КУРГАК УЧУККА КАРШЫ КҮРӨШҮҮГӨ АРНАЛГАН КОНКУРСТУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНЫШТЫ

24-март Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата Кызыл ай коому ,Американын Кыргызстандагы элчилиги жана доор медиа тарабынан уюштурулган”Кургак учук менен ооруган бейтаптарды колдоо” аталышындагы сүрөт жана видеоролик сынакка катышкан окуучулар сыйланышты.Сынакка Нарын шаарындагы орто мектептерден окуучулар катышып, кургак учук дартын алдын алуу, аны менен жабыркаган адамды колдоо боюнча ойлорун сүрөт жана видео аркылуу чагылдырып беришкен.Катышуучулардын эмгектери орундар боюнча бааланып, уюштуруучулар тарабынан сыйлыктар тапшырылды. Сынактын сыйлоо аземина катышкан шаар мэри Нурбек Молдокадыров жугуштуу илдетти алдын алуу тууралуу калктын маалымдуулугун арттыруу зарылчылыгын белгилеп, эл аралык уюмдарга, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.

Добавить комментарий