Ачык эшиктер күнүнө кош келиниздер!

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Ачык эшиктер күнүнүн» катышуучулары Нарын шаардык мэриясынын имаратынын алдында

Нарын шаардык мэриясы жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын иш аракеттери туурасында маалымдуулукту жогорулатуу, жарандар менен маалымат алмашууну жакшыртуу максатында, бүгүн 2016-жылдын 25-мартында  “Ачык эшиктер күнүн” өткөрдү. Анда жарандык коомдун мүчөлөрү, студентттер, мектеп окуучулары, мугалимдер, шаар тургундары, бардыгы 80 ден ашык катышуучулар “Таза-Нарын” муниципалдык жана шаардык-суу канал ишканаларынын ишмердүүлүгү менен жакындан тааныша алышты.

Иш чаранын негизги максаты-жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү менен жарандарды жеринде  тааныштыруу, маалымат алмашуу, жаштарга профессионалдык багыт берүү.

Саат 7-30 дан 8-00 ге чейин Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында катышуучулар чогулуп, аларга баракчалар таратылып, коопсуздук боюнча инструктаж өтүлүп, ачык эшиктер күндүн программасы тааныштырылды.

Программа боюнча ачык эшиктер күнү “Таза Нарын” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышуудан башталды. Ишкананын дарбазасына келгенде катышуучулар стартта турган таштанды чыгаруучу техникаларга, таштандыны унааларга жүктөөчү кызматкерлерге жумуш баштоонун алдында мекеменин жетекчисинин орун басары О.Сопакунов жыйналыш өтүп жатканына күбө болушту. О.Сопакунов анда келгендерге тазалык мекемесинин негизги милдеттери, иштеген кызматкерлердин саны, техникалардын түрү жөнүндө кеңири маалымат берип, ишкананын  имараты, абоненттик бөлүм, кварталдык комитеттердин жумушу менен тааныштырды. Муну менен бирге таштанды чыгаруу, чогулган тиричилик таштандыларынын шаардын четинде жайгашкан “Карга Жайлоо” участкасына төгүү, бульдозер менен түрттүрүү учурлары жеринен көрсөтүлдү.

Кийинки сапар Нарын шаардык суу канал ишканасына улантылды. Ачык эшик күнүнө келгендерди ишкананын жетекчиси Н.Максуталиев тосуп алып, мекеменин шаарда алып барып жаткан иш аракеттери туурасында толук маалымат берди. Анда шаардагы ичүүчү таза суу колдонуучулардын, б.а. абоненттердин саны, абоненттик төлөмдөрдөн түшкөн салымдар, суу алуучу жайлар, суу алуучу колонкалардын саны, таза суу жана канализация кызматына акы тарифтер боюнча маалымдалды.

Ошондой эле Нарын шаарындагы таза суу жана канализация түтүктөрүн толук реабилитациялоо үчүн, Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Нарын шаары үчүн 6,2 млн.евро инвестиция тартып,  ал акча каражаты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде  ратификациядан өтүп, жакында жумуштар башталуу алдында тураарын белгиледи. Мындан сырткары, Нарын мамлекеттик университетинин жанынан жарылып, бүлүнүүгө учураган канализация түтүгүн суу-канал ишканасынын кызматкерлери тарабынан калыбына келтирүү иштерине  күбө болушту.

Андан кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аткаруучу органы болгон — мэриянын ишмердүүлүгү менен таанышуу жүргүзүлдү. Ал Нарын шаарынын мэринин, вице-мэрлеринин, мэриянын аппаратындагы кызматкерлердин иш бөлмөлөрү менен тааныштыруу менен башталып, 1-вице-мэр А.Сурановдун мэрия боюнча кыскача презентациясы менен улантылды. Мэриянын алдындагы муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча иш алып барып жаткан Координациялык Кеңештин аткарып жаткан иш аракеттери, анын мүчөлөрү тууралуу А. Суранов маалымат берип өттү.

Белгилей кетсек, Нарын шаардык мэриясынын “naryncity.kg” сайтынын түзүлүшү, анын негизги бөлүмдөрү жөнүндө кеңири түшүнүк берилип, жакынкы убакыттан бери ишке киргизилип кызмат көрсөтүп жаткан “Коомдук кабылдама” бөлүмү туурасында маалымдалып,  “Коомдук кабылдамага” кайрылуу, сунуш-пикирлерди калтыруу жолдорун түшүндүргөн инфографика сунушталды.

Алты сааттан ашык убакытка созулган жолугушуу абдан кызуу талкуу менен коштолуп, катышуучулар кызыккан суроолорун кана узатпастан, өзүлөрүнүн сунуш-пикирлерин да айтып, иш чара жөнүндө ойлору менен бөлүшүштү.

“Бул күн  Сиздер үчүн жемиштүү боло алды деген умүттөбүз жана шаардын тазалыгын сактап, таза суу менен камсыз кылып жаткан ишканалар туурасында толук маалымат ала алдыңыздар деген ишеничтебиз. Мэрия мындай жөнөкөй  форматтагы  шаар тургундары менен жолугушууларды, шаардын инфраструктурасын жакшыртууга салым кошуп жаткан мекеме, ишканалардын ишмердүүлүгү, жумушчу күнү менен жакындан тааныштырууну улантууга даярбыз”-деп билдирди “Ачык эшиктер күнүн” жыйынтыктап жатып шаардын 1-вице-мэри А.Суранов.

Ал эми «Ачык эшиктер күнүнүн» жүрүшүндө коомдук коопсуздук чараларын көрүү максатында,  жол кайгуул күзөтүнүн кызматкерлеринин коштоосунда катышуучулар белгиленген жерлерге атайын маршруттук бустар менен жеткирилип турду.

Добавить комментарий