КЫШКЫ КАМЫЛГА, ТУРАКЖАЙЛАРДЫ КАМСЫЗДАНДЫРУУ, МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШТАР МЕНЕН ИШТӨӨНҮ ЖАКШЫРТУУ ЖАНА БАШКА КӨЙГӨЙЛӨР АППАРАТТЫК ЖЫЙЫНДА ТАЛКУУЛАНДЫ

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев шаардык мекеме-ишкана жетекчилери менен бирге аппараттык отурум өтүп, пландалган иш тапшырмалардын аткарылышын карап, алдыда аткарууга алынуучу иштерди тапшырды.Кышка камылга боюнча штабдык отурумдарды өтүү, эртелеп даярдык көрүү шаардын биринчи вице-мэри Майрамбек Жунусовго жана жылуулук ишкана башчысына;Мыйзамсыз курулуштар менен иш алып барууну жакшыртууну, эскирген көрнөк жарнактарды жаныртуу же алдырууну, 64 аймагындагы көп кабаттуу турак жайлардын алдыларын ирээтке келтирүүнү муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча ишкана башчысына.Нарын суу канал ишканасына суу эсептегичтерди коюу ишин сапаттуу ишке ашырууну, авариялык жарылууларды оңдоо учурунда казылган жерлерди калыбына кечиктирбестен сапаттуу аткарууну;Салык кызматына эл ташыган унаалардын патенттерин текшерип, бул боюнча рейддерди уюштуруп, салык планын аткарууну;Табийгый кырсыктардан коргоо максатында урак жайларды камсыздандыруудан өткөрүү ишин жалпы жетекчилерге тапшырды;Аппарттык жыйында берилген тапшырмалар протокулдун негизинде 2 жумалык мөнөттө аткарууга алынышы керектиги калаа башчысы тарабынан белгиленди.

Добавить комментарий