Жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында Нарын шаарында ит-мышыктар атылууда.

Нарын шаардык мэриясынын башкы адиси Абдылда Ибраев билдиргендей, бул боюнча шаар мэринин 2017-жылдын 15-декабрындагы №385-«Нарын шаарында ит, мышыктан жугуучу кутурма, эхинококкоз сыяктуу оорулардын тарап кетишине бɵгɵт коюу жана алдын алуу максатында жолбун иттерди атып жок кылуу жɵнүндɵгү» буйругунун негизинде тиешелүү мекеме-ишканаларга тапшырмалар берилген.

Нарын облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун Союзу тарабынан бекитилген сметага ылайык Нарын шаардык «Таза Нарын» ишканасы менен келишим түзүлүп, бүгүнкү күнгɵ чейин 185 баш жолбун иттер атылган.

Бул иш 2018-жылдын 31-мартына чейин улантыла бермекчи. Жолбун иттер жайгашып алган жерлерди билсеӊиздер Нарын шаардык «Таза Нарын» ишканасына кайрылып, кɵмɵк кɵрсɵтсɵӊүздɵр болот.

Нарын шаардык мэриясынын пресс-кызматы.

Добавить комментарий