УЛУУ ЖЕҢИШТИН 72 ЖЫЛДЫГЫ НАРЫН ШААРЫНДА «ӨЛБӨС ПОЛК» ЖӨӨ ЖҮРҮШҮ МЕНЕН КОШТОЛДУ

Бүгүн, 9-май күнү Нарын шаарындагы Улуу Жеӊиштин 72 жылдыгы “ӨЛБӨС ПОЛК” жөө жүрүшү менен коштолду. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Иш-чара “Улуу Жеңишке 70 жыл” сквериндеги өчпөс отко ардагерлердин, жетекчилердин гүл чамбарларды коюуусу менен  башталды.

9-май майрамыбыз Тянь-Шань паркына чейин “Ѳлбөс полк” жүрүшү менен коштолду. Анда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери унаа менен, облус, шаар башчылары, шаар тургундары, окуучулар бул күндүн урматына согушка катышкан чоң аталарынын, жакындарынын, туугандарынын сүрөттөрү менен митинг өтүүчү “Тянь-Шань” паркына чейин жүрүш жасашты.

Добавить комментарий