Келгиле коррупция менен биргеликте күрөшүп, келечекке жаркын үмүт тартуулайлы!!!

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында   ак ниеттүү  башкаруу (коррупциянын алдын алуу) саясатын ишке ашыруу

 

«Коррупция»  жана  «ак ниеттүү башкаруу»  түшүнүктүрүнүн мааниси:

Р.Клитгарддын берген түшүнүгү боюнча коррупцияны  төмөнкү формула менен түшүндүргөн:

К=М+Э-Ж

Мында   Ккоррупция, Ммонополдук бийлик,   Эчиновниктердин аракеттеринин эркиндиги,  Ж-отчеттуулук, жоопкерчилик

Коррупциянын өнүгүүсү жана таркалуусу үчүнн шарт түзгөн негизги чөйрө мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик системасы болуп эсептелет.

Коррупциянын кандай формалары бар:

-пара берүү жана алуу;

-фаворитизм (тууган, тааныштарга колдоо көрсөтүү менен  жогору кызматка дайындоо);

-непотизмжактоочулук;

-Протекционизм (өздөрүнүн кызыкчылыгына жетиш үчүн аткаминерлерден түзүлгөн топ);

— мыйзамсыз лоббизм (кандайдыр бир мыйзамды кабыл алууда же албоодо парламентарийлерге мыйзамсыз кысым көрсөтүү);

-коомдук ресурстарды жана фонддорду мыйзамсыз бөлүштүрүү  жана кайра бөлүштүрүү;

— паракорчулук;

— жеке максаттарда коомдук ресурстарды мыйзамсыз менчиктештирүү жана энчилеп алуу;

-саясий түзүмдөрдү (партияларды ж.б) мыйзамсыз колдоо жана каржылоо;

-туугандарына, досторуна, тааныштарына жеңилдетилген тапшырыктарды, насыяларды берүү, ар кандай кызматтарды көрсөтүү;

-опуза менен талап кылуу;

Ак-ниеттүү башкарууга эмнелер кирет:

  • мыйзам үстөмдүгү
  • отчеттуулук
  • айкындуулук
  • жарандардын катышуусу
  • эффективдъълък жана натыйжалуулук

Коррупциянын себептери:

  1. Коррупциянын экономикалык себептери- мамлекеттик кызматчылардын эмгек акысынын төмөн болушу, ошондой эле фирмалардын жана жарандардын ишмердигине таасир тийгизүүгө алардын жогорку ыйгарым укуктары;
  2. Коррупциянын институттук себептери- мамлекеттик ведомстволордун ишинин жогорку деңгээлде жабык болушу, ачыктыктын жоктугу жана мамлекеттин кадр саясатынын начарлыгы;
  3. Социалдык-маданий себептери— жарандардын жетишсиз кабардар болуусу жана уюштурулгандыгы, билгенин кылгандарга «бийликте отургандарга» карата коомдун пассивдүүлүгү.

 

Даректүү маалыматтарга ылайык Кыргызстанда коррупциянын жылдык көлөмү

700 000 000 АКШ долларын түзөт.

 

Келгиле коррупция менен биргеликте күрөшүп, келечекке жаркын үмүт тартуулайлы!!!

 

 

Добавить комментарий