Жолдорду таштардан тазалоо талабы аткарылууда

Нарын шаарында жарыяланган 2-айлык ишембиликтин алкагында РТС аймагынын кɵчɵлɵрүн тазалоо иштери жүргүзүлүүдɵ. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Ички кɵчɵлɵргɵ суу тартылып, үйлɵргɵ киргизилгенден кийин пайда болгон майда дɵӊчɵлɵрдү таптоо, кɵчɵлɵрдү касылганда чыккан чоӊ таштардан арылтуу, жол боюндагы үйүлгɵн топурактарды тазалоо иш аракеттери башталды.

Бул жумуштарды ишке ашырууда ДЭП-41 жол ишканасынын 1 погрузчик, 2 самосвал техникалары тартылып, Нарын суу-канал ишканасынын кызматкерлери жана жумушчулары иш алып барууда.

Ошондой эле аталган аймактагы айрым таар кɵчɵлɵргɵ техника кире албай калган учурлар да кездешүүдɵ. Мындай жагдайда мэрия жергиликтүү жашоочуларга кайрылып тазалоо иштерине салым кошуусуна чакырык салат.

Белгилей кетсек, жакында РТСтин тургундары менен болгон мэрдин жолугушуусунда жергиликтүүлɵр дал ушул кɵйгɵлɵргɵ токтолушкан. Бүгүнкү күндɵ алардын ɵтүнүчү чекесинен ишке ашырылууда

Добавить комментарий