МОСКВА ЧӨЛКӨМҮНДӨГҮ МУСА ЖУСАЕВ АТЫНДАГЫ ПАРКТЫН АЙЛАНАСЫ ТОСУЛУП ЖАТАТ

Нарын шаарындагы М. Жусаев атындагы парктын айланасын тосуу иши башталды.

Республикалык үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен жасалып жаткан долбоордун республикалык каржы бөлүгү 2 млн 850 миң сомду түзөт. Өздүк салым 650 миң сом.

Бул долбоор республикалык үлуштүк дем берүүчү грантка экинчи ирээт сунушталып, каржыланды.

Учурда тосмонун пайдубалы түптөлүп жатат. Ал эми тосмолор даярдалып, сырдалган.

Буга чейин аталган паркка ишкер Муса Жусаевдин аты ыйгарылган. Ишкер паркка балдар оюн аянтчасын куруп, эс алуу үчүн тийиштүү шарттарды түзүү аракетин көрүүдө.