НАРЫН ШААРЫНДА АЙТ НАМАЗЫНА КАТЫШКАНДАРДЫН САНЫ КӨП БОЛДУ

Бүгүн, 15 июнда Нарын шаарынын борбордук аянтына болжол менен беш миңден ашык адамдардын катышуусунда Айт намазы окулду.

Ага катышкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Жаныбек Дюшеев, Нарын казыятынын башчысы Мамбетасан Ибраев мусулмандарды куттуктап, эл-журттун касиеттүү Рамазан айындагы дуба-тилектери орундалып, жергебизде тынчтык, бакубат жашоо өкүм сүрүп, элибизде ыйман, ынтымак болуусун тилек кылышты.

Казыяттын өкүлдөрү шарыяттан баян айтып, андан соң Айт намазы окулду.

Айт намазына катышкандардын саны башка жылдарга салыштырмалуу алда-канча көп болду.

Добавить комментарий