Жеӊиш эстафетасы Нарын шаарына келди

Бүгүн, 4-майда Нарын шаарынын Тянь-Шянь сейил багындагы Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына арналган Шериктеш ɵлкɵлɵрдүн тышкы чек араларын кыдырып ɵтүүчү Жеӊиш эстафетасынын Нарын шаарына келгендигине байланышкан ритуалын ɵткɵрүү иш-мерчеми болуп ɵттү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Иш-чара алгач шаар, облус жана 2025 чек ара аскер бɵлүгүнүн жетекчилигинин Ѳчпɵс отко гүл чамбарларды, гирляндаларды коюусу жана Кара-Кол шаарынан келе жаткан Жеӊиш эстафетасын кабыл алуусу менен башталды.

Митингди Нарын чек ара башкармалыгынын командири Н.Сатындиев ачып, Улуу Жеӊишти алып келген ардагерлерибизге узун ɵмүр жана бактылуу каарылык каалап, бир мүнɵттүк курман болгондорду эскерүүнү жарыялады, ага улай салют командасы үч ирет кош атылды.

Ошондой эле вице-мэр С.Эсенаманова, Ѳкмɵттүн облустагы ɵкүлүнүн аппаратынын бɵлүм башчысы О.Мамаев, КР МЧК ардагерлер кеӊешинин тɵрагасы С.Асакеев жана Москва шаарындагы парадка катышууга жолдомо алган, Нарын районунун Кеӊеш айылынын тургуну, Ата Мекендик согуштун майыбы А.Усубалиев сɵз сүйлɵшүп, Жеӊиштин 70-жылдык юбилейи менен куттукташты.

Иш-чаранын салтанаттуу бɵлүгү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери жана чек ара кызмат бɵлүгүнүн кызматкерлеринин Нарын жеринен бир ууч топуракты Жеӊиш Эстафетасынын үлгүсү болгон гильзага салуусу жана аны Балыкчы шаарына узатуу менен аяктады.

Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына арналган эстафетаны узатуу иш чарасына согуштун катышуучулары, ардагерлери, мекеме, ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары, 2025 чек ара аскер бɵлүгүнүн ɵздүк курамы жана мектеп окуучулары катышышты.

Ал эми иш чаранын экинчи бɵлүгүндɵ №2 В.Чкалов атындагы орто мектебинин окуучулары жана 2025 аскер бɵлүгүнүн аялдар кеӊеши тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланып, согуштун ардагерлерине майрамдык сый тамак берилди.

Добавить комментарий