Ɵкмѳттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү А.Кайыповдун демилгеси менен Нарын облусунун кире беришине арка орнотуу боюнча архитектуралык сынак жарыяланган. Үстүбүздѳгү жылдын майында сынак жыйынтыкталып жеӊүүчүлѳр аныкталган.
2-орунду ээлеген Ак-Талаа районунун архитектору Канат Жумабековдун долбоорлук иши Нарын шаарынын кире беришине коюлаары пландаштырылууда.
Учурда сметалык чыгымдар эсептелип, мэрия тарабынан арканы жасап, койдурууга демѳѳрчүлѳрдү тартуу иштери жүргүзүлүүдѳ.