«Тенир-Тоо» аянтында 7-апрелге карата сүрɵт кɵргɵзмɵ уюштурулду

Бүгүн 7-апрельде Нарын шаарынын «Теӊир-Тоо» аянтында сүрɵт кɵргɵзмɵсү уюштурулду. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Анда апрель окуясын, анын катышуучуларын, алардын эрдиктерин чагылдырган сүрɵт такталары даярдалып жана  апрель окуясы учурунда 25 курман болгон  эр жигиттин сүрɵттɵрү кɵргɵзмɵгɵ коюлду.

Белгилей кетсек, кечээ 6-апрельде «Тянь-Шань» паркында 7-апрель элдик революцияда курман болгондорго орнотулган эстеликтин жанында революциянын 5 жылдыгына арналган эскерүү иш чарасы ɵткɵрүлдү.

Ал эми сүрɵт кɵргɵзмɵ эки күнгɵ улантылат.

Добавить комментарий