НАРЫН ШААРЫНДА АЗ КАМСЫЗ ҮЙ-БҮЛѲЛѲРГѲ АКЫСЫЗ КѲМҮР ТАРАТЫЛДЫ.

Нарын шаарындагы аз камсыз үй-бүлɵлɵргɵ колдоо кɵрсɵтүү максатында 150 тонна кɵмүр акысыз таратылды.

Белгилей кетсек, Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине карата «Кыргыз кɵмүр» мамлекеттик ишканасы 150 тонна кɵмүр берүүнү убада кылган эле.

Шаардык мэриянын аракети менен ушул кɵмүр Кара-Кече кɵмүр кесиминен тартылып келинип, Социалдык ɵнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган жардамга муктаж үй-бүлɵлɵргɵ таратылып берилди.

Добавить комментарий