Борбордук базардын айланасын ирээтке келтирүүдɵ кайрадан тоскоолдуктар жаралды

Нарын шаарынын борбордук базарынын айланасын ирээтке келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» мыйзамынын 18-беренеси Жергиликтүү маанидеги маселелерге киргендигине байланыштуу, соода кылуучулардын жол жээгинде соода кылуусуна чектɵɵ коюу, муниципалдык жер аянттарын ирээтке келтирүү жана шаарды кɵрктɵндүрүү максатында, Нарын шаардык мэриясынын буйругу менен комиссия түзүлүп, базардын айланасын ирээтке келтирүү боюнча тынымсыз иштер жүргүзүлүп келет. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Шаарыбызда соодагерлерге ыӊгайлуу шарт түзүп берүү үчүн заманбап бир нече соода комплекстери курулуп, алардан соода орундары сунушталууда. Бул кɵрүлгɵн чараларга карабай жайма базар уюштуруп алган соодагерлер базардын тегерегин ирээтке келтирүү иштерине тоскоолдук жаратып, комиссия мүчɵлɵрүнɵ каршылык кɵрсɵтүп, күнү-түнү менен жайма торлорун кайтарып, ɵзүлɵрүнɵ күйүүчү майларды чачып, ɵрттɵнгɵнгɵ даярданып алышкан фактылар да орун алууда. Бул тоскоолдуктарга карабастан комиссия тарабынан тынымсыз түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, комиссиянын күнүмдүк отурумдарында (штабда) кɵйгɵйдү чечүү жолдору талкууланууда.

Ал эми кечээ, 2015-жылдын18-ноябрь күнү борбордук базардын Шуллер кɵчɵсү менен С.Орозбак кɵчɵсүнүн кесилишине бир нече ирээт кат жүзүндɵ жана оозеки билдирүүлɵр берилгендигине карабастан, жол жээгине соода кылууга белгиленбеген жерлерде туруп, кийим кечектерди жайып алып соода кылып жаткан соодагерлер аныкталган.

Бул боюнча комиссия тарабынан жеринде түшүндүрүү иштерди жүргүзүп жаткан учурда аталган соодагерлер комиссия мүчɵлɵрүнɵ орой мамиле жазап, кол кɵтɵргɵнгɵ чейин барып каршылык кɵрсɵткɵн факт боюнча укук коргоо органдары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Добавить комментарий