Нарын шаардык мэриясы 24-март Элдик революция күнүнɵ карата жыйын өткөрдү

Бүгүн 24-мартта, Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын март ынкылабын  эскерүү боюнча атайын жыйын болуп ɵттү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Жыйынга шаар  жетекчилиги, шаардык мекеме, ишканалардын кызматкерлери, массалык маалымат каражаттарынын ɵкүлдɵрү катышты.

Анда мэриянын башкы адиси – юрист М.Бабаев тарабынан ыӊкылаптын келип чыгышы  тууралуу кеӊири маалымат берилип, шаар мэри Р.Адиев, вице-мэрлер А.Суранов жана С.Эсенамановалар тарабынан март ынкылабы боюнча кɵз караштары билдирилип, катышуучулардын ой-пикирлери  айтылды.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий