Нарын шаарында Жогорку Кеңештин мыйзам долбоорлору талкуланууда

Бүгүн Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында, КР Жогорку Кеӊешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук ɵнүгүү боюнча комитетинин, Нарын шаардык Кеӊешинин депутаттарынын, ветеринардык адистердин  катышуусундагы «Ветеринария жɵнүндɵ» жана «КР Жер кодексине толуктоолорду киргизүү жɵнүндɵ» КР Мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча жыйын ɵтүүдɵ.

Аталган мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча жыйынды, КР ЖК Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук ɵнүгүү боюнча комитетинин тɵрагасы С.Нышанов ачты.

Талкуунун программасы боюнча, «Ветеринария жɵнүндɵ» КР Мыйзам долбоорунун максаттары жана негизги багыттары боюнча ЖК депутаты Т.Узакбаевдин маалыматы угулуп, мыйзам долбоору талкууга алынат.

Ошондой эле, «КР Жер кодексине толуктоолорду киргизүү жɵнүндɵ» КР Мыйзам долбоорунун максаттары жана негизги багыттары боюнча ЖК депутаты А.Кочкорбаевдин маалыматы угулган соӊ, бул мыйзам боюнча сунуш, пикирлер айтылып, талкуу жүргүзүлɵт.

Жыйындын аягында КР Мыйзам долбоорлору боюнча резолюциялар кабыл алынат.

Добавить комментарий