Нарын шаарында жогорку класстардын окуучуларынын жүрүм-турумдары, көз-караштары талкууланууда

Нарын шаарындагы орто мектептердин жогорку класстарынын окуучулары менен жолугушуулар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

2017-жылдын 30-январынан баштап 8-февралга чейин Нарын шаардык мэриясы тарабынан түзүлгөн графикке ылайык өтүп жаткан жолугушууларда,  адеп-ыйман балуулуктары, жүрүм-түрүм, өз-ара урмат-сый жана башка ой-пикирлер менен көз-караштарга сабырдуу болууга тарбиялоо жөнүндө өспүрүмдөр менен талкуулар жүрүп жатат.

Жолугушуулар Нарын шаардык мэриясынын, шаардык прокуратуранын, казыяттын өкүлдөрүнүн, “Адеп Башаты” коомдук фондунун, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, социалдык өнүгүү башкармалыгынын, ички иштер, билим берүү бөлүмдөрүнүн, “Биздин Тилек” жаштар кайрымдуулук фондунун тиешелүү кызматкерлеринин катышуусунда өтүүдө.

Добавить комментарий