Нарын шаардык мэриясына социалдык маселелер боюнча кѳбүрѳѳк кайрылышууда

2014-жылдын 1-кварталында Нарын шаардык мэриясына бардыгы 193, мунун ичинен жазуу жүзүндɵ 141, ооз эки түрүндɵ 52 кайрылуу келип түшкɵн, ал эми электрондук кайрылуулар келип түшкɵн эмес. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

 Келип түшкɵн арыздар мүнɵзү боюнча тɵмɵндɵгүдɵй бɵлүнɵт:

  1. Пенсия, жɵлɵкпул, жеӊилдиктер маселеси жана материалдык жардам сурап-53;
  2. Коммуналдык тейлɵɵлɵр (эл.энергия, таштанды, жылуулук боюнча)-36;
  3. Жер маселеси боюнча-15;
  4. Турак-жай маселеси боюнча -12.

 Ошондой эле КР Президентинин аппаратынан -1, Ѳкмɵттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн аппаратынан  59 кайрылуу келип түшкɵн. 

Добавить комментарий