ИНДИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ НАРЫН ШААРЫНДА

Бүгүн, 6-февралда Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов Индиянын Кыргызстандагы элчиси Алок А. Димри мырзаны кабыл алды.

Димри мырза Нарындын кышкы кооз жаратылышы ɵзгɵчɵ таасир калтырганын белгилеп, кызматка келгенине бир ай болгонун, Бишкек шаары менен бирге региондор менен тыгыз иштешүү башкы максаттардан экенин билдирди.

Ошондой эле Индия кинолорун Нарын жергесинде тартуу, электр станциялары, минералдык ресурстар, элдердин байланышы боюнча программалары бар экенин айтып, жакында Кара-Кол, Бишкек, Нарын шаарларында Индия фестивалдары ɵткɵрүлɵɵрүн жана ушул фестивалды уюштурууда жергиликтүү бийликтин жардамы зарыл экенин белгиледи. Мындан сырткары бул жактын банк, медицина, IT технологиясы боюнча адистерин 3 жумадан 6 айга чейинки курстарга катышуу үчүн Индияга жиберүү программасы жүзɵгɵ ашаарын билдирди.

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов келген меймандарды жылуу кабыл алып, эки элдин ортосундагы маданий, экономикалык байланышты бекемдɵɵдɵ элчинин кɵп аракети керектигин, ал эми жергиликтүү бийлик тарабынан колдон келишинче колдоо кɵрсɵтүлɵɵрүн айтты. Ошондой эле Нарын шаарында индия кинолору тартылса туристтерди тартканга мүмкүнчүлүк түзүлɵɵрүн белгилеп, медициналык жабдуулар жагынан жардам болсо, окуу жайларда индия борборлору ачылса жакшы болоорун белгиледи.

Эки тараптуу жолугушуу жылуу маанайда ɵтүп, ɵз ара кызматташууну бекемдɵɵ боюнча сүйлɵшүүлɵр жүрдү.

Добавить комментарий