Нарын шаардык мэриясынын 2015-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө Нарын шаарынын мэринин отчету

Нарын  шаардык  мэриясынын  2015-жыл  ичинде жүргүзгөн  иштери  жөнүндө маалымат

 Нарын  шаарынын  мэринин  отчету

2015-жылда Нарын шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн аныктаган негизги тармактарында стабилдүүлүк жана өнүгүү тенденциясы басымдуулукка ээ болду.

Өнөр жай

Экономика, өнөр-жай тармагы боюнча 2016-жылдын 1-январына карата 696 млн.73 миң сом өнөр жай продукциялары өндүрүлүп, физикалык көлөмүнүн индекси  94,0 пайызды түзүп, өткөн  жылга салыштырмалуу 48 млн. 263 миң сомго ашыкча продукция өндүрүлгөн  (2014-жылы 647 млн.810 миң сом). Физикалык көлөмүнүн индексинин  төмөндөшү тигүү  өндүрүшүндөгү ,ошондой  эле электр  энергияны ташып  жеткирүү жана бөлүштүрүү  тармагындагы көлөмдүн  азаюсу менен  шартталган.

Чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү 2млрд. 11 млн. сомду түзүп,  112,0 пайызга аткарылды, өткөн   жылга салыштырмалуу 215 млн.339 миң  сомго өсүш берди. (2014-жылы 1 млрд. 796 млн. 89 миң сом).

Калкка акы алып кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 584,5 млн. сомго аткарылып,101,6 пайызды түзүп, же былтыркы жылга салыштырмалуу 16 млн.    сомго өсүш берген. (2014-жылы 568 млн. 532 миң сом).

2015-жылы шаар боюнча жүк ташуучу транспорттун бардык түрү менен жүк ташуу өткөн жылга караганда 105,0 пайызга аткарылып, 284,3 миң тн. түздү. Ал эми, жүргүнчүлөрдү ташуу 3 488,0 миң жүргүнчү ташылып, өсүш темпи  104,4 пайызга аткарылды.

Салык тармагы

2015-жылга карата мамлекеттик бюджеттин  киреше  бөлүгү салыктар  жана салык  эмес  жыйымдар боюнча  186565,5 миң сом план тапшырма берилип, ал 193870,4 миң сомго аткарылып, же 103,9  пайызды түздү, башкача айтканда 7305,9 миң сомго көп салык жыйналды.

Мунун  ичинен республикалык бюджетке 93533,4 миң сом план тапшырма берилип 96865,6 миң сом бюджетке  түшүп, же 103,6 пайызга, ал эми жергиликтүү бюджетке 93032,1 миң сомго план берилип 97004,8 миң сом бюджетке  түшүп же 104,3 пайызга аткарылган.

Башкача айтканда 2014-жылдын  12  айына  салыштырмалуу  жалпысынан  45971,2 миң сомго  ашык салык бюджетке  түшүрүлгөн.Мунун ичинен республикалык  бюджетке  29475,7 миң сом,жергиликтүү  бюджетке 16495,5 миң сом ашык  өндүрүлгөн. Жалпы салыктардын бюджетке түшүүсүнүн өсүү темпи 146,1 пайызды түздү. Жалпысынан берилген план  тапшырмалар салыктын  бардык түрүнөн  аткарылды.Алсак, киреше  салыгы 104,4 пайызга,пайда  салыгы 124,5 пайызга,мүлк салыгынын 4 группасынан 107,2 пайызга,жер салыгынан 115,7 пайызга аткарылган.  2015-жыл ичинде ишкердүүлүк кылууга ыктыярдуу патент боюнча 6740,0 миң  сом план тапшырма берилип, 7028,2 миң сом өндүрүлүп 104,3 пайызга   аткарылган, милдеттүү патент боюнча 758,0 миң сом план-тапшырма берилип,  852,7 миң сом өндүрүлүп же  112,5 пайызга аткарылды. Айыл чарба эмес багытындагы жер салыгынан 2425,1 миң сом өндүрүлүп  план тапшырма 115,7 пайызга  жана короо-жай  жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгынан 671,1 миң сом өндүрүлүп план 239,7 пайызга аткарылган.

Айыл чарба эмес багытындагы жер салыгынан 2425,1 миң сом өндүрүлүп  план тапшырма 115,7 пайызга  жана короо-жай  жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгынан 671,1 миң сом өндүрүлүп план 239,7 пайызга аткарылган.

Сатуудан алынуучу салыктан бюджетке 48156 миң сом өндүрүлүп план тапшырма 101,6 пайызга аткарылды. Салык карыздарын өндүрүү боюнча 2015-жыл ичинде 30  чарбалык  субьектилерге  көчмө текшерүү  жүргүзүлүп жыйынтыгында 8944,6 миң сом кошумча эсептөө  жүргүзүлүп ,мамлекеттик бюджетке 8793,7 миң сом түшүрүлгөн.

Нарын шаарынын 2014-2017-жылдарга туруктуу өнүгүү программасы боюнча «Жол картасына  жалпысы 2 млрд 581 млн 536,0 миң сомдук111 долбоорду ишке ашыруу пландаштырылып  2014-2015-жылдары  бардыгы    58 долбоор ишке  ашырылып  1млрд. 608 млн 173 миң  сомго  мамлекеттик жана жеке инвестициялар тартылып иш жүргүзүлдү.

Алардын негизгилери:

  • Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын неврология бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулуш иштери бүткөрүлүп ,пайдаланууга берилүүнүн астында турат сметалык баасы 59 млн. сом;
  • Шаардык бассейиндин курулушу бүткөрүлүп ишке берилди, сметалык баасы 13 млн 785 миң сом ;
  • Шаардын 6750м. ички жолдору республикалык бюджеттин  эсебинен ремонттолуп жана асфалттоо  иштери  жасалды , сметалык баасы 58,7 млн. сом;
  • Шаардын башкы суу алуучу жайынын курулушунун 2 этабы улантылып республикалык бюджеттен 24 млн.сом бөлүнүп узундугу 1,4 км.жерге  2 катар түтүкчөлөр салынды(жалпы  узундугу 3,2 км);
  • Борбордук Азия Университетинин курулуш иштери улантылып, бүгүнкү күндө 1млрд 376 млн сомдук курулуш иштери аткарылып 2016-жылдын күз  айларында  ачылышы  күтүлүүдө, сметалык баасы 25 млн доллар;
  • Ага Хан фондусу аркылуу шаардын С.Жакыпов паркын реконструкциялоо иштери жүрүп  жатат , сметалык баасы 14 млн сом;
  • Шаардын борбордук Ленин көчөсүнүн тротуарын брусчаткалоо  иштери жасалды,сметалык баасы 3,2 млн сом(респуб.бюджет 2,438млн.сом,жер.бюджет 753,0миң сом) ;
  • Пескоблок жана брусчатка чыгаруучу цехтин курулушу бүткөрүлүп ишке  берилди, сметалык баасы 1,0 млн сом;
  • Заманбап муз  аянтчасынын  курулуш иштери  жүрүп  жатат, сметалык баасы 84,0 млн сом;
  • Шаардын Ленин көчөсүнүн арык системасына латокторду жаткыруу боюнча  курулуш  иштери бүткөрүлдү ,сметалык баасы 3,2 млн сом(респуб.бюджет 2,876млн.сом,жер.бюджет 319,0миң сом) ;
  • «21-ылымга карай» сквери толук реконструкцияланып жаңы «Жеңиш 70» паркы болуп түзүлдү (Жалпы 1млн 21 миң сом, мунун ичинен 524,0 миң сом  экофонд, 497,0 миң сом жер.бюджет);
  • Заманбап «Чолпон» соода борбору жеке ишкер Б.Аттокуровдун демилгеси менен курулуп, толук ишке берилди, сметалык баасы 25 млн. сом;
  • Шаардын эски мончосу толук реконструкциядан өткөрүлүп пайдаланууга берилди, сметалык баасы 12 млн сом;
  • Жеке ишкерлердин демилгеси менен жаңы ресторандын курулушу бүткөрүлүп ишке  киргизилди, сметалык баасы 42 млн сом;
  • Шаардын РТС аймагына  жаңы  бала  бакчанын  (сметалык  баасы 7018,0 миң сом) жана Ж.Шералиев атындагы  музыкалык  мектептин  жаңы  имаратынын  курулуш  иштери  башталды (сметалык баасы 50,0 млн сом)
  • Кыргыз Республикасынын «Арзан турак  жай  2015-2020»Программасынын  негизинде курулуучу  көп кабатуу  40 квартиралуу   4 үйдүн   жери  аныкталып   6400  чарчы  метр  жер  бөлүнүп  архитектуралык  пландоо  документтери бүткөрүлүп  жатат.
  • Нарын шаардык С.Бекмамбетов атындагы күрөш  спорт  мектебинин жаңы имаратынын  курулушу  үчүн  РТС   аймагынан    жери  аныкталып,   бүгүнкү  күндө  сметалык       долборлоо документтери дардалууда ( сметалык басы 42,0 млн.сом)
  • Ошондой  эле  жаңы техникалар алынды:

— «Таза-Нарын» ишканасына  1 атайын  автотехника баасы 3470,0 миң сом(экологиялык фонд жана жер.бюджет)

— Суу канал  ишканасына  1 экскаватор  баасы 1600,0миң сом,1сваркалык  аппарат баасы 280,0миң сом (АРИС жана жер.бюджет) жана 1 «Портер»  автомашинасы баасы  475,0миң.сом

Муниципалдык менчик боюнча бүгүнкү күндө Нарын шаары боюнча 76 обьект жана инфраструктура Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдагы №827 токтому менен муниципалдык менчике берилген. Аларга мектептер, бала бакчалар, спорт мектептери, шаардык мончо, УКСтын имараты, автомектеп, шаардык суу канал жана жылуулук ишканаларынын имараттары жана 39 инфраструктуралар (жолдор, парктар, скверлер, суу алуучу жайлар, от каналар, ж.б) кирет.

Азыркы  учурда 27  обьект оперативдик  башкарууга  берилген алар  мектептер ,бала  бакчалар ,спорт  мектептери.  Учурда шаар боюнча 879 жер аянты, муниципалдык обьектилер арендага берилген. Мунун  ичинен ,АЗСтин  орду   айланасын жашылдандыруу  менен 8 жеке ишкерге,гараж, склад коюу  үчүн 312 шаардын жашоочуларына, соода  павилион  орнотууга 322 ишкерге,огород  катары  пайдалануу  үчүн  214 шаардын тургундарына  ,автоунаа  жуучу  жайлар үчүн 4 ишкерге ,рекламалык шит  орнотууга   рекламалык  агенттиктерге 13  орун жана мобилдик  түйүндөр  үчүн антенна орнотууга 6 орун  берилген. Шаардык муниципалдык менчик департаментине 2015-жылы муниципалдык менчикте турган жер аянттарын ижарага берүү боюнча 3500,0 миң сомго план тапшырма берилип,иш  жүзүндө  4534,3 миң сомго аткарылып же план 129,6 пайызды түздү. 2015-жылы жер аянтын сатуудан 124,0 миң сом жергиликтүү  бюджетке түшүрүлдү.  Бардыгы  2015-жылы  бюджетке  4658,6 миң сом чегерилди.Башкача айтканда жергиликтүү бюджетке  өткөн  жылга салыштырмалуу 2325,3 миң сом көп түшүрүлгөн.Алсак ,Жогорку Кеңешке шайлоо  учурунда рекламалык  такталардан ,жерлерди ижарага берүүдөн кошумча 443,5 миң сом бюджетке  түштү.

2015-жыл ичинде 8 жолу курулуш куруу жана жер пайдалануу комиссиясынын отуруму өткөрүлүп, 97 маселе каралып 61 маселе канаттандырылып 14298,6 ч.м. жер аянты убактылуу ижарага берилген. Жеке менчик турак жай курууга жер участокторун берүү  боюнча комиссиянын  4 жолу отуруму өткөрүлүп 78  маселе  каралып ,тизме боюнча  кезекте турган 68  адамга  жер  участогу  берилди.

