Нарын шаардык мэриясында «2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чɵйрɵдɵгү мамлекеттик саясатынын» концепциясынын аткарылышы талкууланды

Бүгүн 14-мартта Нарын шаардык мэриясы тарабынан «2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чɵйрɵдɵгү мамлекеттик саясатынын» концепциясынын аткарылышы боюнча тегерек стол отуруму ɵткɵрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Тегерек стол отурумуна  шаар башчылары, шаардык мекеме, ишканалардын жетекчилери, прокурор, ички иштер бɵлүмүнүн 10-бɵлүмчɵсүнүн жана массалык маалымат каражаттарынын ɵкүлдɵрү катышты.

«2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чɵйрɵдɵгү мамлекеттик саясатынын» концепциясынын негизги стратегиялык багыттары, Кыргыз Республикасындагы диний уюмдар, диний экстремизмге, терроризмге каршы күрɵшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу мэриянын башкы адиси-юристи М.Бабаев маалымат берди.

 

 

 

 

 

Ал эми Нарын шаарынын аймагында диний уюмдар, дааватчылар менен жана диний экстремизм, терроризмдин алдын алуу жана ага тиешелүү кылмыштардын бетин ачуу, административдик жоопко тартуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча ички иштер бɵлүмүнүн 10-бɵлүмчɵсүнүн кызматкери Ж.Мытыев токтолуп кетти.

Ошондой эле шаар прокурору А.Алсеитов диний экстремизмге, терроризмге каршы күрɵшүүдɵ мыйзамдардын аткарылышы, прокуратура жагынан алып барылып жаткан кɵзɵмɵл иштери жɵнүндɵ катышуучуларга маалымдап, шаардын имам-хатиби А.Оруналиев ɵзүнүн билдирүүсүндɵ мечиттерди мамлекеттик каттоодон ɵткɵрүү боюнча аткарылып жаткан иштер туурасында   айтып берди.

Отурум кызуу талкуу менен ɵтүп, суроо, жооптор менен коштолду. Жыйынды шаар мэри Р.Адиев, диний экстремизмге жана терроризмге каршы иштерди күчɵтүү, мечиттерди мамлекеттик каттоодон ɵткɵрүү иштерин бүткɵрүү жана дааватчылардын иштерине кɵзɵмɵлдүктү күчɵтүү зарыл экендигин белгилɵɵ менен жыйынтыктады.

Добавить комментарий