Нарын шаарында зордук-зомбулукка кабылган үй-бүлɵлɵрдү жана балдарды аныктоо боюнча рейд жүргүзүлүүдɵ

Нарын шаарында балдарды зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен коргоо жана турмуштун оор кырдалына туш болгон үй бүлɵлɵрдү жана балдарды аныктоо боюнча рейд жүргүзүлүүдɵ. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Нарын шаардык мэриясынын атайын графигине ылайык, 2015-жылдын 9-февралында  «Москва» чɵлкɵмүнɵн башталган рейд,  «РТС», «64», «Борбордук» чɵлкɵмдɵр болуп, «Ак коргон» аймагына чейин  жүргүзүлүп 10-мартка чейин кыдыруу иштери улантылмакчы.

Анда мэриянын, шаардык прокуратуранын, билим берүү бɵлүмүнүн, үй-бүлɵлүк дарыгерлер борборунун, социалдык ɵнүгүү башкармалыгынын, ички иштер бɵлүмүнүн кызматкерлери, соц.педагогдор жана тейлеген чɵлкɵмдɵрүнɵ ылайык соц.кызматкерлер катышууда.

Ошондой эле ар бир рейд Нарын облустук телевидениеси тарабынан тартылып, жыйынтыгында аныкталган учурлар боюнча эфирден атайын берүү даярдалып кɵрсɵтүлɵт.

Рейддин графиги:

Добавить комментарий