ЖЕКЕ ИШКЕРЛЕР ШААРДЫ КѲРКТѲНДҮРҮҮГѲ САЛЫМ КОШОТ

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлчүлүгүндɵ Нарын шаарындагы жеке ишкерлердин башын кошкон жыйын ɵткɵрүлдү.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү Аманбай Кайыпов жеке ишкерлерди шаарды кɵрктɵндүрүү, жашылдандыруу ишине салым кошууга чакырды.

Шаар мэри Эмилбек Алымкулов быйыл Нарын шаарынын 150 жылдыгын ɵткɵрүү милдети жалпы шаар элинин алдында тургандыгын белгилеп, анын алкагында аткарыла турган инфратүзүмдүк долбоорлорго токтолуп ɵттү. Муну менен катар бул долбоорлорго кошумча каржы булактарын табуу үчүн марафон уюштурулуп атканын маалымдап, ишкерлерди үстүбүздɵгү жылдын 11-майында шаардын 150 жылдыгына карата ɵткɵрүлүүчү марафонго чакырды.

Жеке ишкерлер жетекчиликтин мындай сунуштарын туура кабыл алып, колдоп беришээрин айтышты.

Ошондой эле шаарды кɵрктɵндүрүү боюнча сунуш-пикирлерин ортого салышты.

 

 

Добавить комментарий