Быйыл Нарын шаарынын муниципалдык менчигинде турган бардык кыймылсыз мүлктɵр такталып, ирээтке келтирилет.

Бул тууралуу Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккɵ укуктарды каттоо башкармалыгында ɵткɵрүлгɵн отчеттук жыйында сɵз болуп, иш жагдайлары талкууланды.

Ошондой эле жыйында башкармалык тарабынан жыл ичинде алгылыктуу иштер аткарылганы маалым болду.

Белгилей кетсек, аталган башкармалыкта негизинен каттоо, жерге жайгаштыруу жана иш кагаздар боюнча бɵлүмдɵр иш алып барат. Азыркы учурда Нарын аймактык мамлекеттик каттоо башкармалыгынын маалымат базасында Нарын шаарынын жана Нарын районунун аймагындагы 42167 кыймылсыз мүлк тууралуу маалыматтар сакталуу.

Каттоо бɵлүмүндɵ 2017-жылга карата 4 миллион 250 миӊ сомдук жумуш аткарылаары пландалса, иш жүзүндɵ 5 миллион 111  миӊ сомдук иш жасалып, план 120 пайызга аткарылган.

Ал эми жерге жайгаштыруу бɵлүмүндɵ 4 миллион 250 миӊ сомдук жумуштун ордуна 4 миллион 824 миӊ сомдук жумуш жасалып, аткарылган жумуш 113,5 пайызды түзгɵн.

Белгилеп кетүүчү жагдай, бул жерде кардарлар үчүн бардык ыӊгайлуу шарттар түзүлгɵн. «Бирдиктүү терезе» системасы иш алып барып, кардарлар нотариус издеп отурбай документтерин  ушул жерден күбɵлɵндүрүп, тиешелүү  тɵлɵмдɵрүн алыс барбай мекеменин ичиндеги кассага тɵгүшɵт.

Маалыматтарда айтылгандай, бүгүнкү күндɵ башкармалыкта архивдик материалдарды электрондоштуруу жана шаардагы бардык кыймылсыз мүлктɵрдү инвентаризациялоо иштери активдүү жүрүп жатат.

Жыйында шаар жана район жетекчилиги тарабынан башкармалыктын ишине жогорку баа берилди.

Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Нурбек Молдокадыров Нарын шаарынын мэринин жана мэриянын жалпы жамаатынын атынан башкармылыктын кызматкерлерин жаӊы жылы менен куттуктап, эл үчүн жасап жаткан эмгектерине ыраазылык билдирди. Муну менен катар: «Жыл ичинде бир топ иштерди сиздер менен ишке ашырабыз деген ойдобуз. Планды ашыгы менен аткарып атасыздар. Бул биринчиден элдин салымы болсо, экинчиден элдин муктаждыгын канааттандырып, ыкчам, натыйжалуу кызмат кɵрсɵтүп берген сиздердин эмгегиӊиздер. Калктын менчикке болгон укугун каттоодо биздин мамлекет чоӊ жетишкендиктерге ээ болду»,-деп белгилɵɵ менен бүгүнкү күндɵ Нарын шаарында эӊ чоӊ маселе муниципалдык менчиктин обьектилерин инвентаризациялоо экендигин, бул жумуштарга жергиликтүү бюджеттен 200 миӊ сомдун тегерегинде каражат каралаарын айтып, башкармалыктын кызматкерлерин тыгыз кызматташууга чакырды.

 

 

 

 

 

Назгүл Мүсүралиева, Нарын шаардык мэриясынын пресс-катчысы.

 

 

Добавить комментарий