КЫШКА КАМ КӨРҮҮ ИШТЕРИНИН АЛКАГЫНДА ОТКАНАЛАР САЛЫНАТ

Кыш күз мезгилине даярдык көрүү иштеринин алкагында Нарын шарындагы бала бакча- мектептердин отканаларын даярдоо, оңдоо жана жаңыртуу иштери жүрөт.Бүгүн, Нарын шаарынын мэри Тутуев Канболот айрым бала бакча, мектептердин отканаларын тийиштүү кызмат башчылары менен бирге текшерип, муктаждарын алмаштыруу, оңдоо иштерин жүргүзө баштоо керек экендигин белгиледи.Ак Дил бала бакчасынын отканасына кошумча операторлор отура туруучу жайын салуу, Ыйман бала бакчасына жаңы откана салуу жана К. Жакыпов атындагы, Э. Ибраев атындагы орто мектептеринин жылытуу системаларынын отканаларын капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери талкууланды.

Добавить комментарий