Ага Хан фондунун ɵнүктүрүү боюнча уюмунун (АКДН) Кыргыз Республикасындагы ɵкүлү Шамш Кассим-Лакха мырза менен шаар мэри Р.Адиев жолугушту

22-ноябрда, Нарын шаарында Ага Хан фондунун ɵнүктүрүү боюнча уюмунун (АКДН)  Кыргыз Республикасындагы ɵкүлү Шамш Кассим-Лакха мырза атайын иш сапары менен болду. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Иш сапар учурунда Шамш Кассим-Лакха мырза баштаган топту, шаар мэри Р.Адиев жана Ѳкмɵттүн облустагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү А.Кайыпов, Ага Хан фонду тарабынан Нарын шаарынын аймагына курула турган диагностикалык борбор, бала бакча жана мейманканага ылайыктуу жер аянттары менен тааныштырып чыгышты.

Белгилей кетсек, жер аянттары боюнча тиешелүү эксперттер иш алып барып, ылайыктуулугу боюнча чечимин чыгаргандан кийин жогоруда аталган объектилердин курулуш иштери башталмакчы.

Добавить комментарий