НАРЫН ШААРЫНДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖАМААТТАРДЫН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Октябрь айынын акыркы жекшембиси Жергиликтүү жамааттардын күнү катары Кыргызстанда 2003-жылдан бери белгиленип келет.

Бул күндүн урматына кечээ, 31-октябрда Нарын шаардык мэриясы тарабынан салтанаттуу иш чара уюштурулду.

Майрамдык кечеге Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлчүлүгүнүн, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын, Нарын шаардык мэриясынын жана шаардык Кеӊешинин жетекчилери, аппарат кызматкерлери, Нарын шаарынын депутаттары, шаардагы бардык мекеме-ишканалардын жана Нарын районунун айыл ɵкмɵттɵрүнүн ɵкүлдɵрү чакырылып, аларга шаар мэри Эмилбек Алымкулов тарабынан шаардын 150 жылдык мааракесин ɵткɵрүүгɵ жигердүү катышкандыгы үчүн тереӊ ыраазылык билдирилди.

Жергиликтүү жамааттардын ар бирине Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеӊешинин Ыраазылык каттары тапшырылып, сый дасторкон үстүндɵ жакшы тилектер жолдонду.

Ошондой эле «Нукура» фестивалынын жыйынтыгы чыгарылып, биринчи орунга татыктуу болгон «Батыш» чɵлкɵмүнүн мекемелеринен турган топ 10 миӊ сом, экинчи орунду ээлеген «Чыгыш» жана «Борбор» чɵлкɵмдɵрүнүн топтору 8 миӊ сомдон акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Иш чарага катышкан Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов 150 жылдык маараке жогорку деӊгээлде уюштурулгандыгын баса белгилеп, Жергиликтүү жамааттар күнүнɵ карата Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Ардак грамотасын жана тɵш белгисин Нарын шаардык мэриясынын башкы адиси Эсентур Ѳмүралиевге, Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнɵ караштуу ɵз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасын Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курмановго, «Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруунун мыктысы» тɵш белгисин Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат кɵрсɵтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жетекчиси Эмилбек Чымылдаковго, КРѲнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн Ардак грамотасын Нарын шаардык мэриясынын оператору Жүрсүнбек Асанкожоевге тапшырды.

Добавить комментарий