткен эмес.  Ал эми  2019- жылы ЖРТнын жыйынтыгы боюнча 340 окуучудан   200 баллды 1 окуучу гана алып, 2018-2019-окуу жылында “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына бир гана   окуучу татыктуу болгон. 2019-жылы 264  мугалим ар кандай курстарда билимин өркүндөтүүгө катышса,  атайын каражат каралбагандыктан Бишкек шаарындагы республикалык мугалимдердин билимин жогорулатуу курстарынан  54 мугалим  өтүп келишти.

      

Добавить комментарий