Ошондой эле  2015-жылы  6 жаңы аялдама  250,0 миң  сомго   жасалып орнотулду ( 5-200,0 миң сом жер.бюджет, 1-50,0 миң сом демөөрчү) ,17 жарнамалык такта 1 млн 95 миң сомго  жасалып коюлду (7 такта   495,0 миң сом жер.бюджет, 10 такта 600,0 миң  сом демөөрчүлөр)

Шаардын борбордук базарынын  айланасын ирээтке келтирүү боюнча шаардык мэриянын 11.02.2014-жылдагы №39-б буйругу  менен комиссия  түзүлүп,базардын айланасында Шуллер жана Орозбак көчөлөрүндө башаламан соода кылуучуларды заманбап «Он-Арча» жана  «Чолпон» соода комплекстерине  киргизүү боюнча түшүндүрүү  иштери жүргүзүлүп келди. Ошондой  эле борбордук базардын айланасындагы жайма  базар кылып соода  кылган  жарандарга 50  жолу  билдирүүлөр берилип,  эскертилип ,комиссия  менен бирдикте  башка жакка  көчүрүлүп ,Шуллер  көчөсүнүн  «Чолпон»  базары тарабына темир  тосмолор коюла  баштады жана 48,0 миң сомго  жол  белгилери коюлду.

С.Орозбак жана Шуллер көчөлөрү боюнча автомашиналардын кыймылын ирээтке келтирүү үчүн базар жетекчилери тарабынан автомашиналардын токтоочу жайлары уюштурулду.Шаардык муниципалдык менчик департаментине автомашиналардын муниципалдык токтоочу жайларын уюштуруу  боюнча тапшырма  берилип  ,аракеттер  көрүлүүдө.

Көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалык багытында Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» жана шаардык жашылдандыруу ишканалары тарабынан шаарды көрктөндүрүү, тазалоо боюнча бир катар иштер аткарылды. Алсак Ленин көчөсүндөгү  Ленин№2,№4,№6,№8, №71,№67,№81,№98,№112,№120 көп кабаттуу үйлөрдүн сырткы беттери ар  кандай түзгө акиленди. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 362,4 миң сомго шаардын 10 көчөсүнө жалпы 109 түнкү  фонарлар жаңы орнотулуп, борбордук  Т.Усубалиев атындагы  аянтка заманбап  Кореялык  түнкү  фонарлар коюлду. Акыркы  убактарда  шаарда  менчик авто унаалардын саны  көбөйгөндүктөн ,алардын  кыймылын  жөнгө  салуу  боюнча  Ленин көчөсүнө  2  заманбап цифралык   светафор жана  шаардын  3 мерчемдүү жерине  видеокамералар  орнотулду.

Шаардын санитардык тазалыгын сактоону камсыз кылуу багытында таштанды төгүү боюнча 225 точка уюштурулуп, мунун 210 точкасына 295 контейнер коюлуп, ал эми 15 точкасы бетон тосмоолор менен тосулган. Жалпы таштанды чыгаруу боюнча автомашиналардын 8 маршруту түзүлүп, график  менен 2015-жылдын 12 айында 29109 метр .куб  турмуш тиричилик таштандылары чыгарылды. Таштандылар Карга жайлоо участкасындагы таштанды төгүүчү жайга төгүлүп, жумасына 2-3 жолу трактор  менен түртүү жана шаардын жолдоруна суу  чачуу иштери  жүргүзүлүп  келди.  Жыл ичинде таштанды үчүн элден жана мекеме ишканалардан 2571,1 миң сом чогултулуп, 144,4миң сомго элге кызмат көрсөтүлдү . Мекеменин жалпы кызмат көрсөтүүсүнүн кирешеси 2993,2 миң сомду түздү.

2015-жыл ичинде шаардын  27  ички көчөлөрүнө  131  автомашина же 1572м3   балласт  төгүлүп , түздөө  иштери  жасалды.Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасына 2015-жылы жергиликтүү бюджеттен 23366,9,0 миң сом каржыланган.Кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча 30  тонна туз,240м3 инерттик материалдар даярдалып кар жааган мезгилдерде шаардын көчөлөрүнүн кесилиштерине себилип  жатат.

2015-жылдын декабрь айында ишкананын аймак башчылары жана кварталдык комитеттери  шаардык стат бөлүмү менен бирдикте мал каттоо иштерин жүргүзүп, бүгүнкү күндө шаар боюнча ийри мүйзүдүү мал -2526ты башты, анын ичинен  уй-1530, жылкы-1310, кой-эчки-22893 башты жана канаттуулар 6162  даананы  түзүп  ,өткөн  жылга  салыштырмалуу малдын  саны өсүп  жаткандыгы  байкалды.

Шаарыбызды таза кармоо максатында  өткөн жылдын апрель айынан баштап ишембиликтер өткөрүлүп, көчөлөрдү, мекеме-ишканалардын айланаларын, парктарды жана скверлерди көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.

Алсак, апрель айынан баштап 13278 бак-дарактар акиленди, 4 миң метрден ашык арыктар, өткөөлдөр тазаланып, парктардагы, скверлердеги жана көчө жээгиндеги бактар сугарылды.

Шаар ичине  2000 ден ашык тал-теректин, 300 карагайдын көчөттөрү, көчө жээктерине жана парктарга тигилди. Мындан сырткары шаардын борбордук аянтына,пактарга,скверлерге ар кандай  гүлдөрдүн 26279 түп көчөттөрү олтургузулду. Шаардын чыгыш тарабына «Ынтымак» сквери уюштурулуп, 37 даана тянь-шань карагайы, 110 даана терек жана 70 талдын көчөттөрү отургузулуп,  айлана тегереги  425,0миң  сомго  тосулуп  бүткөрүлдү (жер.бюджет)

Ошондой  эле жергиликтүү  бюджеттин эсебинен 250,0 миң сомго мекеменин  жарым  бөлүгүндөгү бөлмөнү гүл  өстүрүүчү күнөсканага кайрадан куруп ,гүл  өстүрүүгө даярдалды жана мекеменин өз  күчү  менен Ж.Акималиев паркына  фонтан  чыгарылды. Бүгүнкү күндө  мекеменин 2009-жылы уюшулган  аянты 2га питомнигинде  бак-дарактардын  14 түрү өстүрүлүп жатат.Ошондуктан  мекеменин  жетекчилиги  бүгүнкү  күндө бак-дарактардын көчөттөрүнүн түрлөрүн  көбөйтүү менен шаардын  мекеме-ишканаларын жана жашоочуларын арзан  баадагы  көчөттөр менен  камсыз  кылуу боюнча аракеттерди көрүүдө.

Шаардын калкын таза суу менен камсыз кылуу  жана ыплас сууларды тазалоо боюнча өткөн жылы бир катар иштер аткарылды. 2016- жылдын 1январына карата шаардын калкы менен мекеме-ишканаларына 1375,0 миң.м3 таза суу берилип, 705,0миң.м3  ыплас суу кабыл алынып тазалоодон өткөрулдү.Мекеменин балансасында жалпы кубаттуулугу 7,92 миң м3/суткалык төрт суу алуучу жай (негизги Ак-Бечел-6,0миң м3/ суткасына, Батыш-0,90миң м3/сут, Теке-Секирик  – 0,96 миң3/сут, Кирпичный 0,06 миң3/сут), жалпы узундугу 108,79 км (Чыгыш чөлкөмүндо-8,90 км, Батыш чөлкөмүндө-7,94 км, Ак-Бечел борбор чөлкөмүндо -89,03 км, Кирпич завод – 2,92 км).  Суу түтүкчөлөрүндөгү суу алуучу колонкалар 117 даана (Чыгыш-27, Батыш-33, Ак-Бечел-57, Кирпичный-2), кубаттуулугу 6,0 миң м3/сут ыплас сууларды тазалоочу жай жана узундугу 28,34 км канализациялык түтүкчөлөрү бар. Мындан тышкары ишкана кароосуз калган (Кирпич завод) скважинасын иштетип келүүдө.

Жыл башында бекитилген планга ылайык өткөн жылдын 12  айында төмөндөгүдөй ондоо иштери жүргүзүлдү.Шаардын ичиндеги суу түтүкчөлөрүнүн көпчүлүгү эски болгондуктан,  жарылуулар жылдан жылга көбөйүп жыл башынан бери 142 жарылуу болуп, кайра калыбына келтирилди.

Шаардагы канализация системасында жыл башынан бери 133 тыгындар катталып, кайра калыбына келтирилип, планда каралган 450 кудукчанын 250 тазаланып, иреетке келтирилип, 0,5 км канализация түтүкчөлөрү жуулуп тазаланып, 86 канализациялык кудукчалардын оозу темир-бетон капкакчалар менен жабылды.

Ак-Бечел,Теке-Секирик жана Батыш суу алуучу жайларынын тегереги дайыма тазаланып , тосмолору жана хлораторныйдын ичи-тышы жазында акиленип-сырдалып , кабыл алынган иш планга ылайык профилактика иштери жүргүзүлүп  келинди. Сууну сарамжалдуу колдонуу максатында мончолорго жана башка мекемелерге  ишкананын эсебинен 79,0 миң сомго суу олчоочу приборлор сатылып келинип коюлду.

Азыркы кундо шаардагы  эл боюнча абоненттердин саны 8524 тутун, 26502 киши.

Мекеме-ишканалар боюнча абоненттердин жалпы саны 307

Мекеменин 2016-жылдын 1-январына карата дебитордук карыз 6909,2 миң сомду ,ал эми кредитордук карызы 2207,6 миң сомду түздү.

Мунун ичинен:

— жалпы бюджеттен каржыланган мекеме-ишканалардыкы 1238,5миң. сом.

— хозрасчеттук мекемелердики  425,3миң. сом.

-ТКЭ 1550,1 мин.сом,

— элдики 3695,3 миң.сом.

2015-жылга суу канализация кызматынан пайдаланган мекеме-ишканалар жана калк менен түзгөн келишимдерге ылайык план 20147,4 миң сом менен кабыл алынып, 19668,9 миң сом жыйналып, план 98,2пайызга  аткарылган.

Кышка даярдык.Нарын  шаарында  2015-2016-жылдын күз кыш мезгилине даярдыктарды көрүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.05. 2015-жылдагы №319токтомунун аткарылышын камсыз кылуу максатында Нарын шаардык мэриясынын  19.06.2015-жылдагы №151-б буйругу менен  шаардык штаб түзүлүп, иш аракеттер көрүлүп  келүүдө .

2015-2016-жылдардын күз-кыш мезгилине Нарын шаарынын экономика тармагына жана калкына бардыгы 10095 тонна   көмүр отуну керектелет. Мунун ичинде билим берүүгө 80 тонна, саламаттык сактоого 10 тонна, жылуулук берүү ишканасына  7500 тонна  жана элге 2500 тонна.

2016-жылдын 8-февралына  карата  жалпы 9984,8 тонна көмүр отуну тартылып ,план 99,0 пайызга аткарылды. Мунун  ичинен  саламаттык сактоого 15 тонна  тартылып 100 пайызга , искусство мектебине  80 тн тартылып  100 пайызга , ал эми  Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси ишканага керектелүүчү 7500 тонна көмүр отунун тартууга 10.07.2015-жылы тендер өткөрүп, тендердин жеңүүчүсү болгон  «Кенч-Строй» ЖЧК  ишканасы менен келишим түзүп( Жергиликтүү көмүр отунунун 1 тоннага болгон баасы 1200 сом көмүр ишканасынын карьеринен өзү тартып алуу шарты менен) 7439,8 тонна көмүр даярдалып, план  99,2 пайызга  аткарылган. (1.07.2015-ж  карата  көмүрдүн  калдыгы  761,5 тн.)

