НАРЫН ШААРДЫК МЭРИЯСЫ ЖАНА НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ  «ТООЛОРДО МЕНИН ЖҮРӨГҮМ, ТОЛКУНДА УЛУК  ӨНӨРҮМ!» АТТУУ “ЫР КЕСЕ” КАРОО СЫНАГЫН БАШТАДЫ

“2022-жыл  тоолордун экосистемасын коргоо жана  климаттык туруктуулук” жылына карата Нарын шаарында  “ Тоолордо менин  жүрөгүм, толкунда улук өнөрүм!” атуу ыр кесеси уюштурулуп Нарын шаардык мэриясы  жана Нарын шаардык Кеңеши тарабынан ачылыш концертти өттү.

 Маданий иш чара Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев баштаган  мекеме-ишкана жетекчилери, Нарын шаарынын мурдагы мэрлери жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Келген конокторго Нарын шаардынын мэри Канболот Тутуев жана Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев баштаган  кызматкерлер өз чыгармачылыктарын көрсөтүшүп, концерт коюп беришти.

Кызматкерлер шаарда жүрүп жаткан аракеттерди сахналаштырылып чагылдырып, ыр бийлерди аткарышып, интермедияда ойношту.

Ыр кесенин максаты; Эл ичиндеги элдик таланттарды колдоп, ынтымактын, достуктун, биримдиктин бийик даражага көтөрүү. Теңир-Тоодо  ыр майрамын уюштуруп майрам шаңы менен шаарыбыздын маданиятын көтөрүү жана өнүгүшүнө салым кошуу.

Маданий иш чарада Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев  “Кыргыз маданий  мурастарын баалоо менен   сакталышын жана бийиктигин даңазалоо, көркөм тил аркылуу  салттуулукту сактоо жана  жайылтуу, эне тилибизди өркүндөтүү башкы  максат экендигин белгилеп, маданий иш чара да ушул максатты көздөө менен уюштурулганын айттып. Сатылган билеттерден улам түшкөн каражат комиссия аркылуу Нарын шаарынын инфра тузүмүн жакшыртууга жумшалаарын айтып, жалпы 9 жолу ыр кесе өтүп, жыйынтыгы 17-сентябрь Нарын шаарынын күнүндө чыгарылаарын маалымдады.

«Ыр кесеси» шаардык билим берүү бөлүмүнө сунулду.

 

 

 

 

Добавить комментарий