Урматтуу Нарын шаарынын тургундары жана меймандары!
Нарын шаардык мэриясы 21-март Нооруз күнү бир катар иш-чаралар өткөрүлөөрүн маалымдайт.
Салтанаттуу азем 21-март күнү эртең мененки саат 10-00дө борбордук Турдакун Усубалиев атындагы аянтта башталат. Майрамдын жүрүшүндө театрлаштырылган оюн-зооктор, концерттер тартууланып, улуттук тамак-аштардын жарманкеси уюштурулат.
Түшкү саат 12-00 дө Борбордук “Ала-Тоо” спорт майданында мекеме-ишканалар жана чөлкөмдөр арасында ордо, аркан-тартыш, кол-күрөш, чоюн көтөрүү боюнча спорттук мелдештер өтүп, жеңүүчүлөр сыйланат.
Келип катышып, майрамдык маанайыңыздарды көтөрүп кетиңиздер.
Нарын шаардык мэриясы