ЖЕР МАМИЛЕЛЕРИН ЖӨНГӨ САЛУУ ТАРТИБИ

 

Кыргыз Республикасындагы жер мамилелери, жерди пайдалануу укуктарынын пайда болуу негиздери, ушул укуктарды ишке ашыруу менен аны токтотуунун тартиби, аларды каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде каралган. Аталган кодекс жерге болгон мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчиктин шарттарындагы жер-рынок мамилелерин түзүүгө жана жерди сарамжалдуу пайдаланууга жана коргоого багытталган. Мындан тышкары, жер мамилелери өлкөбүздүн башкы мыйзамы болуп саналган — Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле, аларга ылайык чыгарылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары, Жогорку Кеңештин токтомдору, Министрлер Кабинетинин токтомдору менен жөнгө салынат.

— Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун жынысына, расасына, аялуу болушуна, этностук таандыктыгына карабастан, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандарына гана; жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогуна муктаж катары кезекте тургандарга жана бул жер участокторун алууга мыйзамдуу негиздери бар адамдарга бере алышат.

КР Жер кодексинин 32-беренесине ылайык (Жер участогун менчикке же пайдаланууга акысыз берүү), жер участогу Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу, атап айтканда: турак үйдү курууга жана тейлөөгө жана белгиленген ченемдер боюнча өзүмдүк көмөкчү чарба жүргүзүүгө жана дача курууга, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жер үлүшүнө укугу бар жарандарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө берилет.

Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун алуу укугуна административдик-аймактык бирдиктин аймагында үч жылдан кем эмес жашаган – Бишкек жана Ош шаарлары үчүн, ал эми башка аймактарда (айылдык аймактарда жана башка шаарларда) – бир жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны; Кыргыз Республикасынын (бүткүл) аймагы боюнча мурда жеке менчик турак үй курууга берилген жер участогу жок жаран; турак жай аянты белгиленген санитардык нормаларга жана талаптарга жооп бербеген жарандарды кошпогондо, менчик турак жайы (үйү, квартирасы) жок жаран; акыркы 5 жылдын ичинде сатуу-сатып алуу, алмашуу, тартуулоо ж.б.у.с. бүтүмдөрдү түзүп, менчигинде турган турак жайды үчүнчү жактарга берүү менен өзүнүн турак жай шарттарын начарлатууга багытталган жарандык-укуктук иштерди жасабаган жаран ээ боло алат.

Жеке менчик турак үй куруу үчүн жерди берүүдө бир катар өзгөчөлүктөр эске алынышы зарыл. Атап айтсак, жер тилкесин Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине акысыз берүү бош жерлер болгон шартта ишке ашат. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогу калктуу конуштардын башкы пландарына ылайык, ал эми ал жок болсо – облустун, шаардын, райондун башкы архитектору менен макулдашылган башкы пландардын схемасына ылайык берилет. Жер участокторун берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруу тийиштүү ыйгарым укуктуу орган (ЖӨБдүн аткаруу органы) түзгөн комиссия тарабынан ишке ашырылат, анын компетенциясына жогоруда көрсөтүлгөн максаттар үчүн жер участогун берүү кирет.

Берилчү объект болуп тийиштүү аймакта жайгашкан жана менчикке берилиши мүмкүн болгон жер участоктору эсептелет.

Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн өлчөмүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү өкүлдүк органдары (жергиликтүү кеңештер) аныкташат.

Жеке менчик турак үй куруу үчүн берилчү жер участоктору үчүнчү жактардын укуктарынан бош болушу жана жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүргүзүү үчүн чектөөсүз болууга тийиш.

Жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун тиешелүү органынын расмий сайтына (эгер болсо) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторунун берилери жөнүндө кулактандыруу жарыяланат, мында коомдук угуу боло турган дата жана жер, ошондой эле жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун алуучу жарандардын тизмеси көрсөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участоктору тапшырган арыздарына ылайык кезегине жараша ирет менен берилет. Белгилей кетсек, буга 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгон адамдардын балдары, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда жаракат алып, майып деп таанылган адамдар жана курман болгондордун балдары кирбейт, аларга жер участоктору биринчи кезекте берилет.

Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан бекитилген типтүү жободо көрсөтүлгөн. Ага ылайык, жер участокко менчик же ижара укугун берүү боюнча ачык тооруктар аукцион жана конкурс түрүндө өткөрүлөт. Жер участоктор ижарага 50 жылга чейинки мөөнөткө берилиши мүмкүн. Жер участокторду ижарага берүү мөөнөтүн ыйгарым укуктуу орган аныктайт. Тоорукту ыйгарым укуктуу орган уюштурат. Тооруктарга жана түз сатууларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке адамдар жана юридикалык жактар катыша алышат. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери менчикке берилбейт. Өзгөчө учурларда аларды ыйгарым укуктуу орган беш жылга чейинки кыска мөөнөттүү ижарага бериши мүмкүн. Мындай жерлерде жеңилдетилген типтеги имараттарды жана курулмаларды курууга уруксат берилиши ыктымал.

 

Нарын   облустук сотунун судьясы  Жунусов Ш.Т.

 

 

 

Добавить комментарий