Нарында 650 миң долларга бала бакча курулду – Түркия акчаны берди

Долбоор Нарын менен Этимесгут шаарларынын ортосундагы достук жана кызматташтык келишиминин алкагында ишке ашырылган.

Нарын шаарында 100 орундуу заманбап бала бакчанын ачылыш аземи болуп өттү, деп билдирди Sputnik аймактык кабарчы.

Курулушка акча (650 миң доллар) Этимесгут районунун муниципалитети (Анкара, Түркия) тарабынан бөлүнгөн. Нарын бийлиги бала бакчага 1696 чарчы метр жер тилкесин бөлүп берген.

Ачылыш аземге президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, ошондой эле Түркиядан Этимесгут шаарынын мэри Энвер Демирел баштаган делегация катышты.

Долбоор Нарын менен Этимесгут шаарларынын ортосундагы достук жана кызматташтык келишиминин алкагында ишке ашырылган.