Бүгүнкү күнгө  карата  шаардын эли 2450,0 тонна көмүр  отуну  менен  камсыз  болуп , план 98 пайызга аткарылды. Учурда  4  көмүр  отун  кампалар уюштурулуп,  аларда 70 тонна көмүр  отуну бар. Көмүрдүн 1 тоннасынын болгон орточо баасы  3200 сомдон 3500сомго чейин  сатылууда.

Көмүр отунун  баасынын жогорулап кетүүсүн алдын алуу максатында,  ишкерлер  менен  иш  алып  барылууда.

Жалпысынан бюджеттик мекемелерге көмүрдү  сатып,  тартып алууга талап  кылынуучу акча каражаты  жергиликтүү жана республикалык бюджеттен толугу менен  чечилип  берилген. Шаардагы аз камсыз болгон 546 үй-бүлөлөргө  жергиликтүү бюджеттин эсэбинен көмүр отун үчүн 1000 сомдон  шаардык почта түйүндөрү аркылуу таратылды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым  укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан 2015-жылдын 25-26 -декабрында 100 тонна көмүр отуну тартылып келинип шаардагы  аз камсыз,жалгыз бой жана мүмкүнчүлүгү  чектелген 114 үй-бүлөөгө,8 майыптар коомунун 86 мүчөсүнө  ,жалпы  200 үй-бүлөөгө 500кг дан таратылып берилди.

2015-жылдын 1-ноябрына  карата  Нарын райондор   аралык  жылуулук камсыздоо  өндүрүштүк мекемесинде  бардыгы 22 откана, анын ичинен  20 откана электр  энергиясы, 2 откана көмүр  менен иштейт.  Бардыгы 88  көп кабаттуу үйдү, 31 менчик үйлөрдү, республикалык жана жергиликтүү бюджеттеги  43 мекемени,  4 башка   керектөөчүлөрдү   (прочие)  жана 1813  абонентти  жылуулук менен  камсыз кылып  келет.Анын  ичинен  8 мектеп  анын  6  электр менен ( 1-московский, 1-Ипподром ,5-Автономдуу ),  1 көмүр менен жылыйт( №4 Э.Ибраев  )

6  бала бакча  4 борбордук отканалар менен,2 автономдуу откзандар  менен  жылытылат.

2015-2016-жылдын күзгү-кышкы жылытуу мезгилине  отканаларды  даярдоо боюнча бир катар ремонт иштери жүргүзүлүп  келди.

Кыргыз  Республикасынын Премьер -министринин    2015-жылдын  15-майындагы  №15-41 чи  протоколунуни  чечимине  ылайык №2 Чкалов  мектеби,  обл. сот,  обл. совет(обл. администрация), обл. библиотека  жана   Ипподром электр  от  казандарын    көмүр  от  казанына  өткөрүү боюнча аракеттер көрүлүп,бирок техникалык себептерден бүгүнкү  күнү жаңы  келген 4 Корея  үлгүсүндөгү  көмүр от казандарынын 2 гана  орнотулуп,алар дагы жетиштүү көлөмдө жылуулук менен камсыз  кылбай  жатат  .

Алар:

1.Борбордук  отканага КВм-2.5 МВ  маркасындагы  1 «водогрейный»от казаны   коюлуп  ишке киргизилди (баасы   65,0 миң  АКШ доллары)

2.Ипподром  отканага  КВм-2.5 МВ  маркасындагы  2  «водогрейный»от казанын монтаждоо иштери  техникалык себептерден бүткөрүлбөй калды   (баасы   65,0 миң  АКШ доллардан)

3.№4 Э.Ибраев  мектебине  КВм-0,5   МВ  маркасындагы 1 «водогрейный»от казаны коюлду (баасы   14,5миң  АКШ доллары).

Ал  эми  Ленин №73, 75, 148  үйлөрүн  жылытуу ,   жылуулук    ишканасына   өткөрүлүп  берилди.

  1. Московский отканасы боюнча- ЦРК көмүр отканасына кошула турган электр отканаларына кетүүчү борбордук  жылуулук трассасынын  дм. 219 мм болгон  450 н/м  жердин  трубаларынын  жарылган  жерлерин  алмаштыруу,  люктарын ачып  тазалап,  задвижкалардын  жаңыртуу  иштери  жүргүзүлдү.
  2. ЦРК отканасы боюнча- Облсуд, Облсовет отканаларына баруучу жылуулук трассасына трубаларды тартуу жумуштары жана  Ленин көчөсүндөгү  №73,75  үйлөрдүн жылуулук системаларын ремонттоп,  трубаларын,стояктарын жаңыртуу жумуштары  жасалды.
  3. Ипподром отканасы боюнча- Ленин №148 үйдүн  ичиндеги  жылуулук системалары ремонттолуп , стояктары жаңыртылды,жылуулук  трассаларын тартуу жумуштары бүткөрүлдү.

Жалпы  жылуулук  трассаларынын ,ички  жылуулук  системаларынын  ремонтуна  840,0 миң сом  жана  отканалардын  ремонтуна 1 млн.200  миң сом жумшалган.   Жасалган иштер  менен  катар, Нарын райондор   аралык  жылуулук камсыздоо  өндүрүштүк ишканасы тарабынан  кемчиликтерге жол берилгендиктен  быйылкы  жылы  жылуулук берүү бир  нече жолу үзгүлтүккө  учурап , элдин  нааразычылыгын  туудурду.

1-январь  2016-жылга  карата    ишкананын  дебитордук  карыз ы жалпы —   22млн 325.7 миң сомду түздү.

Мунун  ичинен,

-республикалык  бюджеттеги мекемелер  — 1 млн  309.0 миң  сом

-жергиликтүү  бюджеттеги мекемелер(мектептер,бала бакчалар каражат республикадан келет)   — 7млн  502.9 миң  сом

— элдики   — 12 млн  295,9 миң  сом

-башка  керектөөчүлөр  — 1 млн  217.9  миң сом

Ишкананын «Чыгыш электр» АКсына карызы 65 млн.890миң сом,мунун  ичинен пайдаланган электр энергияга  -30 млн.586,5 миң.сом, үстөгү(пенясы) 35 млн.304,2 миң сомду түздү.

Облустук-шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер  борборунда4 электр  от  казаны  бар , анын  2 комбинированный(көмүр менен дагы  иштейт), ремонт  иштери  бүткөрүлүп, керектелүүчү  15тн   көмүр толук даярдалдалган.Шаардык искусство  мектебинде  14 контрамарка  меши  бар,  ремонт  иштери  толук  бүткөрүлүп, керектелүүчү  80тн  көмүр отуну толук  тартылып келинген.

Энергетика  тармагында Нарын  шаары боюнча бүгүнкү  күндө 294 ТП  бар, анын  ичинен  183ТП  Нарын электр  тармактар  ишканасынын  балансасында, ал эми  111ТП  абоненттердики.   План  график боюнча  Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан  50 ТПны  ремонттоо  каралып, бүгүнкү күндө  55 ТП (трансформатордук  подстанция)  ремонттон  өткөрүлүп  план  110  пайызга аткарылды.

Нарын  ЭТРна  накталап  оңдоого  2015 –жылдын   12 айына  1800,0 миң сомго  план  берилип 2821,7  миң сомго  иштер жазалып ,план  156,8  пайызга аткарылды.

Алсак , 53,7км  АЧ-10кВ ,  53,6км  АЧ- 0.4кВ  электр  линиялары   ремонттон   өткөрүлдү.  Учурдагы  оңдоого 2015-жылдын  12 айына  1290,0 миң  сомго  план  берилип  1750,7  миң сомго иштер   жазалып  план  135,7   пайызга аткарылды. Раззаков чөлкөмүндөгү Баласагын жаңы конушка 41 жана А.Жусупов  көчөсүнө 7 жана  Ак- шоола көчөсүнө 3 даана зым тиректер   орнотулду. Траверсаларды  сатып  алууга  жана  аба  чубалгыларын  тартуу  үчүн  жергиликтүү  бюджеттен  167,2 миң сом  бөлүнүп  берилип  чубалгыларды тартуу  иштери  жүргүзүлдү.

Бүгүнкү  күндө кышка  карата 2км  электр  зымдары,  5ТП (400кВт -1даана, 250кВт-1 даана,   жана  160кВт-3даана)  запаста турат  жана  жетиштүү өлчөмдө  трансформатордук  май  даярдалган.

2015-жылдын  12 айына  157466,0 миң  кВт.  саат  лимит  берилип,  149122,6миң кВт  саат  электр  энергиясы  пайдаланылып , натыйжада  8млн 343 миң кВт  саат  электр  энергиясы  үнөмдөлгөн.Кабыл  алынган  электр  энергиянын  ичинен  жалпы  коромдор  23281,9 миң кВт саат башкача  айтканда  15,61  пайызды түзүп, өткөн жылга  салыштырмалуу 5,2 пайызга азайган.

Мунун  ичинен :  -16413,0 кВт саат  10/04кВ   боюнча  техн.   жоготуу(11,01%)

—  3046,0 кВт саат  35 Кв  боюнча  тех.жоготуу (2,04  %)

—   3822,3 кВт саат  коммерциялык  жоготуу   (2,56%)  , өткөн  жылга  салыштырмалуу  0,01  пайызга  азайган.

Нарын  ЭТРи  боюнча  1-январь  2016-жылга карата  дебитордук  карыз  төмөндөгүдөй болду: 

  —Жалпы    —                       77870,0  миң  сом

-Элдики   —                        16269,5  миң  сом

— Мекеме -ишканалар   —61600,5  м иң  сом

Мунун    ичинен  :

Республикалык   бюджеттеги мекемелер               4489,7  миң  сом

Жергиликтүү      бюджеттеги мекемелер                168,4 миң  сом

Коммерциялык     структуралар    2915,2  миң  сом

Башка   структуралар                       54027,1 миң  сом 

Дебитордук  карыздарды өндүрүү  боюнча 525  рейддик  иштер  жүргүзүлүп, 1270 кардарга акт  протокол  түзүлүп   3475,0 миң сом  кайрадан  эсепке  алынды жана  4446  кардардын  электр  энергиясы  өчүрүлдү.

Курулуш тармагында  курулуш  ишканаларынын 2015-жыл ичинде аткарган подряддык  иштеринин көлөмү  746656,9 миң  сомду түзүп ,өткөн  жылга  салыштырмалуу 108209,7 миң сомго  көп  аткарылган.

Нарын шаарынын жарандык коргонуу даярдыгы  боюнча 2015-жылга түзүлгөн планга ылайык иш жүргүзүп келди. Табигый мүнөздөгү коркунуч келип чыккан учурда калкты жана аймакты коргонуу маселелери өз убагында чечилип, жарандык коргонуунун системасын даярдоо бекитилген план боюнча аткарылды.

Жалпысынан 2015-жылдын 12-ай ичинде Жарандык Коргонуу боюнча 8 окуу- машыгуулар, 8 жалпы текшерүүлөр жана 10 ЖКнун күндөрү өткөрүлдү.

2015-жылдын  октябрь айында ЖКнун башчысы,ЖКнын  кызматтары,ЖКнун кызматтарынын  топторунунменен  биргеликте”Табигий  мүнөздөгү ӨК коркунучунда жана пайда болгондо,ЖКнын иш чараларын башкаруу “деген темада комплекстик  окуу өткөрүлдү. Ошондой  эле шаардын сел коркунучу бар аймактарда алдын  алуу иш чараларын аткаруу боюнча  төмөндөгү иштер жасалды.

Мазар  булак ,Чыгыш   коктулары    республикалык  бюджеттин  эсебинен  6 млн278миң.сомго    реконструкциядан    өткөрүлдү . Нарын -70 коктусу кайрадан  казылып  , 4 көпүрөө  курулуп бүткөрүлдү  (338,0 миң сомго , мунун 113,0 миң сому  жер.бюджет ,225,0 миң  сом Ага Хан  фондусу)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга коюлган Программасындагы милдеттерди аткарууга  жетишүү  боюнча Нарын  шаарынын 2016-жылга карата кабыл алган  иш-аракеттеринин план  милдеттерин аткаруу биздин башкы максатыбыз болуп  саналат.

 Саламаттыкты сактоо боюнча: Нарын шаарынын калкына алгачкы медициналык-санитардык жардамды  көрсөтүүдө 5-ҮДТру жана тез жардам бөлүмү  иш алып барышат. Нарын облустук ҮМБда 40 дарыгер, 97-орто медициналык кызматкерлер  эмгектенишет. Дарыгерлер менен камсыз болушу 60% түзсө, ал эми орто медициналык кызматкерлер менен камтылышы 100 % түзөт. Бүгүнкү күнгө 16 дарыгер жетишпейт (6 үй-бүлөлүк дарыгер, онколог, нарколог,логопед, уролог,  эндоскопист,  физиотерапевт адистери).

Бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселелеринин бири болуп калкка алгачкы медициналык жардам көрсөтүүдө дарыгерлердин кескин жетишсиздиги, өзгөчө үй-бүлөлүк дарыгерлердин жоктугу, көрсөтүлүп жаткан алгачкы медициналык жардамдын сапатына терс таасирин тийгизүүдө. Иштеп жаткан дарыгерлердин ичинен 55-60 жаштан өткөндөр 60 % түзсө,  ал эми 35 жашка чейинки дарыгерлер   6 % гана түзөт.

Дарыгерлердин жетишсиздиги боюнча маселе коюлуп, 2013-2014-2015-жылдарга дарыгерлер тартылып, депозит менен иш алып барышууда. Алсак, жалпысы 9 депозит врачтар, мунун ичинен Нарын облустук бириктирилген ооруканасына 5, Нарын шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна 4 дарыгер келип орношуп, жергиликтүү бюджеттен жалпысы 2014-жылга 92000 жана 2015-жылга 224 000  сом батирге төлөнүп берилди. Кыргыз –Швецариялык проектиси аркылуу 5 дарыгер келип, келишимдин негизинде 4 дарыгер Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын бөлүмдөрүндө, 1 дарыгер Ат-Башы районунда эмгектенип жатат.

Республикалык бюджеттен материалдык-техникалык базасын чыщдоо максатында ийне саюу, эмдөө  бөлмөлөрү инфекциялык контролго ылайыкталып 84 943 мищ сомго ремонт иштери жүргүзүлдү. Медициналык кызматкерлерди дистанциялык окуудан өткөрүү жана атестациялоо үчүн 8 компьютер, интернет коюлду. Агахан фондунун колдоосу менен 116 175 сомго электрондук медицина боюнча 1 ноутбук, 2 телевизор, видеокамера орнотулуп, медициналык кызматкерлер үчүн шарттар түзүлдү. Кош бойлуу энелер үчүн үй-бүлө мектебинин бөлүмү капиталдык ремонттон өткөрүлүп, тиешелүү жабдуулар менен камсыз болду. 559 792 сомго медициналык жабдуулар (цифровой ФЭК, механикалык тараза-3, микроскоп, ж.б) алынып келди.

Дары-дармек боюнча  кошумча пакет программасынын  негизинде 2014-жылы 6635 рецепт жазылса   1355705  сом 21 тыйын (104%), ал эми 2015-жылы 5493 рецепт жазылып, 1 357 863 сомго  ФОМС тарабынан оорулардын дары-дармектери үчүн кошумча каржыланды. Кошумча пакет программасына берилген лимит 98,3% аткарылды.

Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча 2015-жылы амбулатордук шартта бекер дары дармек менен 598  рецепт 420 479 сом (101,1%), 2014-жылы 1006 рецепт 752 682 сом ФОМС аркылуу аптекаларга которулуп берилди.

Облустук ҮМБда жана ҮДТда 2015-жылы 159 809 кабыл  алуу болуп (2014-ж 141959) былтыркы жылга салыштырмалуу 17850ге кабыл алуу көбөйгөн. Ал эми  үйдөн жардам көрсөтүү 9248 болуп,  2014-жылга салыштырмалуу 1480 ге   азайган  (2014ж-10728). Себеби, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери жетишпей жаткандыгы жана базага түшүрүүдө калктын кээ бирлеринде документтердин толук болбой жаткандыгы.

Тез жардам бөлүмүнө 2015-жылга 5949 (2014-жылга  7618) чакырык болгон, б.а.  1669  чакырыкка азайган, ал эми 577 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Чакырыктарды оорулары боюнча алып караганда 4669 оору ар кандай өнөкөт оорулар менен, курч кармаган оорулар менен 553 оору анын ичинен гипертаниялык оору 275 түздү. Нарын шаарында 2015-жылы жалпы өлгөндөрдүн саны-255  учур болуп, (2014ж.-234) салыштырмалуу 8,9% көбөйгөн. Оорулар боюнча структурасын анализдегенде 1-оруна жүрөк кан тамыр оорулары-41, 2-орунда онкологиялык оорулар-13, 3-орунду травма-10, андан кийин  тамак сщирүү органдарынын оорулары -9 жана башка себептерден бардыгы биригип-25 түздү.

Балдар кызматы боюнча: Нарын шаары боюнча салыштырмалуу 2015-жылы 1030 бала төрөлүп, салыштырмалуу 28 балага аз  төрөлгөн (2014ж.-1058). Анын ичинен өлүү төрөлгөнү 8 учур (2014ж-8), 14 жашка чейин өлгөнү 21 учур болуп, салыштырмалуу   1 учурга азайган (2014ж.- 22).                                                                                                                                                                                                                                                                                                      Жыл ичинде 0-14 жашка чейин өлгөн балдардын саны-21 анын ичинен:

  1. Перинаталдык себептерден -14-66,6%
  2. Дем алуу органдарынын оорулары-2-9,5%
  • Башка себептерден-5- 23,8%

Нарын шаары боюнча2014-жыл2015-жылБаардык төрөлгөнү10581030А.и. өлүү төрөлгөнү8814 жашка чейин өлгөнү22211 жашка чейин19151-2 жашта өлгөнү12Кенже балдардын өлүм көрсөткүчү18,114,61-2 жашка ч.өлгөн балдар өлүм көр.1,12,01 жашка чейин ооруканада өлгөнү9-47,32-13,31 суткага жетпей ооруканада өлгөнү——Төрөт үйүнөн өлгөнү9-47,312-80,01 жашка чейин үйүнөн өлгөнү1-5,21-6,6

1 жашка чейин өлгөн балдардын саны-19 учурдан-15 учурга азайып  өлүм көрсөткүчү 14,6 % түздү (2014-ж.-18,1%). №1ҮДТобунда 9,8%, №2-13,8%, №3-16,4%, №4 -7,8%  жана №5-34,4% болду. 1-2 жашка чейин өлгөн балдар 2015-ж.2 учур катталып, өлүм көрсөткүчү-2,0% түздү (2014-ж.1 учур-1,1%).

1-2 жашка чейинки өлгөн балдар:

1) №4 ҮДТобунда катталган Мырзабеков Нурсултан 1жаш 29 күндүк D/S:ОССН.ОДН III ст.Остр.2х.ст.пневмония (J18.9) менен НОБОнын  реанимация бөлүмүнөн чарчаган (дарыгери Г.Мааданбекова) .

2) №5 ҮДТобунда катталган Ибраимакунова Бегайым 1жаш 1 күндүк D/S:ОССН.ОДН III ст.Остр.2х.ст.пневмония (J18.9) менен НОБОнын  реанимация бөлүмүнөн чарчаган (дарыгери  Т.Алашова)

1-жашка чейин ооруканада өлгөн балдар 2015-ж. 2 бала катталып, (2014-ж.-9) салыштырмалуу 7 учурга азайган. Ал эми 1 суткага жетпей ооруканада өлгөнү 2014- 2015-жылы катталган эмес.

1-жашка чейин үйүнөн өлгөн 1бала катталган (2014-жылы-1), бул  бала №5 ҮДТнан  катталган: Турсунбеков Халид 5 ай 26 күндүк бала D/S:ОССН.ОДН.Остановка сердца н/у (I 46.9 ) менен  (Дарыгери Г.Омуралиева);

ГСВТөрөлгөнү1ж.жетпей өлгөнүТөрөт үйүнөн өлгөнүүйүнөн өлгөнүОоруканада өлгөнү1суткага жетпей ооруканада өлгөнүКенже балдар

өлүм көрсөт-чү

1-2 жашка чейин өлүм көрсөткүч14151415141514151415141514151415ГСВ№12903115343117,39,8ГСВ№2332292742214221,213,80,3ГСВ№31841833323116,416,4ГСВ№413412811—117,57,8ГСВ№511811634131225,634,4Нарын шаары боюнча1058103019159121192  18,114,61,1 

Балдар өлүмү, кабылдоолору атайын түзүлгөн штабда каралып, тиешелүү административдик чаралар көрүлүдү.  Жыл ичинде жалпы балдар өлүмү боюнча 13 териштирүү жүргүзүлүп,  13 эскертүү( А.Тынымсеитова, Г.Ѳмүралиева, С.Молдобаева, Н.Абдыгазива, Э.Токтогазиева, Б.Сыдыкова , О.Рысмендиева, Н.Жапарова,Г.Жумалиева, С.Ниязова) , 4 -сөгүш( № 1 ҮДТ Билалова, Н.Абдыгазиева, Б.Баяманова , Г.Буйлашова), 2 КТУ кыскартылган . Кош бойлуулар төрөт үйүнө кабылдоолор менен барып, ошол себептерден балдардын өлүмү төрөт үйүнөн 2014-жылга салыштырмалуу 3 учурга көп катталган.

Нарын шаарында 2015-жылдын 12 айында 693 учур жугуштуу оорулар катталган (ОРВИ жана сасык тумоо ооруларынан сырткары). Былтыркы жылга салыштырмалуу 1,03 эсеге өсүш берген  же 2014-жылы 672 учур катталган. 2015-жылда катталган жугуштуу оорулардын  12,2%- мите курт, 11,3%  — сарык, 31,8%- жалпы ичеги карын, 3,6% — кургак учук, 2.8% — бруцеллез, 1,7%- тери-венерикалык, 18,03%- башкарылуучу оорулар түзөт.

2015-жылы катталган оорулардан 2014-жылга салыштырмалуу: жугуштуу ичеги карын оорулары 275-340 (инт көр 673,4-724,3),  сарык 57-79 (инт. көр. 139,5-168,3), бруцеллез 18-20 (инт көр 44,08-42,6), ВИЧ 1-2 (инт көр 2,4-4,2), лямблиоз 11-21 (инт көр 26,9-44,7) учурга өсүш берсе, кургак учук 50-25 (инт көр 122,4-53,2), гонорея 17-9 (инт көр 41,6-19,1), энтеробиоз 52-44 (инт көр 127,3-93,7), паротит 156-11 (инт көр 382,01-23,4), аскаридоз 16-9 (инт көр 39,1-19,1),  сифилис 8-3 (19,5-6,3), эхинококкоз 1-1 (2,4-4,2) учурга азайган.

Жугуштуу ичеги-карын оорулары шаарда 1,2 эсеге өсүш берип көрсөткүчү 673,4-724,3 түздү. Катталган учурлардын 90,8%  14 жашка чейинки балдарга туура келет. Түрү боюнча алып караганда жалпы жугуштуу ичеги карын ооруларынын ичинен, ич өткөк (дизентерия) 2,05%;  28,5%-жугуштуу ичеги карын ооруларынын аныкталган түрү, 69,4%- аныкталбаган  түрү түзөт.

 Нарын шаарындагы  ичеги карын ооруларынын абалы боюнча Нарын шаардык мэриясынын алдындагы социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар оорулар боюнча шаардык көп секторлуу координациялык комитеттин отурумунда 16.06.15-ж каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Сарык оорулары 57 учурдан  79га интенсивдик көрсөткүч 139,5-168,3 , былтыркы жылдын 12 айына салыштырмалуу 1,3 эсеге өсүш берди. Анын ичинен сарык оорусунун «А» түрү  55  учурдан 76га (инт. кор 134,6-161,9). Катталган учурдун 89,4%  14 жашка чейинки балдар түздү. Ал эми В түрү 2 учурдан 3кө өсүш берген, интенсивдик көрсөткүч 4,9-6,3 түзүп, жугузуу булагын аныктаганда 2 учурунда медициналык манипуляция алууда жугузушу мүмкүндүгү жана 1 учурунда кайдан жугузгандыгы белгисиздиги аныкталган.

Мектеп, бала бакчалардын фельдшерлери жана ашпозчуларынын арасында жугушсуздандыруу режими жана аны даярдоо ыкмасы  боюнча Нарын райондук ооруларды алдын алуу  жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери тарабынан санитардык минимум өткөрүлүп берилген.

ВИЧСПИД боюнча:  Нарын шаары боюнча бардыгы болуп 1688 (2014-ж. 1881) анализ ВИЧСПИДке алынып, 2014-жылга салыштырмалуу 193 учурга азайган. Мунун ичинен 1138 венерикалык оорулар, 1231 кош бойлуулар, 125 клиникалык көрсөткүчтөрү барлар, анын ичинен 1 бала, 3 норкаман, 131 медициналык кызматкерлер. Кан боюнча реципиенттер 40 учур, туберкулез 21 жана башкалар 9 учур болду. Жащы катталгандар 2 учур катталып 2014-жылга салыштырмалуу 1 учурга көбөйгөн. СПИД оорусунан каза болгондордун саны 3. Нарын шаарында СПИД оорусу менен катталгандардын саны 13, анын ичинен 8 эркек, 5 аял. Жащы катталгандар 2 (2014-ж-1)

Нарын шаары боюнча жалпы кургак учук оорусу боюнча 106 (2014-ж-80) оору көзөмөлдөө турат. Кургак учук оорусу боюнча 2015- жылга жащы катталган оорулардын саны 25,  былтыркы жылга  салыштырмалуу 12 ооруга  аз катталды. 25 оорулуунун ичинен Нарын шаарына келип, бирок башка жакта жашаган оорулардын саны 4, 1 оору Бишкек шаарынан, Ат-Башыдан 2, Россиядан 1. Балдар арасында 2015-жылы  кургак учук  оорусу 1 учур катталган. Ѳспүрүмдөр  арасында  2  кургак учук оорусу катталып, салыштырмалуу 2014-жылы 3 учур болсо 1 учурга азайган.

Кургак учуктун өлүм көрсөткүчү 11 учур катталган. Анализдеп көргөндө: жащы табылган оорудан бирөө каза болгон-Макеева Ташы 87 жаш, Кант шаарчасында жашаган, бирок Нарынга келип үйүнөн каза болду. Сарымсаков А жана Касымбаев К. СИЗОдон,  2 оору Жумалиева Э. Нурдөөлөтов Н, туруктуу кургак учук оорусунан, ал эми 6 оору өнөкөт кургак учуктан каза болушту.

Кургак учуктун туруктуу түрү боюнча 2015-жылы 5 оору катталды. Дарыланып жаткандар саны 6, өлгөндөр 2.

Кургак учукка каршы жащы төрөлгөн балдарга вакцинация жүргүзүү 2014-жылга 98,5 % түзсө, 2015-жылга 1115 бала төрөлүп, 972 балага жазалды. Же 95,8 пайызды түзөт. Тубдиагностика боюнча 2020 проба манту жазалып, 1 кургак оорусу табылган.

Кызамык оорусу боюнча 2014-жылы 1 учур катталса, 2015-жылы 115 учур катталып, 114 учурга өсүш берген. 0-14 жашка чейинки балдардын, өспүрүмдөрдүн жана чощ адамдардын арасында жугуштуу ооруларга каршы кептөөр, көк жөтөл, столбняк, гепатит “В” ооруларына каршы алгачкы эмдөө 96,0 аткарылган. Эмдөөлөр 926 балага жазала турган болсо, 889 гана эмдөө жазалган. Кызылча жана сакоо ооруларына каршы бир жаштагы балдарга алгачкы эмдөөлөр жүргүзүлүшү керек. Планга койгон эмдөөлөрдүн аткарылбай калышынын себеби, эмдөөдөн баш тарткандар болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты Сактоо Министрлигинин 2015-жылдын 19-февралында №78 “Кыргыз Республикасында кызамык жана кызылча оорусуна каршы мамлекеттик эмдөө компаниясына даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө буйругун жана кызамык оорусунун Нарын облусу боюнча эпидемиологиялык абалынын туруктуулугун сактап, мамлекеттик эмдөө компаниясы облус боюнча жогорку дещгээлде өткөрүлүп, Нарын шаарында жашаган 1-20 жашка чейинки балдарды жана саламаттык сактоо мекемелеринин бардык кызматкерлерине кызамык жана кызылча оорусуна каршы мамлекеттик эмдөө компаниясы жүргүзүлүп 98% түздү.

Нарын шаардык мэриясынын алдындагы социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар оорулар боюнча шаардык көп секторлуу координациялык комитеттин отурумунда 2015-жыл ичинде жалпысынан 4 маселе коюлуп, 2 маселеси «Кызамык оорусун алдын алуу боюнча» жана АИВ инфекциясынын таралышын алдын алуу боюнча» маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Нарын шаары боюнча  2014-жылы биринчи жолу эхинококкоз оорусу боюнча операция болгон 4 учур катталса, 2015-жылы 5 учур болуп, 1,2 эсеге өсүш берген. Катталган 5 оорудан сырткары 2 оору кайталап операция болгондор, бардыгы 7 учур.  Жалпы катталган оорунун 3 учуру альвеококкоз, 4 учуру эхинококкоз менен операция болгондор. 7 учурдун 57,1% аялдар түзөт. 2014-жылы 1 учур 14 жашка чейинки балдар болсо, 2015-жылы балдар арасында катталган жок.

Нарын райондук ооруларды алдын алуу  жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору:

Жыл ичинде пландуу түрдө 49 жана пландан тышкары 19 текшерүү жүргүзүлүп, аныкталган кемчиликтер боюнча бардыгы 25 санитардык көрсөтмө берилген. Мындан тышкары  10 айыпка протокол толтурулган, 2 эскертүү протоколу толтурулган жана 1 менчик стоматологиялык кабинеттин иши убактылуу токтотууга жабылган.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин 15.10.2015-жылдагы «Республикадагы жалпы билим берүүчү мектептердеги 1-4- класстын окуучуларына массалык дегельминтизацияны уюштуруу жана өткөрүү жөнүндөгү» № 587-буйругуна ылайык 2015-жылдын 28-29- октябрында Нарын шаарындагы мпектептердин кенже класстын окуучуларына дегельминтизация- мите курттардан арылтуу акциясынын I туру өткөрүлгөн. Дегельминтизация  жазоо үчүн 1-4 класска чейинки балдардын саны такталып, баардыгы- 3308 окуучуга дары берилип , баардыгы дары ичип, 100% түздү.

КРнын Ѳкмөтүнүн техникалык регламенттерине ылайык үй шартында өндүрүлүп жаткан азык-түлүктөрдөн, жеке ишкерлерден түшкөн  арыздардын жана пландуу текшерүүлөрдүн негизинде өндүрүштүк мекемелерден пробалар алынып текшерилип  206 өдүрүштүк көзөмөл түзүлүп,  223946 сом өндүрүлдү.

2015-жылдын 12-айында шаар боюнча текшерүүлөрдүн негизинде берилген сунуштардын, лабораториялык изилдөөлөрдүн  жыйынтыгы менен тамак-аш гигиенасы боюнча 13 айып 26500сомго салынып өндүрүлгөн,  15 жабуу, 45 жумуштан четтетилген, балдар өспүрүмдө гигиенасы боюнча 7 айып, 12000сомго, 4 жабуу ,7 жумуштан четтетүү, коммуналдык гигенасы боюнча 11 айып, 12000 сом,1 жабуу (менчик клиника Насирдинов К.).

Шаардык билим берүү бөлүмү: Шаардык билим берүү бөлүмү шаарыбыздын өсүп келе жаткан жаш муундарына билим тарбия берүүдө иштеп жаткан  8 мектеп, 6 балдар бакчасы, 2 спорт мектебине жалпы жетекчилик кылат.

Нарын шаарындагы орто мектептерде 2015-2016-окуу жылында 7392  (2014-2015-ж 7105 окуучу) окуучуга 529 мугалим, ал эми  балдар бакчаларында 1822 (1799) тарбиялануучуга 77 тарбиячы-педагог билим, тарбияларын берип келишет.

Кезектеги ремонт.    Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу 8 орто мектебинде, 6 балдар бакчасында, 2 спорт мектебине жана Ж.Шералиев атындагы балдардын искусство мектебине кезектеги ремонт иштерине республикалык бюджеттен 2014-жылга 667 100 сом  бөлүнсө,2015-жылга 667 100 сом бөлүнгөн. Ал эми жергиликтүү бюджеттен   2014-жылы 1 млн 115 мищ сом бөлүнсө, 2015-жылы 710 000 сом бөлүнгөн.                                                                                            

№Мекеменин аталышыКаржылоо булактарыКоторулган акча каражатыЭскертүү1МектептергеЖергиликтүү бюджет300 000Кезектеги ремонт иштерине2Бала бакчаларга315 0002С.Бекмамбетов атындагы эркин күрөшЖергиликтүү бюджет50000Ремонт иштерине3Ж.Шералиев атындагы искусство мектебиЖергиликтүү бюджет45 000Кезектеги ремонт иштеринеЖалпы710 000

Мындан тышкары К.Жакыпов атындагы №5 орто мектептин  2 млн 243 мищ 153 сомго дем берүүчү грантка жазган проектиси өтүп, жергиликтүү бюджеттен 224 315 сом акча каражаты чечилип берилди, мектептин ички залдарынын полдоруна плита жаткырылды. Ошондой эле Ж.Чолпонбаев атындагы №10 орто мектептин 2 млн 882мищ 024 сомго  дем берүүчү грантка жазган проектиси өтүп, жергиликтүү бюджеттен 288 202 сом акча каражаты чечилип берилип, мектептин сырты жылууланып,алдына брусчатка төшөлдү.

 Мектептин ысык тамагы. Башталгыч класстарга берилүүчү ысык тамак үчүн республикалык бюджеттен 5 млн 475 мищ 600 сом акча каражаты каралат, мунун ичинен ай сайын окуучуларга 608 мищ 400 сомдун тамагы  берилет. Нарын шаарындагы 8 орто мектептин 1-4-класстарын 3260 окуучуларына ар бир балага 10 сомдон ысык тамак менен камсыз кылынды. Мектептерде окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча мүмкүн болгон шарттар түзүлгөн. М.Сыдыков атындагы №7, А.Буйлаш уулу атындагы №8, К.Жакыпов атындагы №5, Э.Ибраев атындагы №4 орто мектептерде МэрсиКО Эл аралык уюму тарабынан берилген продуктылар менен окуучуларга ысык тамак берилди. Ал эми окуучуларга ысык тамак берүүдө  ашканада иштеген ашпозчунун айлык акылары 2015- жылдын январь, февраль,март,апрель, май үчүн Нарын шаардык мэриясы, Нарын шаардык Кещеши  тарабынан чечилип берилген болсо, 2015-2016-окуу жылында аталган орто мектептерге ашпозчулук штаттар республикалык бюджеттен чечилип берилди. Мындан тышкары аталган орто мектептерге МэрсиКО Эл аралык уюмунан 2015-2016-жащы окуу жылына азык-түлүк алып келүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 42 000 сом бөлүнүп берилген,бүгүнкү күндө аталган 4 орто мектепте жумасына төрт жолу ысык тамак берилүүдө.  Ошондой эле Токтогул атындагы №1, Ж.Чолпонбаев атындагы №10, А.Садыков атындагы №9 орто мектептеринде жумасына эки жолу каша берилип жатат. Ал эми, Чкалов атындагы №2 мектеп-гимназиясы чай менен булочка берилип, жащы окуу жылына карата каша берүү жагы каралууда.

