АТАЙЫН ТҮЗҮЛГӨН КОМИССИЯ БОРБОРДУК МУНИЦИПАЛДЫК МОНЧОНУН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Нарын шаардык Кеңешинин депутаты Улан Супакуновдун сунушу менен түзүлгөн комиссия бүгүн, 10-мартта борбордук муниципалдык мончонун абалы менен таанышты.

Бул комиссия менен бирге барган шаардын биринчи вице-мэри Давид Курманов мончонун азыркы абалы, буга чейинки жасалган капиталдык ремонттор жана түшкөн каражаттар боюнча ижарага алган Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмесинин филилалынын башчысы Улан Айтиевден маалымат алды.

Андан соң, тиешелүү кызматтардан түзүлгөн комиссияга протокол түзүүсүн тапшырды. Ар бир кызмат өкүлү кароодон алган жыйынтык аркылуу гана бир чечимге келишип, кийинки кадамдар кандай болорун ошол түзүлгөн протоколго байланыштуу экенинин баса белгиледи.

Маалымат катары айтып өтсөк, Нарын шаарынын муниципалдык менчигинде турган бул мончо 2015-жылы Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмесинин филилалына ижарага берилген болучу.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий