Координациялык Кеңеш тууралуу маалыматтык бюллетень

МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТТАРДЫН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕНЕШ

Координациялык кенеш,   2010-жылы Нарын шаарынын Мэриясы алдында түзүлгөн жана шаардагы муниципалдык жана мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган маселелер боюнча кеңеш берүүчү орган болуп саналат. Координациялык кенештин курамына Нарын шаарынын биринчи вице-мэри, мамлекеттик аймактык органдардын кызматкерлери, муниципалдык мекемелердин жетекчилери жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирген. 2014-жылы, муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарынын сапатын талкуулоодо жарандык коомдун кеңири катыштуусун камсыз кылууну көздөп, Кенештин курамы 12 мүчөдөн 21 мүчөгө кеңейтилген (анын ичинен тогузу аял киши).

Учурда Нарын шаарынын Координациялык кеңешинин ишмердүүлүгүн төмөнкү ченемдик-укуктук актылар жөнгө салат:

  • Нарын шаардык Мэриясынын Координациялык кеңештин курамы боюнча 2014-ж. 19-июнь күнү бекитилген №242-б буйругу
  • Координациялык кеңеш жөнүндө Жобо (№242 буйругуна №1 тиркемеси);
  • Нарын шаардык Мэриясынын Координациялык кеңештин курамы боюнча 2015-ж. 12-март күнү бекитилген №49-б буйругу;
  • Координациялык кенештин Регламенти (№49-б буйругуна №2 тиркемеси);

Уландысы

Добавить комментарий