Нарындын командасы Республикалык спартакиададан жеӊиш менен кайтып келди

2014-жылдын 22- апрелинен  24-апрелине чейин Бишкек шаарында республикалык деӊгээлде, орто окуу жайларынын окуучулары арасында аскердик-ыкмалаштырылган спорттун түрү боюнча II-Республикалык спартакиада болуп ɵттү.

Спартакиадага жалпы республика боюнча тогуз команда катышып, Нарын облусунун атынан барган команда биринчи орунду ээлеп келишти, анын арасында шаарыбыздын окуучулары да бар.

Бүгүн, 16-майда Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында, мэр Б.Жээналиев жана Кеӊештин тɵрагасы Э.Турсуналиев, Нарын шаарынан түзүлгɵн курама команданы даярдаган, аскерге чейинки даярдоо сабагынын мугалими Касымов Токтомушка жана шаардагы мектептердин алты окуучусуна, биринчи орунду ээлеп, жеӊишти камсыздап келгендиги үчүн, Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеӊешинин Ыраазычылык каттарын тапшыруу менен, мындан аркы окууларына ийгиликтерди жана чоӊ жетишкендиктерди каалашты.

Добавить комментарий