НАРЫН ШААРЫНДА ЖОЛ КЫЙМЫЛЫН ЖӨНГӨ САЛУУ АРАКЕТТЕРИ УЛАНТЫЛУУДА

Нарын шаарынын борбордук базарынын айланасын ирээтке келтирүү, автоунаа кыймылын жөнгө салуу максатында А. Шуллер жана С. Орозбаков көчөлөрүнүн кесилишине бир комплект жол чырагы коюлду. Бул үчүн Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен 380 миң сом бөлүнүп берилди.

Буга ылайык С. Орозбаков көчөсүндөгү Т. Мамбеталиев туура көчөсүнөн С. Андабеков туура көчөсүнө чейинки аралык мурда бир тараптуу болуп келсе, эми эки тараптуу болуп ачылды.

Ошондой эле А. Шуллер көчөсүнүн Ленин көчөсүнөн С. Орозбаков көчөсүнө чейинки аралыгы да жол каттамы үчүн эки тараптуу болду. Ал эми А. Шуллер көчөсүнүн түндүк тарабы, тактап айтканда, С. Орозбаков көчөсүнөн Нарын дарыясына кеткен тарабы бир тараптуу айланма жол болду.

Учурда жогорудагы схемага ылайык сатуучуларды ирээтке келтирүү иштери жүрүп жатат.

Жакында жаңы окуу жылы башталат. Андыктан шаарыбыздын бардык айдоочуларына жана тургундарына кайрылаарыбыз, жол эрежесин жана жөө адамдардын коопсуздугун туура сактоого аракет кылсаңыздар!!!

Добавить комментарий