Шаарыбыздагы мектеп жана балдар бакчалар материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана инвестиция тартуу программасынын жана долбоорлор менен иштөө багытында  жалпы 34 046 150 сом, мунун  ичинен республикалык бюджеттен 16 327640 сом, жергиликтүү бюджеттен  өздүк салым үчүн 1 700 343  сом, Эл аралык уюмдар Aга Хан фондунан 1 094 440 сом, Jica программасы аркылуу 1 051 427 сом,  Мерсико уюмунан 4 362 164 сом, демөөрчүлөрдөн 4 729985  акча каражаты бөлүнүп берилген.

Билим сапаты боюнча: Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу багытында бир катар иштер уюштурулуп келет.2014-2015-окуу жылында предметтик олимпиаданын шаардык туру 11 сабак боюнча өткөрүлүп, 295 окуучу катышып, мунун ичинен 1-орунга ээ болгон 34 окуучу  облустук турга жолдомо алышып, анын ичинен 4 окуучу республикалык турга катышып, №7 М.Сыдыков атындагы орто мектептин окуучусу география сабагынан 3-орунда камсыз кылган.

2015-жылдын 12-декабрында жалпы билим берүчү орто мектептер арасында предметтик олимпиаданын шаардык туру 10  сабак боюнча өткөрүлүп, жыйынтыгында 1 –орунда №7 орто мектеп, 2-орунду №10 орто мектеп,  3-орунду №8 орто мектеп камсыз кылышып, 34 окуучу облустук турга даярданышууда.

2014-2015-окуу жылында 9- класстын бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы саны  601 окуучу аяктап, артыкчылык күбөлүгүнө 55 окуучу, 11- класстын бүтүрүүчүлөрүнүн саны  357 окуучу ,анын ичинен 34  окуучу артыкчылык  аттестатка талапкер болуп, 2 окуучу артыкчылык аттестатына ээ болушту.

Нарын шаарындагы 2014-2015-жылдардагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы:

Жалпы катышкан окуучунун саны90 баллга чейин

 

90-110

 

110-130

 

130-150150-170170-190190-200

 

200 жогору20142015201420152014201520142015201420152014201520142015201420152014201537034645301309177895760354118315232

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен №2 Чкалов мектеп-гимназиясынын окуучусу 220 балл менен алтын сертификатка ээ болду.

Окуучулардын билим сапатына таасир этүүчү критерийлердин дагы бири болуп мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздиги эсептелет.Окуучулар кыргыз тилиндеги окуу китептери менен 85%, орус тилиндеги окуу китептери менен 48% камсыз болгон.

Компьютерлер боюнча маалымат: жалпы компьютерлердин саны, эски, жащы мурдагысы, ким аркылуу алынган, суммасы. Принтер, факс, ксерокс аппараттары менен камсыз болуусу.

№Мектептердин аталышы. Нарын шаарыКомпьютерлер

саны

Кам

сыз

болуу %

ФаксКсе

рокс

 

Принтер

 

 

ЖалпысыIBMPentium IV1№1 Токтогул о/м22 2244%112№2 В.П.Чкаловм/г38 3876%223№4 Э. Ибраев о/м29141530%114№5 К. Жакыпов о/м2161530%115№7 М. Сыдыков о/м3853366%1126№8 А. Буйлаш уулу о/м42 4284%1227№9 А. Садыков о/м11 1122%118№10 Ж. Чолпонбаев о/м16 1646%21Баардыгы2172519246%21111

“Наристе” балдарды мектепке даярдоонун 480 сааттык программасын ишке ашыруу боюнча мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жана мектептерге башталгыч класстардын мугалимдери, жалпы 33 педагог окуудан өткөн. 480 сааттык программа менен орто мектептерде 15 орус класс, 5 кыргыз класс ачылып, баардыгы 633 окуучу мектепке даярдалууда.

Орто мектептерде билим берүүнүн натыйжалуулугун көтөрүү, окуучулардын сапаттуу, жогорку дэщгээлде билим алуусуна өбөлгө түзүү максатында Нарын шаарынын мэринин стипендиясы  мыкты окуган, коомдук ишке активдүү катышкан окуучуларга жана предметтик олимпиаданын    республикалык турунун жещүүчүлөрү 3-орунду география сабагынан камсыз кылган М.Сыдыков атындагы №7 орто мектебинин 1 окуучусуна 2000 сомдон, окуткан 1 мугалимге 2000 сом  жана     алдыщкы 72 окуучуга 25-май «Акыркы кощгуроо» салтанаттуу аземинде Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кещешинин Диплому, ошондой эле  1000 мищ сомдон, жалпы  жергиликтүү бюджеттен   76  мищ сом  тапшырылды.     Мындан тышкары шаарыбыздагы орто мектептердин жана бала бакчалардын тарбиячылары, жалпы 17 мугалим, тарбиячы  Ысык-Кєл облусунун Чолпон Ата шаарындагы  «Саулык» эс алуу үйүнө  келишимдин негизинде эс алууга 52000 сом, “Улан” балдардын ден соолук чыщдоо борборуна социалдык жактан колдоого муктаж 14 баланын жол киреси үчүн 9800 берилген.

2015-жыл «Улуттук Экономиканы чыңдоо”  жылына карата   «Жылдын мыкты мугалими» -2015  мектептер арасында, “Жылдын мыкты тарбиячысы-2015”кароо-сынагы бала бакчалар арасында өткөрүлүп,алдыщкы орунга ээ болгон катышуучуларга акчалай сыйлыктар, жалпы жергиликтүү бюджеттен 52000 сом акча каражаты тапшырылган.

Шаардагы учурдун социалдык тармактагы  көйгөйлүү маселелердин бири балдар бакчаларынын жетишсиздиги. Шаарда жылдан жылга калктын санын өсүшү менен балдар бакчаларына баруучу балдардын  да саны өсүүдө. Шаарыбыздагы 6 балдар бакчасына нормага ылайык 700 гө чукул бала алыныш керек болсо, бүгүнкү күндө нормадан сырткары  1822 бала тарбияланып келет. Бул көйгөйлүү маселени чечүүдө Нарын шаарынын РТС аймагында №18 “Ак Дил” балдар бакчасына кошумча 50 орундуу корпус куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 4 млн 500 см, Ага Хан фондусу тарабынан 2 млн 500 сом, жалпы 7 млн сом акча каражатына курулуш иштери башталды.

Жайкы мезгилде шаарыбыздагы №15 “Бактылуу Балалык” балдар бакчасы Кичи Кара Кужур жайлоосуна жайлоо шартында бала бакчасы уюштурулуп, 47 бала мектепке даярдалган.        “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду  уюштурган “Жайлоодогу мыкты өнүгүү борбору-2015” сынагына №15 “Бактылуу Балалык” балдар бакчасы “Үлгүлүү өнүгүү борбору, “Жащылыктын жарчысы”, “Жигердүү ата-эне” номинациялары боюнча катышып, жыйынтыгында  “Жащылыктын жарчысы” номинациясы боюнча 1-орунду камсыз кылып, Турцияга жолдомо алып, бала бакчанын жетекчиси Ж.Бейшебаева 10 күнгө эс алууга барып келди.

Жылдын жыйынтыгы менен Нарын шаардык мэриясынын “Көгүлтүр от” жащы жылдык кече өткөрүлүп,  “Мыкты мектеп-2015” номинациясына  №7 М.Сыдыков орто мектеби, мыкты мугалим номинациясына  №2 Чкалов мектеп-гимназиясынын мугалими Акунова Айгул,  “Мыкты спорт кызматкери” номинациясына  балдар-уландар спорт мектебинин Турганбаев Байыш, “Мыкты балдар бакчасы”  номинациясына  №2 “Чебурашка” балдар бакчасы, “Мыкты тарбиячы” номинациясына №16 “Ыйман” балдар бакчасынын тарбиячысы,  “Мыкты мектеп директору” номинациясына Ж.Чолпонбаев атындагы №10орто мектебинин директору  Ѳмүрова Роза,  “Мыкты бала бакча жетекчиси” номинациясына №15 “Бактылуу Балалык”балдар бакчасынын директору Бейшебаева Жанымгүл Нарын шаардык мэриясынын диплому  жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Нарын шаардык ички иштер бөлүмүндө жаш өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекциясынын буга чейин 3  кызматкери  эмгектенип келсе, жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругу менен дагы кошумча 4 кызматкерлер берилип, жалпы 7 кызматкер  иш алып барууда.Бирок буга карабастан жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлору тез-тез алмаштырылып, иштерин  алып кетүүдө чощ көйгөйлөрдү жаратууда.

Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу максатында Нарын шаардык мэриясы, ички иштер, билим берүү бөлүмдөрү жана башка тийиштүү органдар тарабынан ар кандай багыттагы алдын алуу иштер уюштурулуп келүүдө.    Нарын шаардык мэриясы, жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу максатында ички иштер, билим берүү бөлүмдөрү жана Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктары менен биргеликте ар кандай багыттагы алдын алуу иштер уюштурулуп келинүүдө. Нарын шаардык мэриясынын 2014-жылдын 10-январындагы №05-б буйругу менен шаардын аймагында жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш чаралардын планы бекитилген. 2015-жылдын 9 айында жаш оспурум менен иштөө инспекциясынын каттоосунда 25 жаш өспүрүм ар кандай тартип бузгандыгы жана коомго жат көрүнүштөрдү жазагандыктары үчүн каттоодо турат.

8 орто мектепте ар кандай ырайымсыз мамилелердин жана кылмыштуулуктун алдын ала кабарлоо максатында атайын банерге шаардык мэриянын, шаардык ички иштер бөлүмүнүн, шаардык прокуратуранын жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарынын ишеним телефондору илинген. Нарын шаарындагы орто мектептерде “Милициянын жаш жардамчысы” отряддары түзүлүп, укуктук бурчтар уюштурулган.    №2 Чкалов атындагы мектеп-гимназиясы “Школа- без насилия”проектиси менен ийгиликтүү иш алып барып, Нарын облусундагы орто мектептерге, анын ичинен шаарыбыздагы орто мектептерге жайылтуу боюнча облустук дещгээлде мектеп директорлорунун, тарбия завучтардын, социалдык педагогдордун катышуусунда семинар өткөрүлдү.  Ошондой эле аталган проектинин алкагында Нарын шаарындагы орто мектептердин, кыргыз-түрк лицейдин, Ү.Асанов атындагы мектеп-лицей-интернаттын мектеп парламенттеринин катышуусунда 2015-жылдын 10-декабрында тегерек стол өткөрүлдү.Нарын шаардык мэриясынын, прокуратуранын, Нарын ШИИБнүн ЖѲИИсынын инспекторлору, мектептердин соцпедагогдору, ҮМБнун  жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Нарын шаарынын 5 аймагы кыдырылды. Камкорчу, көзөмөлчүлүккө алынган балдарды жана мигранттардын 438 үй бүлөнү атайын графикке ылайык 2015-жылдын февраль, март айларында кыдырып, ар бир үй бүлөнүн жашоо-шарттары, балдарга болгон мамилелерине байкоо жүргүзүлүп, муктаждыктары боюнча суроолоруна маалыматтар берилди. Кыдыруунун жыйынтыгында 5 балага сот аркылуу камкорчу дайындалды.

