Нарын райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Жетекчиси Мамбетказиев Жеңишбек Мамбетказиевич

Нарын райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Жетекчиси Мамбетказиев Жеңишбек Мамбетказиевич

Нарын облусу, Нарын шаары Б. Насыров көчөсү №2.

Нарын облусу, Нарын шаары С.Чаначев көчөсү №27.

(03522) 5-52-01 факс

(03522) 5-04-76

Narynraisz@mail.ru

Иштөө графики: 09:00-18:00

Түшкү тыныгуу:12:30-13:30

WhatsApp: 0705997450 —

 

Эмгек жана калкты иш менен камсыз кылуу; 

-өзүнүн карамагындагы башкармалыктын эмгек рыногун жана жумушчу күчкө болгон суроо-талапты талдайт, эмгек ресурстарына болгон керектөөлөрдү болжолдойт жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча программаларды ишке ашырат;

-калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча мыйзамдарда аныкталган тартипте жана шарттарда жумушсуз катары кайрылган же иш издеп жүргөн жарандарды эсепке алууну жана каттоону жүргүзөт;

-бош орундардын жарманкелерин уюштурат жана ишке орноштурууга көмөк көрсөтөт;

-эмгек, ишке орноштуруу, ишкердик иш, жеткиликтүү вакансиялар жана ишке орноштурууга көмөктөшүү жаатында көрсөтүлүүчү кызматтар боюнча акысыз консультацияларды берет;

-расмий жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды окутуу үчүн билим берүү уюмдары менен келишимдерди түзөт;

-бекер кесипке багыт берүү кызматын көрсөтүү менен кесип тандоого көмөк көрсөтөт;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Министрликте аныкталган тартипте практикалык көндүмдөрүн жана билимдерин жогорулатуу үчүн талап кылынган кесиптер жана адистиктер боюнча жумушсуздарды даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жиберет;

-статистикалык отчетторду өз убагында түзөт жана берет, ошондой эле калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатында мониторинг жүргүзөт;

-Эмгек рыногунун маалыматтык системасы (ЭМБС) аркылуу жумуш издөөчүлөрдү жана расмий жумушсуздарды каттайт, ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча кызматтарды көрсөтөт;

-иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды дайындайт;

-жумушсуз катары катталган жана жумуш издеген адамдарды бош орундар менен камсыз кылуу боюнча иш берүүчүлөор менен иш алып барат;

-жумушсуздарды жана жумуш издеген адамдарды акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартуу боюнча иш-чараларды уюштурат;

-ыйгарым укуктуу кызматтар менен бирдикте ички жана тышкы миграцияда жүргөндөрдүн эсебин жүргүзөт;

-мажбурлаган эмгекке, адамдарды сатууга бөгөт коюуга көмөк көрсөтөт жана адамдарды сатуунун курмандыктарына социалдык жана реабилитациялык кызматтарды алууга көмөк көрсөтөт;

-ишке орноштурууга, кесибин өзгөртүүгө, даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга муктаж адамдарды аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук, уюштуруучулук жана башка жардам көрсөтөт;

-эмгек жана иш менен камсыз кылуу маселелери боюнча тегерек столдорду, семинарларды, кеңешмелерди, жолугушууларды жана башка иш-чараларды уюштурат жана аларга катышат;

-жарандардын, анын ичинде кайрылмандардын жана юридикалык жактардын эмгек, калкты иш менен камсыз кылуу маселелери боюнча кайрылууларын (даттанууларын жана сунуштарын) карайт;

-кайрылман статусун алуу үчүн этникалык кыргыздардан документтерди кабыл алат жана аларды Министрликтин кароосуна жөнөтөт;

-Министрликтин системасынын башкармалыктары башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет.

Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо;

-жергиликтүү бийлик органдары менен бирдикте турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды аныктайт;

-ишеним теле фонуна келип түшкөн билдирүүлөрдү кабыл ал ат жана каттайт, алар боюнча чараларды көрөт;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү башкармалыкта камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдарынын функцияларын аткарат;

-балдарды камкордукка алуу жана асырап алуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн турак-жай жана турмуш-тиричилик шарттарын изилдөөнү жүргүзөт жана асырап алуучуларга, камкорчуларга, багып алуучуларга талапкерлер боюнча зарыл маалыматтарды чогултат;

-асырап алуучу ата-энелер менен баланы багып алуучу үй-бүлөдө тарбиялоого берүү жөнүндө келишимдерди түзөт;

-жашы жете элек Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толук аракетке жөндөмдүү деп жарыялоо (эмансипация) мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутундуларды берет;

-камкордукка алынгандын мүлктүк укуктарын ишке ашырууга таасир этүүчү алдын ала уруксат берет;

-ата-энелик укуктарынан ажыратуу, ата-энелик укуктарын чектөө, баланы ата-энелик укуктарынан ажыратпастан ажыратуу, асырап алуу, асырап алууну жокко чыгаруу, көзөмөлчүлөрдү жана камкорчуларды дайындоо жана көзөмөлчүлөрдү жана камкорчуларды (асырап алуудан) бошотуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо боюнча башка иштер боюнча сотко кайрылат.

-ата-энелик укуктары чектелген ата-энелердин балдары менен байланыш маселелерин чечет;

-өзгөчө учурларда жана мыйзамда белгиленген тартипте баланы толук мамлекеттик камсыздоого өткөрүү демилгесин көтөрөт;

-Балдардын иштери боюнча комиссиянын бекитүүсүнө жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысынын бекитүүсүнө балдарды коргоонун жеке планын (БКЖП) жана үй-бүлөнүн жеке иш планын (ЖИЛ) иштеп чыгат жана киргизет;

-БКЖП жана ЖИПнын ишке ашырылышын контролдоону камсыз кылат, БКЖП жана ЖИПге өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизет;

-милдеттерди аткарууга жөндөмдүү адамдарды, тарбиялоочу ата- энелерди жана асырап алуучуларды окутууну уюштурат;

-ата-эненин камкордугусуз калган балдардын жашоосу жана тарбияланышы үчүн ар кандай формада, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан мекемелерге жана уюмдарга жайгаштыруу жана алардын үй-бүлөсүнө реинтеграцияланышы үчүн тиешелүү шарттарды түзүүгө контролду жүзөгө ашырат;

-багып алуучуларга, камкорчуларга, асырап алуучу үй-бүлөлөргө, ошондой эле жетим балдардын жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын ичинен балдар интернаттардын (ИТБМ) бүтүрүүчүлөрүнө социалдык колдоо көрсөтөт;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеген балдардын мониторингин жана баалоо мониторингин жүзөгө ашырат;

зарыл болгон учурда аныкталган ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы (ДМЧ) психологиялык-медициналык-педагогикалык консультацияга жиберет;

-реабилитациялоонун жеке планын (мындан ары — РЖП) ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, райондук мамлекеттик уюмдар менен өз ара аракеттенет;

-жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу, ошондой эле мыйзам менен чыр-чатактардагы балдарды социалдык жактан реабилитациялоо боюнча чараларды көрөт;

-балдарды балдар эмгегинин эң начар формаларына тартууга жол бербөө боюнча чараларды ишке ашырат;

-Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында профилактикалык каттоодо турган балдарга жана үй-бүлөлөргө мониторингди жүзөгө ашырат;

-тиешелүү башкармалыкта ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалымат базасын түзөт жана жүргүзөт;

-менчиктин бардык түрүндөгү ИТБМнин маалыматтык-аналитикалык системасын жүргүзүү боюнча ишти координациялайт;

-турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын жана үй-бүлөлөрдүн маалыматтар базасын координациялайт, түзөт жана жүргүзөт;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Министрликтин тапшырмаларынын чегинде балдарды коргоо жана үй-бүлөнү колдоо жаатындагы башка функцияларды аткарат;

-үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча аймактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз ара аракеттенет жана методикалык жардам көрсөтөт;

-үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарды социалдык реабилитациялоого көмөк көрсөтөт.

Социалдык кепилдиктерди чектөө 

-мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик жөлөкпулдарды (16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон жарандарга (үй-бүлөгө көмөк) ай сайын берилүүчү жөлөкпул, пенсия алууга укугу жок адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул жана ата-энесинин экөө белгисиз балдарга ай сайын берилүүчү жөлөкпул) дайындайт.);

-2010-жылы жана 2021-жылдын апрелинде болгон кайгылуу окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыркаган жарандарга мыйзамда белгиленген тартипте ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындайт;

-мыйзамда белгиленген тартипте жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды дайындайт;

-мыйзамда белгиленген тартипте кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды жана расымдык жөлөкпулдарды (сөөк коюу үчүн) берет;

 

Социалдык кызмат көрсөтүү 

-Министрлик бекиткен методикага жана нускамага ылайык өзүнө караштуу башкармалыктагы калктын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарын баалоо боюнча иш-чараларды жүргүзөт;

-ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (ДМЧАлардын), социалдык колдоого муктаж улгайган жарандардын эсебин жүргүзөт;

-көрсөтүлгөн- кызматтардын сапатына мониторинг жана баа берүү үчүн маалыматтарды чогултат жана аларды каттайт;

-улгайган адамдарга (күндүзгү, геронтологиялык, реабилитациялык борборлор), анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жана үй-жайсыз адамдарга адистештирилген социалдык кызматтарды көрсөтүүнү уюштурууга көмөк көрсөтөт;

ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоонун жеке программасын (РЖП) ишке ашырууга көмөк көрсөтөт;

-ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга РЖП боюнча реабилитациялоо маршруту боюнча кеңеш берет;

-социалдык жардамдын Корпоративдик маалыматтык системасы (СЖКМС мындан ары — КИССП) аркылуу майыптарды жана улгайган жарандарды каттоону жүргүзөт жана социалдык стационардык мекемелерге (ССМ) жөнөтөт же үйүндө социалдык кызмат көрсөтүүнү уюштурат;

-КИССПке каттайт жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды санаториялык-курорттук жолдомолор жана коляскалар менен камсыздайт;

-ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жетим балдарга медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүүдө жардам көрсөтөт;

-туруктуу камкордукка жана көзөмөлгөе муктаж болгон ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы багуу боюнча жеке жардамчы кызматын көрсөтүүгө келишим түзөт;