Нарында Кыргыз Республикасынын Гербинин 20 жылдыгы белгиленди

Бүгүн Нарын шаарынын Жаштар ордосунда Кыргыз Республикасынын Нарында Кыргыз Республикасынын Гербинин 20 жылдыгы белгиленди

Гербинин кабыл алынгандыгынын 20 жылдыгына карата салтанаттуу жыйын болуп ɵттү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Эгемен Кыргызстандын символдорунун бири болгон Мамлекеттик герб 1994-жылы 14-январда Жогорку Кеңеште кабыл алынган.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон баштап анын мамлекеттик атрибуттары да жаңыланды. Кыргыз Республикасынын гербинин алгачкы эскиздерин дал ушул Нарын жергесинде, жердешибиз Нарын балдар искусство мектебинин ошол кездеги директору Асейин Абдраев менен, ошол кездеги Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын  жетекчиси Садырбек  Дубанаев даярдашкан.  Гербдин 24 варианты даярдалып, 18-и Жогорку Кеӊештин жактыруусуна ээ болуп, мунун ичинен учурдагы герб  мамлекеттик символикаларыбыздын бири катары тандалып алынган.

Салтанаттуу жыйынга облус башчысы Аманбай Кайыпов, шаар мэри Б.Жээналиев, ошондой эле район башчылары, мекеме, ишканалардын жетекчилери жана башка чакырылгандар катышышты.

Мэр Б.Жээналиев, Нарын шаарынын элинин атынан, Кыргыз мамлекети үчүн жазаган тарыхый эмгеги үчүн авторлорго тереӊ ыраазычылык билдирип, алар жараткан эмгек аркылуу өлкөнүн башкы негизги белгисинин бири катары, жаштарды патриоттулукка жана мекенди сүйүүгɵ тарбиялоодо жана Кыргыз Республикасын башка мамлекеттерге таанытууда, жалпыбыз жана ар бирибиз үчүн, гербдин мааниси зор экенин,  жана анын авторлоруна терең сый көрсөтүү – бул ɵлкɵнүн ар бир жаранынын патриоттук парзы экенин белгилеп кетти.

Ошондой эле шаар жетекчиси, иш чаранын ардактуу коногу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер,  Кыргыз Республикасынын гербинин автору Абдраев  Асейин Абдраевичке Нарын шаардык мэриясынын атынан калпак, чепкен кийгизип, он миӊ сом ɵлчɵмүндɵ акчалай белек тапшырды.

 

Добавить комментарий