КИТЕП-АДАМЗАТ ТАПКАН БААЛУУ ТАБЫЛГА.

23-апрель-Бүткүл дүйнɵлүк китеп жана автордук укук күнү.
Буга карата Нарын шаарындагы облустук, шаардык, райондук китепканаларда маданий иш чаралар уюштурулду.

Ж. Коӊурбаева атындагы шаардык китепкананын кызматкерлери тарабынан Алма-Бак паркында «Туулган күнүӊ менен китеп!» аталышындагы китеп фестивалы ɵткɵрүлдү.

Окурмандардын, жергиликтүү акын-жазуучулардын, жаштардын катышуусунда ɵткɵрүлгɵн китеп фестивалы китептин жаралыш тарыхынан азыркы күнгɵ чейинки адамзат коомундагы бийик ролун ачып берип, бул маданий табылганын түбɵлүктүүлүгүн даӊазалады.

«Китеп деген бир укмуш, камтыйт аалам сырларын», «Аалы Токомбаевге 115 жыл», «Жумакан Тынымсеитовага 90 жыл» аттуу китеп кɵргɵзмɵлɵрү уюштурулуп, баяндамалар жасалды. Жергиликтүү акындар, студенттер жана мектеп окуучулары тарабынан автордук ырлар кɵркɵм окулуп, жазуучулардын чыгармаларынан үзүндүлɵр аткарылды. Нарын шаардык маданият бɵлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү акындардын обондуу ырларын тартуулашты.

Китеп фестивалында активдүү окурмандарга китепкананын Ыраазылык каттары ыйгарылды.

Иш чарага катышкан Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова китептен ɵткɵн кенч жок экенин турмуш ɵзү таразалап койгонун, китептин түбɵлүктүүлүгүн, адамзаты бүгүнкү ɵнүккɵн коомго китеп аркылуу жеткенин баса белгилɵɵ менен иш чаранын уюштуруучуларына жана катышуучуларына, ɵзгɵчɵ мектеп окуучулары менен студенттерге тереӊ ыраазылык билдирип, айтылып жаткан сɵздɵр, ырлар жүрɵк аркылуу ɵткɵндɵ гана иш чара максатына жетээрин белгиледи.

Бул күндүн келип чыгуу тарыхына кайрылсак, дүйнɵлүк адабият менен маданияттын кɵч башында турган Сервантес, Шекспир жана Инка Гарсилио де ла Вега сыяктуу классиктер 1616-жылдын 23-апрелинде дүйнɵдɵн кайтышкан.

Ушундай символикалык маанисине карап ЮНЕСКО китеп менен автордук укукту урматтоо максатында бул күндү атайын белгилɵɵ жɵрɵлгɵсүн иштеп чыккан.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн 2002-жылдын 1-апрелиндеги токтому менен Бүткүл дүйнɵлүк китеп күнү биздин ɵлкɵбүздɵ белгиленип келет.

Добавить комментарий