АЙЛАНА-ЧѲЙРѲБҮЗДҮ КѲРКТѲНДҮРѲЛҮ!!!

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары, шаардагы мекеме-ишканалардын, соода жана тейлɵɵ борборлорунун кызматкерлери!

Баарыӊыздарды, айрыкча кɵп кабаттуу жана менчик турак-үйлɵрдүн ээлерин, базарда соода кылган шаар тургундарын жума сайын ɵткɵрүлүп жаткан ишембиликтерге катышууга чакырабыз!

Ѳкмɵттүн «Таза жашоо» ураанынын алдындагы үч айлык ишембилик акциясы  жалпы шаар тургундарынын колдоосу менен натыйжалуу уланууда. Анын аркасы менен шаарыбыз күндɵн күнгɵ тазарып, кɵрккɵ келе баштады.

Бул үчүн жалпыӊыздарга тереӊ ыраазылык билдирүү менен ишембиликтер мындан ары да үзгүлтүксүз улантыла берээрин, бул жумада бак-дарактарды акилɵɵгɵ, кɵчɵттɵрдү, гүлдɵрдү отургузууга, үйлɵрдүн жана имараттардын сырттарын актап-сырдоого басым жасоо  зарылдыгын эскерте кетмекчибиз.

 

 

 

 

 

Нарын шаардык мэриясы.

 

Добавить комментарий