Нарын шаарында балдар бакчасы ачылды

Кечээ, 25-ноябрда Нарын шаарында «Алтын муун Нарын» жеке менчик балдар бакчасы ачылып, кызыл тасма кесүү аземи болуп ɵттү. Бул тууралуу мэриянын пресс-катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Бул иш чарага Ѳкмɵттүн облустагы ɵкүлүнүн орун басары К.Асизов, шаардык Кеӊештин тɵрагасы, мэриянын, райондук мамлекеттик администрациясынын ɵкүлдɵрү жана башка меймандар катышышты.

Жаӊы ачылган балдар бакчасында бардык талаптарга жооп берген заманбап шарттар түзүлүп, учурда отуз бала мектепке чейинки билим-тарбия алышууда. Мындан сырткары бул жайдын жетекчилиги дагы отуз бала алууга даяр экендигин билдиришти. Ал эми аталган жай 120 орунга ылайыкталган.

Ошондой эле, балдар бакчаны ачуу аркылуу Нарын шаарынын социалдык-экономикалык ɵнүгүшүнɵ жана шаардын элинин социалдык кɵйгɵйүн чечүүгɵ кошкон салымы үчүн, балдар бакчанын негиздɵɵчүсү «Адилеттүү Келечек» коомдук фондунун тɵрагасы Мамбетов Максатка, мэрия жана шаардык Кеӊеш тарабынан ыраазычылык кат тапшырылды.

 

  

Добавить комментарий