Нарын шаарындагы №15-«Бактылуу балалык» балдар бакчасы «Мыкты бала бакча» номинациясына татыктуу болду.

Бала бакча башчысы Жанымгүл Бейшебаеванын айтымында,   учурда аталган бала бакчанын 14 тайпасында 520 бала  тарбияланып, 55 кызматкер эмгектенүүдɵ.

28-декабрда аталган бакчада шаардагы бардык балдар бакчаларындай эле балаты майрамы жогорку деӊгээлде ɵткɵрүлүп, кооздолгон балаты, Аяз ата, Аяз кыз сыяктуу жаӊы жыл каармандары жана ар түрдүү карнавалдык кийимдерди кийген татынакай бɵбɵктɵр майрам шаӊын арттырышты.

Балаты майрамына Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлчүлчүлүгүнүн, Нарын шаардык мэриясынын, облустук жана шаардык Усулдук билим берүү бɵлүмдɵрүнүн ɵкүлдɵрү жана ата-энелер күбɵ болуп, келген меймандар аталган бала бакча облустагы үлгүлүү бакча экендигин, иштеги ийгилик тарбиячылардан зор чыгармачылык жана изденүүчүлүк түйшүктү талап кылаарын белгилешти.

Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова №15-«Бактылуу балалык» балдар бакчасы жылдын жыйынтыгы менен  «Мыкты бала бакча» номинациясына татыктуу болгонун маалымдап, шаар мэри Эмилбек Алымкуловдун жана ɵзүнүн атынан бакчанын жетекчисине жана кызматкерлерине тереӊ ыраазылык билдирип, балдарга кеӊ келечек каалады.

Кичинекейлер тартуулаган оюн-зоок кɵрүүчүлɵрдүн сезимдерин тазартып, турмуштук түйшүктɵрдɵн арылткандай таасир калтырды. Балдардын кийимдери да ɵзгɵчɵ жарашыктуу тигилгени байкалды. Белгилей кетсек, бул кийимдерди бакчанын кызматкерлери ɵздɵрү тигишет экен.

Мындай майрамдык алгачкы сезимдер жан дүйнɵсү ак кардай таза наристелерибиздин эсинде түбɵлүккɵ калаарында шек жок.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Назгүл Мүсүралиева, Нарын шаардык мэриясынын пресс-катчысы.

Добавить комментарий