НАРЫН ШААРЫНДА АПРЕЛЬ ШЕЙИТТЕРИ ЭСКЕРИЛИП, ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯГА ТАРЫХЫЙ БАА БЕРИЛДИ.

Бүгүн, 7-апрелде Нарын шаарында Апрель Элдик революциясына тарыхый баа берилип, ɵлкɵбүздүн жаркын келечеги үчүн шейит болгон Апрель революциясынын баатырлары эскерилди.

Эскерүү митинги «Жеӊиш» гүлбагында баатырлардын эстелигине гүлчамбарларды коюу аземи менен башталды.

Мындан соӊ Апрель революциясынын баатыры, быйыл арабыздан ɵтүп кеткен Эмилболот Кыштообаевдин «Жеӊиш» гүлбагына орнотулган айкели ачылды.

Эскерүү иш чарасын ачкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов революциянын тарыхый маанисине токтолуп, ɵлкɵбүзгɵ акыйкаттык орнотуу үчүн ɵмүрүн берген баатырлардын арбагына таазим этип, жакындарына сабырдуулук тиледи.

Ошондой эле ɵз сɵзүндɵ: «Кыргыз уулдарынын кан-жанына жуурулган чечкиндүү кадамы менен ɵлкɵбүздүн жаркын келечегине жол ачылды. Авторитардык башкарууну алып түшүп, элдин мүдɵɵсүн орундаткан Апрель Элдик революциясынын алгачкы кадамдары уюткулуу Теӊир Тоо жергебизден башталганын ɵзгɵчɵ белгилебесек тарых бизди кечирбейт…Ушул революциянын башында сиздер турдуӊуздар, урматтуу Апрель баатырлары!» деп белгилеп, алардын арасынан ɵтүп кеткен Эмилболот Кыштообаевдин эрдигине токтолуп, үй-бүлɵсүнɵ кɵӊүл айтты.

Мындан кийин баатырларга багышталып куран окулуп, эскерүү мүнɵтү жарыяланды.

Иш чарага катышкан Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү Аманбай Кайыпов Апрель революциясынын тарыхтагы маанилүү ордуна, баатырлардын эрдиктерине, революциянын натыйжасы менен жетишилген ийгиликтерге кенен токтолуп ɵттү.

Эскерүү митингинде Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Жыргалбек Ботоканов, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Семетей Черикбаев, «Мекен шейиттери» коомдук бирикмесинин мүчɵсү Света Дɵɵталиева, «Айкɵл Ала-Тоо» коомунун мүчɵсү Гүлбүбү Койчиева, Апрель Элдик Революциясынын баатыры Адыл Эсенбеков, Эмилболот Кыштообаевдин агасы Темирболот Кыштообаев сɵз сүйлɵп, революцияга тарыхый баа беришти.

Маалымат үчүн айта кетсек, Апрель Элдик революциясынын баатыры Эмилболот Кыштообаев 7-апрель Элдик революциясында элди карай ок атып жаткан снайперлердин бирɵɵнү атып түшүрүп, кɵптɵгɵн ɵмүрлɵрдү сактап, эл арасында «снайпер» каймана атына ээ болгон. 2010-жылы түштүк жергесиндеги коогалаӊда «Каркыра» элдик кошуунун түзүүнү демилгелеп, улуттар арасындагы жаӊжалдын басылуусуна, мамлекетибиздин бүтүндүгүнүн сакталышына салым кошкон. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Апрель Элдик революциясынын баатырларын кабыл алуусунда Эмилболот Кыштообаевдин айкелин коюу маселеси кɵтɵрүлүп, Президенттин тапшырмасы менен «Жеӊиш» гүлбагына айкели орнотулду.

Иш чарада Ж. Коӊурбаева атындагы шаардык китепкананын, К. Мамбеталиева атындагы Нарын облустук тарыхый- этнографиялык музейинин, № 5-К. Жакыпов атындагы орто мектебинин аракети менен Апрель баатырлары тууралуу маалымат такталары уюштурулуп, балдар тарткан сүрɵттɵр илинди.

Эскерүү иш чарасын уюштуруп ɵткɵрүү жана Э. Кыштообаевдин айкелин орнотуу жумуштарына Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен 105 миӊ сом жумшалды.

«Тɵгүлгɵн аяк толбойт» дегендей, арадан канча мезгил ɵтсɵ да шейит болгон Апрель баатырларынын ɵксүгү эч качан толбойт. Бирок уюткулуу кыргыз эли турганда баатыр уулдарыбыздын жаркын элеси түбɵлүккɵ жашай берээри анык. Алардын ысымдары тарых барактарында алтын тамгалар менен жазылып, эрдиктери муунга муунга үлгү болоору талашсыз.

Добавить комментарий