Ошондой эле 2015-жылдын октябрь, ноябрь айларында орто мектептердин социалдык педагогдору 130 тышкы, 124 ички, жалпы 254 мигрантардын үй бүлөлөрүнө үймө-үй кыдыруу болуп, жашоо-шарттарына мониторинг жүргүзүлдү.   2015-жылдын 7-октябрында шаар ичинде масштабдуу рейд өткөрүлүп, рейдтин жүрүшүндө 6 компьютердик клубдарда отурган 25 жаш өспүрүм балдар аныкталып, өздүктөрү такталып, атайын каттоого алынып ата-энелерине маалымдалды. Ал эми компьютердик клубдун ээлерине кечкисин 20.00 дөн кийин окуучу балдарды киргизбөө боюнча тапшырмалар берилди.

Ошондой эле кармалган окуучулардын ата-энелери мектептерге чакыртылып, балдарына көзөмөлдүктү күчөтүнү жана ушундай көрүнүш кайталанган учурда катуу чаралар көрүлөөрү эскертилген. Учурдун эщ көйгөйлүү маселеси болуп жаткан мектеп рэкети, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу багытында Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн Нарын облусундагы өкүлүнүн аппаратынан, шаардык мэриядан, облустук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилигинин, облустук усулдук билим берүү борборунун, шаардык прокуратуранын, социалдык өнүгүү башкармалыгынын, “Ыйык Ата-Журт” жаштар коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн катышуусунда  2015-жылдын 26-октябрынан баштап «Жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулукту алдын-алуу, балдарды зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен коргоо» деген темада ата-энелер, мектеп жамааты жана  8-11-класстын окуучулары менен жолугушуу өткөрүлүп,  жыйындын жүрүшүндө ата-энелерге балдарына үй-бүлөлүк тарбия берүүдө өзгөчө көщүл бурулушу баса белгиленип, зордук-зомбулуктун түрлөрү боюнча кещири маалыматтар берилип, окуучулар менен кещири отуруп, аталган темада ой-пикирлер, сунуштар айтылды.

Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы: Нарын шаары боюнча 2015-жылдын 1-январына карата  1138 аз камсыз болгон үй бүлөгө, же 2476 балага ай сайын берилүүчү жөлөкпул чектелген болсо, 2016-жылдын 1-январына карата 1266 аз камсыз болгон үй-бүлөгө же 2251 балага ай сайын берилүүчү жөлөкпул чектелип, башкача айтканда 128 үй-бөлөгө көбөйгөн 225 балага азайган. Аталган жөлөкпул алуучу үй-бүлөнүн санынын көбөйүшүнө шаардын калкынын санынын өсүшү, жащы үй-бүлөлөрдүн түзүлүшү, жащы жумуш орундарынын түзүлбөгөндүгү, балдардын санын азайышы Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн 2014-жылдын  4-июнундагы №308 токтомуна ылайык жөлөкпулдун бул түрүнүн баланын 18 жашка чейин гана төлөнүшү себеп болду.

 Ал эми социалдык жөлөкпул алуучулардын саны 2015-жылдын 1-январына карата 1325 адамды түзсө, 2016-жылдын 1-январына карата 1357 адамды түзүп, 32 адамга көбөйгөн. Социалдык жөлөкпулдун көбөйүшүнүн себептери болуп, жылдан жылга бала кезинен майыптардын 18 жашка чейинки бала кезинен майыптардын жана шал оорусу менен ооругандардын, багуучу адамынан ажырагандардын, пенсия алууга укугу жок ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өсүшү болуп саналат.

2015-жылдын 1-январына карата  сумма 80 231,4 миң сом түзсө, 2016-жылдын 1-январына карата мамлекеттик жөлөкпулд төлөөгө керектелүүчү жалпы сумма 87 807 600 сомду түзүп, 7 576 200 көбөйгөн.

Ал эми социалдык жөлөкпулга керектелүүчү сумма 2015-жылдын 1-январына карата  50 994 700 сомду түзсө, 2016-жылдын январына карата 52 896 400 сомду түзүп,  1 901 700 сомго көбөйдү.

Кыргыз Республикасынын 7-апрель 2010-жылдагы түзүлгөн убактылуу Ѳкмөтүнүн Декретинин талабына ылайык болгон окуядан жаракат алып майып болгон 2 адамга  3700 сомдон ай сайын төлөнүүчү кошумча жөлөкпулдар чектелип, төлөө жүргүзүлүп турат.

Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгында 2015-жылдын 1-январына  карата  акчалай компенсация алууга укуктуу деп таанылган 523 жаранды түзсө, 2016-жылдын 1-январына карата акчалай компенсация алууга укуктуу деп таанылган 511 жаранга чектелип, 12 адамга азайган. Ал эми керектелүүчү сумма 2015-жылдын 1-январына карата  11 554 400 сом чектелсе,  2016-жылдын 1-январына карата 11 060 700 сомду түзүп, 493 700 сомго азайган.

Жергиликтүү бюджеттен жещилдиктер статьясынан 1345 адамга 1 млн 57 мищ  932 сом каралып, мыйзам чегинде каржыланып, почта кызматы 1,3 пайызын кошкон менен төлөөлөр жүргүзүлдү.  Алсак,

-Жоокер интернационалисттердин ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 26-жылдыгына карата 44 адамга жана курман болгон 2 жоокердин үй-бүлөсүнө ар бирине 1000 сомдон 46600 сом,

7-апрель «Элдик апрель революциясында» жаракат алган 37 жарандын тизмеси такталып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен  37500 сом материалдык жардам, уюштуруп өткөрүүгө 35000 сом чечилип берилди.

-26-апрель  Чернобль атомдук электор станциясынын кыйрагандыгынын 29-жылдыгына карата 24 адамга 1000 сомдон 24300 сом, Бишкек шаарындагы иш-чарага катышып келүү үчүн 2 адамга 2000 сом,

-9-май улуу Ата-Мекендик согуштун Жещишинин 70 жылдыгын өткөрүү боюнча Улуу Ата-Мекендик согуштун 3 катышуучусуна 5000 сомдон, 9 оруктун катышуучусуна 3000 сомдон жалпысы 46200 сом берилди. 70 жылдыкты уюшутурп өткөрүү үчүн 120 000 сом чечилип, иш-чара өткөрүлдү.

1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата 35 балага 500 сомдон 17700 сом жана иш-чараны өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен 10000 сом чечилип берилди.

1-октябрь Улгайган адамдардын күнүнө карата 189 улгайган адамдарга 48600 сом жана Нарын шгаарынын мэри 5 адамга үйлөрүнө барып белектерди тапшырды. Жалпысы 10 000 сом.

26-октябрь Баткен согушунун эскерүү күнүнө карата 89 катышуучусуна ар бирине 1000 сомдон 89 000 сом, курман болгон жоокердин  үй-бүлөсүнө 3000 сом бардыгы 93200 сом чечилип берилди.

3-декабрь Майыптардын Эл аралык күнүнө карата 310 адамга 94200 сом,  Нарын шаардык мэриясы тарабынан «Жаштар сарайында» ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын катышуусунда концерт уюштурулуп, андан сырткары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын колунан жасалган буюмдарга выставка, ярмарка жана спорттук иш-чаралар өткөрүлүп, жыйынтыгында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20000 сом чечилип, баалуу белектер тапшырылды. Ошондой эле кайрымдуулук кутучасы уюштурулуп, түшкөн акча каражатынан ар бир коомго 1600 сомдон бөлүнүп берилди. Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан ар бир коомго 5000 сомдон берилди.

-Сөөк коюуга расымдык пособие 24 адамга 50132 сом.

— Жергиликтуу бюджеттен 2015-2016-жылдын кыш айларына карата көмүрдүн ордуна акчалай компенсация 546 үй бүлөгө ар бирине 1000 сомдон, жалпысы 553100 сом акча каражаты каралып, ведомостор почта байланыш бөлүмдөрүнө жөнөтүлүп, төлөөлөр жүргүзүлдү.

-Нарын шаардык мэриясына аз камсыз үй-бүлөлөр, жардамга муктаж, ден-соолугунун мүмкүнүчүлүгү чектелген жарандардан материалдык жардам сурап кайрылган 31 адамга 29500 сомго жардамдар берилди.

2015-жылдын декабрь 2016-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн демилгеси менен  демөөрчүлүк кылган көмүр ишканалар  тарабынан тартылып келген көмүрдөн 200 адамга, ар бирине 05 кгдан  200 тн. көмүр  Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан кабыл алынып, Нарын шаарында жашаган  аз камсыз, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар боюнча иш алып барган коомдордун берген тизмесине ылайык  жана 7-апрель Элдик революциясынын катышуучуларына  ар бирине 0,5 кгдан  бекер көмүр таратылып берилди.

Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча 94 арыз түшүп, жыйынтыгында 19 балага асыроого, 21 балага камкордукка, 15 бала көзөмөлдүккө соттун чечим берилди. Психикалык жактан жабыркаган 8 адамга соттун чечими менен камкорчулар дайындалды.2 кыздын ата жана ата-энеси укуктардан ажыратылып, соттун чечими менен интернатка жайгаштырылды. 2015-жылы жалпы туулгандыгы  тууралуу күбөлүгү жок 25 бала аныкталып, 20 балага күбөлүктөр алынып берилди.

Турмуштук оор кырдалда туш болгон 6 эне, 15 бала убактылуу “Аруу-Тилек” кризистик борборуна жайгаштырылган. Сексуалдык зордук-зомбулукка кабылган жаш өспүрүм жергиликтүү бюджеттен 2000 сом материалдык жардам берилип, мэриянын жана башкармалыктын кызматкеринин коштоосу менен Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасына жайгаштырылып, балдарга жардам берүү борборунда реабилитациядан өттү. Зордук-зомбулукка кабылган балдарды аныктоо максатында 2015-жылдын июнь айында башкармалыктын социалдык кызматкерлери жана жооптуу кызматкерлери тарабынан Нарын шаарында жайгашкан барак тибиндеги 66 үй кыдырылып, 251 үй-бүлөнүн турмуш шарты текшерилди. Кыдырууда зордук-зомбулук фактылары аныкталган жок.

2016-жылдын 1-январына карата  4483 үй-бүлөгө башкача айтканда түтүндүн 45,0 пайызына жащы үлгүдөгү социалдык паспорт толтурулган. Мунун ичинен жан башына кирешеси 0 сомдон 1465 сомго чейин өтө жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 2546, 1465 сомдон 2485 сомго чейин жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 910, 2485 сомдон жогору 1027 үй-бүлөнү түзөт. Жакырчылыктын дещгээли 45 % түзөт. Каттоодо тоголок жетимдердин саны 44, жарты жетимдердин саны 279, социалдык жетимдердин саны 32 бала.

Толтурулган социалдык паспорт боюнча 2016-жылдын 1-январына карата багып каралашууга адамы жок жалгыз бой улгайган пенсионерлердин жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жалгыз бой жарандардын саны 44 адамды түзөт.

Нарын райондук Социалдык фонд башкармалыгы: 2014-жылы  7765 адам түзүп, бир айга керектелүүчү акча каражаты 40,6 млн. сом, пенсиянын орточо өлчөмү 5224 сомду түзгөн болсо,  2015-жыл ичинде   Нарын шаары боюнча пенсия алуучулардын саны 7800 адамды түзүп, бир айга керектелүүчү акча каражаты 43,4 млн. сом, пенсиянын орточо өлчөмү 5568 сомду түзүп, башкача айтканда  35 адамга, 1 айга керектелүүчү акча каражаты 2,8 млн сомго, пенсиянын өлчөмү 344 сомго көбөйгөн.

2015- жылдын жыйынтыгы боюнча  камсыздандыруу взносун чогултуу планы 2014-жылы план 381,0 мищ сом бекитилсе 446,3 мищ чогултулуп, план тапшырма 117,0 пайызга аткарылса, 2015-жылы  422,7 млн сом бекитилип 453,7 млн.сом чогултулуп  план тапшырма  107,3  % аткарылды.

