НАРЫН ШААРЫНДАГЫ ЖАШ ХОККЕЙЧИЛЕРДИН ИЙГИЛИГИ

Нарын шаарында жабык муз аянты ачылгандан бери хоккей спорту жанданып, алгачкы ийгиликтерди жарата баштады.

Жакында Чехия мамлекетинде 2009-2010-жылы туулган балдар арасында хоккей оюну боюнча өткөрүлгөн “Чешская шайба” Эл аралык турниринде Кыргызстан курама командасы биринчи орунду жеңип алды. Курама команданын катарында Нарын шаарынын тургуну, “Билимкана” окуу борборунун 4-классынын окуучусу Алманбетов Барсбек мыкты оюн көрсөтүп келди.

Ошондой эле В. П. Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын 6-классынын окуучусу Нурэль Жамансартов Россия мамлекетинин Челябинск шаарындагы хоккей оюну боюнча балдар-уландар спорт мектебине окууга кабыл алынды. Бул мектеп Макаров, Быков, Кузнецов сыяктуу атактуу хоккейчилер чыккан дүйнө жүзүндөгү эң белгилүү жана күчтүү мектептердин бири.

Бүгүн Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов Кыргыз Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов баштаган хоккейчилерди кабыл алып, Нарын шаарына сыймык алып келген жаш хоккейчилерди куттуктады.

Ал өз сөзүндө Нарын шаарында жабык муз аянты ачылгандан бери хоккейге болгон кызыгуу пайда болгонун белгилеп, мындай шартты түзүп берип, хоккей федерациясын уюштурган Нурбек Ташболот уулуна ыраазычылык билдирди. Кыргыз хоккей федерациясы тарабынан да чоң колдоо болуп жатканын, ошондой эле Нарын шаары менен Челябинск шаарынын ортосундагы кызматташтык байланыш хоккейди өнүктүрүүгө стимул берип келгенин баса белгилеп, ийгилик ээлерине батасын берди.

Жолугушууда хоккей оюнун өнүктүрүү боюнча позитивдүү аңгемелешүү болду.

Добавить комментарий