Нарын шаарындагы Ж.Конурбаева атындагы китепканада «Китепканалык — коворкинг борбору» ачылат

Республика боюнча үч китепкана пилоттук болуп тандалып, Нарын облусу боюнча биринчи жолу шаардык китепканада «Китепканалык — коворкинг борбору» ачылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

«Китепканалык жана информациялык консорциум» ассоциациясы менен бирдикте, (GIZ) Германия кызматташтыгынын «Жарандык коомду колдоо фонду» тарабынан Ж.Конурбаева атындагы борборлоштурулган китепканага «Жергиликтүү коомду он-лайн боюнча окутууда китепканалык – коворкинг борбору»  аталыштагы долбоору келип, жаӊы иштер жүргүзүүлүдɵ.

«Коворкинг» сɵзүн англис тилинен которгондо «баарлашуу» дегенди түшүндүрɵт. Жакында шаардык китепкананын бардык категориядагы пайдалануучулары (жаштар, песионер, бизнесмен,  милиция кызматкери, юрист, жумушсуз, жаш эне, мугалим ж.б.) коворкинг борборунда заманбап технологиялар менен камсыз болуп, комфорттук шартта тейлене баштайт.

Айтсак, китепкананын эки окуу залы азыркы талапка ылайык инвентарлар, компьютердик техникалар менен жабдылып, чексиз ылдамдыктагы Интернет байланышы менен камсыз болот, ага аталган долбоордун эсебинен бир миллионго чукул каржы жумшалат. Борбордун ишин жүргүзүү үчүн эки китепкана кызматкери Бишкек шаарынан атайын окуудан ɵтүп келишти.

Мындан сырткары, 350 миӊ сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бɵлүнүп берилип, ал каражат китепкананын аянтын кеӊейтүүгɵ жана ремонт иштерин жүргүзүүгɵ жумшалууда.

Добавить комментарий