Катуу сууктан улам мектептерде окуу процесси токтотулат.

Кыргыз Республикасынын Ѳзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин катуу суук болоору тууралуу шашылыш билдирүүсүнɵ ылайык Кыргызстандагы орто мектептерде окуу процесси токтотулат.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, беш күндүк окуу каралган мектептердин окуучулары 26, 29, 30-январь күндɵрү,  алты күн окуткан мектептер 26, 27, 29, 30-январь күндɵрү эс алышат.  Ал эми бала бакчадагы балдардын коопсуздугу ата-энелердин жоопкерчилигинде болгондуктан мектепке чейинки билим берүү мекемелери бул күнд=рү иштей берет.

Бул тууралуу бүгүн Нарын шаардык мэриясында ɵтк=рүлг=н жыйында мекеме-ишканалардын жетекчилерине маалымдалды. Нарын шаарынын вице-мэри С. Эсенаманова элдин коопсуздугу, саламаттыгы боюнча иш алып барган  бардык мекемелерде күчɵтүлгɵн тартипте иш алып баруу зарылдыгын милдеттендирди.

 

Добавить комментарий