2016-жылдын 1-январына  карата Нарын райондук Социалдык фондунун башкармалыгына  камсыздандыруу взносторун оз убагында төлөбөй, карыздары өсуп жаткан мекемелерге төмөнкүлөрдү атасак болот:

         Нарын турак-жай башкармалыгы                   810,7

         Троллейбус ДЭПОсу                                        106,2

         Шаар боюнча баардыгы                                          916,9  мин сом

Кыргыз Республикасынын  эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Нарын райондук, Нарын шаардык  бөлүмү: Нарын шаардык  бөлүмүнө жумуш табуу  максатында  , 2014-жыл ичинде   770  атуул кайрылса,  2015-жыл ичинде 874 атуул кайрылган.  2016-жылдын  1-январына карата 1506 жумушсуз  атуулдар каттоодо туруп, жумушсуздуктун дещгээли 7,0 пайызды түзөт.

Жумушсуз  жарандарды иш менен камсыз кылууда өз алдынча жумуш менен алектенүүсү үчүн кичи кредиттер 2014-жылы 33 адамга жалпы суммасы 1219,0 мищ сом берилген болсо, 2015-жыл ичинде  49 адамга жалпы суммасы 1250,0 мин сомго кайтарымдуу кичи кредиттер  берилди. Булар  мал — чарбачылык иштери жүргүзүүгө жана соода — сатык иштерине берилди.

Жумушсуздуктарды басаңдатуу, элдин социалдык абалын жакшыртууда кошумча  киреше табуу, жумушсуздарды убактылуу иш менен камсыздоонун приоритеттүү жолу болуп саналган акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга 2014-жылы 53 адам болсо, 2015-жылдын жыйынтыгы менен 80 адам акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга   тартылды. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар негизинен шаардын социалдык-маданий обьектилерин ремонттоо иштерине багытталып, жумушсуздар убактылуу жумуштар менен камсыз кылынды. Мындай жумуштарды уюштурууда долбоорлор менен иштөө жагы жакшы жолго коюлуп, Нарын шаардык мэриясы тарабынан Нарын шаарындагы Баласагын көчөсүнө 35000 сом, Кулумбаев көчөсүнө 14 000 сом жергиликтүү бюджеттен чечилип берилип, балдар аянтчасы курулду.

Жумушсуздар арасынан өз кесибин өзгөртүүнү каалаган же кесиби жокторго кесиптик жактан багыт берүү аталган бөлүмдүн активдүү иш-чараларынын бир түрү болгондуктан, 2015-жыл ичинде 110 жумушсуз жаштар кесиптик окууга жиберилип, булар Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейинде, элди окутуу борборлорунда окуу иштери жүргүзүлдү. Бөлүм тарабынан окууга жиберилген жумушсуздар эмгек рыногунда  талап кылынган кесиптерге чач тарач, электр ширетүүчү, жыгач уста, үйлөрдү жылуулоо, жеке ишкердик жүргүзүү, колмпьютерде иштөө ыкмаларына, тигүүчү жана бухгалтердик эсеп иштери боюнча билим алышты.

Кыргыз Республикасынын “Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү укуктары жана кепилдиктери” жөнүндөгү мыйзамга ылайык, эмгек рыногунда бирдей шарттарда атаандаша албаган же калктын социалдык жактан коргоого муктаж катмарына колдоо көрсөтүү максатында Нарын шаардык мэриясынын буйругу менен 2 мекемеге 2 квота коюлган. 2015-жылы ишке орношкону болгон жок. Адамдар өздөрү сунуштаган жумуштардан  баш тартышты. 2016-жылдын 1-январына карата каттоодо турган жумушсуздардын ичинен 3-топтогу майып адамдардын саны 6. Ишке орноштурууда 1 майып адам акы төлөнүүчү коомдук жумушка тартылса, 1 адамга 20,0 мищ сом өлчөмүндө кредит берилди. 2015-жыл ичинде 1 адамга жумушсуздук жөлөкпул чектелди.

Нарын шаардык китепкана: шаардык китепкана жана    филиалдары менен иштерди жүргүзүп келе жатат.  Жалпы китеп фондусу 2015-жылда  63 075   (2014-ж. 62 566)  түздү. Китеп окурмандардын саны 8669 адам  (2014-ж. 8650) болду. Ал эми жыл  ичинде 407  жащы китеп алынып келинди. 2015-жылдын жай айларында  шаардык китепканада  ири доолбор ишке ашты.  Германиялык кызматташтык уюму аркылуу китепканага «Баарлашуу борбору» долбоору ишке ашып, долбоордун жалпы наркы 1 млн сом түздү. Долбоорду колдоо максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 330 000 сомго кошумча 2 бөлмө алынып,    алынган бөлмөнү заманбап ремонттоо үчүн 75 000 сом бөлүнүп берилди. Коворинг борбору сентябрь айында ачылып,  бүгүнкү күндө иш жүргүзүүдө. Борбордун ачылышы менен ар кандай багыттагы семинар, тренингдери уюштурууда атайын өздүк счетко акча түшүрүп келишет.   Мындан сырткары Ага Хан фондусу тарабынан китепкананын айланасы темир тосмо менен тосулуп, атайын орундуктар жасалды. Аталган фонддон 128 761 сом акча каражаты сарпталды.

 Нарын шаардык маданият бөлүмү: Нарын шаардык маданият  бөлүмүнүн   материалдык-техникалык базасын чыщдоо максатында 2015-жылдын  башында жергиликтүү бюджеттен 400 000 сом акча каражаты каралып, музыкалык аппаратура жана керектүү музыкалык инструменттер алынып келинди.  Жыл ичинде маданият бөлүмү өз алдынча иш алып барбагандыгы жана ишиндеги кемчиликтери үчүн Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигине сунуш каты жиберилди.

Бөлүм тарабынан өздөрүнүн атайын эсептик счетуна жыл ичине 50 000 сом түшүрүү бекитилсе  2015-жылда карата 3 600  сом эсеп счетко түшүрүлгөн.  Ал эми 2014-жылы 30 000 сом эсеп счетко түшүрүлгөн.

 Нарын шаардык Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектеби: 2014-2015-окуу жыл ичинде музыкалык мектептеп 214 окуучу окуп, 24 мугалим эмгектенди.  16 окуучу музыкалык кесипке ээ болушуп, мектепти ийгиликтүү аякташты.  Ал эми  музыкалык мектеп  2015-2016-окуу жылында жаңы 47 окуучуну кабыл алып, учурда  жалпысы 213 окуучуга музыкалык билим берүүшүдө.  Балдарга музыкалык аспаптарды үйрөтүүдө аталган мектепте 8 бөлүм иш алып барып келишет (Эл аспаптар, фортепиано, Баян, кошумча аспаптар, Хор, Сольфеджио, Муз адабият, Кыргыз муз адабият). Музыкалык мектептин кезектеги ремонт иштери үчүн жергиликтүү бюджеттен 45 000 сом каралып, акча каражаты толугу менен ремонт иштерине сарпталып акиленип, сырдалган. 2015-2016-кыш мезгилинин жылуулугу үчүн жергиликтүү бюджеттен 260 000 сом бөлүнүп, 80 тонна көмүр толугу менен  тартылып келинди.

Жаңы музыкалык мектеп куруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтү тарабынан сметалык долбооруна 340 000 сом бөлүнүп, доолбору даярдалды.  Шаардын борборунан 648 м2 жер аянтты бөлүнүп берилди. Ошондой эле шаардык мэрия тарабынан мектепти куруу боюнча тендер жарыяланып, тендердин жыйынтыгы менен  “Имарат Строй” ЖЧКсы тандалып   2016-жылдын март айы менен курулулуш иштерин баштаганы турат. Жаңы мектепти куруу 50 млн сом болуп бекиген.

Нарын шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү: Нарын шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан 2015-жылда 15 жолу   спорттук иш-чара өткөрүлүп,  12 жолу республиканын спорттук мелдештерге катышып келишкен.  Жергиликтүү бюджеттен 347 401  сом сарпталган.

С.Бекманбетов атындагы спорт мектебинде  220 бала эркин күрөш менен  машыгып, облустук, республикалык жана дүйнөлүк мелдештерде ийгилектерди багынтып келишет. Белгилей кетсек Шаршеев Тилек Кыргыз Республикасында кадеттер арасында өткөрүлгөн чемпионатта 1-орунду, Индия өлкөсүндө өткөн Азия Чемпионатында 3-орунду камсыз кылган. Тилектин жетишкендири үчүн машыктыруучусу  Акиев Мирбекке Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген машыктыруучусу” наамы ыйгарылды. Ушундай жетишкендирди улай Замир кызы Ажар Кыргыз Республикасынын кадеттер арасында биринчилигинде чон арасында 1-орунду, эл аралык мелдештерде баш байгени багындарган.  Спорт мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында  2015-жылдын ноябрь айында мамлекеттик спорт агенттиги тарабынан 250 000 сомго күрөш килеми, демөөрчүлөрдүн жардамы менен 90 000 сомго күрөш залына жабдыктар алынган.

Нарын шаардык балдар-уландар  спорт мектебине спорттун 5 түрү спорттун 5 түрү (волейбол, шахмат, стол тенниси, баскетбол, грек-рим күрөшү) боюнча 438 жаш өспүрүм баланы машыктырып тарбиялап келет.  Спорт мектепке   2015-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен 160 000 сомго спорттук инвентарлар алынган.

Нарын шаарынын аймагында спорт тармагында  шарттарды жакшыртуу  жана спорттук инвентарларды жаңыртуу боюнча  бир катар иштер жүргүзүлүп келе жатат. 2015-жылы шаардык С.Бекманбетов атындагы спорт мектебине кошумча жаңы имарат куруу боюнча шаардык мэрия тарабынан  шаардын чыгыш бөлүгүнөн 3000м2  жер тилкеси  бөлүнүп, техникалык шарттары бүткөрүлүп, долбоору даярдалууда. Ошону менен бирге шаардын борборуна заманбап муз аянтчасын салууга жер аянты бөлүнүп,   муз аянтчасынын курулуш иштери жургузулуп, дүйнөлүк стандартка туура келген муз аянтчасынын  үстү жабылып, суу куюлуп, муз тоңдурулуп ишке кирди. Бирок учурда курулуш иштери да уланууда. муз аянтчасы жайкы айларында иштөө үчүн муздаткычтарды орнотуу иштери жаз айлары менен башталганы турат.  Муз аянтчасынын жалпы наркы   1 млн 400 миң долларга бааланган.

Жергиликтүү бюджеттен тартыштыгына карабастан жыл сайын спорт тармагын колдоп, спорттук мелдештерди уюштуруп өткөрүүгө 2015-жылдын бюджеттин бекитүүдө Нарын шаардык балдар-уландар спорт мектебине, С.Бекманбетов эркин күрөш мектебине жана Нарын шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнө календарлык иш-пландарына ылайык жалпысы 940 000 сом бөлүнүп берилди.

2015-жылдын  ичинде Нарын шаардык мэриясына жалпы 736 кайрылуу  түшкөн, мунун ичинен: 287 жазуу жүзүндө, 16 электрондук кайрылуу, мэрдин жана анын орун басарларынын кабыл алуусунда 242 жаран болуп, 191 ооз эки кайрылуулар келип түшкөн.

Келип түшкөн 736 арыз-даттануулардын бардыгы көзөмөлгө алынып,  285 арыз канааттандырылып, 451 арызгатушундуруу иштери жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынан, Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнөн, Жогорку Кенештен- 25, министрликтерден, ведомстволордон —  199, Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынан, облустук мекеме-ишканалардан 867, шаардык мекеме-ишканалардан  685,  телефоннограмма- 91, бардыгы 1867  иш кагазы келип тушкөн. Аткарылганы-1598, маалымат үчүн-204, көзөмөлдө турганы-36 , аткарууда   турганы — 29

2015-жылдын  ичинде документтердин айланышы (документооборот) 13040 бирдикти түздү.

 

Добавить комментарий