Балалык — бул адамдын өмүрүндөгү эң бир ыйык, эстен кеткис көз ирмем,-С.Эсенаманова

Бүгүн 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү Нарын шаарында өзгөчө салтанат менен белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Балдарга арналган иш чара Нарын шаарынын “Алма-Бак” сейил багында Нарын шаардык мэриясы тарабынан уюштурулуп, ага жергиликтүү бюджеттин эсебинен 70 миң сом акча каражаты жумшалды.

Вице-мэр С.Эсенаманова анда келгендерди “Балалык — бул адамдын өмүрүндөгү эң бир ыйык, эстен кеткис көз ирмем. Силердин жаркын келечегиңер али алдыда. Өнүп-өсүп, эрезеге жетип, сапаттуу билим, татыктуу таалим-тарбия алгыла. Өлкөнүн келечек тагдыры – силердин колуңарда. Ар дайым асманыңар ачык, маанайыңар жарык болсун!” деген куттуктоосун билдирди.

Иш чаранын жүрүшүндө балдар бакчаларынын тарбиялануучулары тарабынан концерт берилип, М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык — драма театрынын кызматкерлери тарабынан жомок тартууланып, кинодирекция тарабынан мультфильмдер көрсөтүлдү.

Балдар арасында асфальтка сүрөт тартуу сынагы уюштурулуп, анын жеңүүчүлөрү белектер менен сыйланды. Ошондой эле майрам ээлерине Нарын шаардык мэриясы жана демөөрчүлөр тарабынан бекер бал муздак таратылды.

Мындан сырткары, бул майрамга карата Нарын шаардык мэриясы 44 томолой жетим балдарга ар бирине 500 сомдон материалдык жардам көрсөттү.

Жайдын алгачкы күнүнө туш келген даталуу күндү майрамдоо үчүн паркка келгендердин саны  3 миңге чукул болуп, аталган сейил бактын ичи шаңга, балалык аруу сезимге, балдардын балдай күлкүсүнө бөлөндү.

Ал эми Нарын шаарындагы “KICB” банкы “Аруу-Тилек” реабилитациялык борборундагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана социалдык жактан муктаж балдарды куттуктап белектерди беришти.

Добавить комментарий